Мазмунга өтүү

Люксембург (шаар)

Отурукташкан жай
Люксембург
Герб
Герб
Өлкө Люксембург
Координаттар 49°36′42″ с. ш. 6°07′48″ в. д.HGЯO
Мэр Лиди Полфер
Тарыхы жана Географиясы
Аянты 51,73 км²
Борборунун бийиктиги 334 м
Убакыт аралыгы UTC+1, жайында UTC+2
Калкы
Калкы 103 641 адам (2013)
Этнохороним люксембургдук, люксембургдуктар
Сандык идентификаторлор
Расмий сайты шилтеме

Люксембург шаары (люксемб. Lëtzebuerg, фр. Luxembourg, нем. Luxemburg) – Люксембург Улуу герцогдугунун борбору. Альзет (Сюр дарыясынын куймасы) жана Петрюс дарыясынын боюнда, деңиз деңгээлинен 334 м бийикте жайгашкан. Калкы 75,2 миң (2010; Чоң Люксембургда 120 миң). Трансевропа жолундагы ири жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Металлургия, машина куруу, химия, тамак-аш–татымал, тигүү өнөр жай ишканалары иштейт. Эл аралык финансы борбору. Европадагы эң ири маданий очок. Эл аралык университет, Улуу герцог институту, консерватория, улуттук китепкана, натуралисттер коому, улуттук музей, театр, медицина коллежи, искусство жана кол өнөрчүлүк мектеби бар. Алгач 963-ж. ченде сепил катары эскерилет. 1244-жылдан шаар. Люксембург 1505–1684-ж. жана 1697– 1714-ж. Испанияга тиешелүү болсо, 1684–97-ж. жана 1794–1815-ж. Франциянын ээлик аймагынын курамына кирген. 1714–94-ж. Австриянын эзүүсү астында болгон. 1815-ж. Вена келишиминин чечими менен Люксембург Улуу Герцогдугу түзүлүп, ошол мезгилден анын борбору. Улуу герцогдун резиденциясы, Сен-Кирен капелласы (6- жана 15-к.), готика стилиндеги Сен-Мишель чиркөөсү (16-к.), ренессанс стилиндеги юстиция ак сарайы (16-к.), барокко стилиндеги Нотр-Дам собору (17-к.) сакталган. Ар кандай фестивалдар, карнавалдар, шарап майрамы жана эрте жазда ачылган гүлдөрдүн көргөзмөсү (апрелде) өткөрүлүп турат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7