Любляна

Отурукташкан жай
Любляна
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Словения
Координаттар 46°03′ с. ш. 14°30′ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү 17 район
Жупан Зоран Янкович
Тарыхы жана Географиясы
Биринчи белгиленген XII кылым
Мурунку аталышы Эмона, Лювигана, Лайбах
Аянты 163,8 км²
Борборунун бийиктиги 295 м
Климатынын түрү континенттик
Убакыт аралыгы UTC+1, жайында UTC+2
Калкы
Калкы 287 000 адам (2015)
Агломерация 508 607 (2009)
Этнохороним любляналык, любланалыктар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +386 1
Автоунаа коду LJ
Расмий сайты http://www.ljubljana.si/
 (словен.)  (англ.)
Любляна.

Любляна шаары (словен. Ljubljana, айтылышы , нем. Laibach) – Словения Республикасынын борбору. Словениянын борбордук бөлүгүндөгү Любляна ойдуңунда жайгашкан. Крайна тарыхый облусунун административдик борбору. Калкы 257,7 миң (2010; калкынын көпчүлүк бөлүгү орус тилин жакшы билишет). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар.

Славяндардын тургун жайы катары 1144-жылдан белгилүү. 13-кылымдын 2-жарымынан шаар. 1335– 1918-ж. (1809–13-ж. мезгил-мезгили менен Иллирий провинциясынын административдик борбору) габсбургдардын бийлиги астында болгон. 1918-ж. Сербдердин, хорваттардын жана словендердин королдугу (1929–92-ж. Югославия) түзүлгөндөн Любляна – Словениянын, 1992-жылдан көз каранды эмес Словения Республикасынын борбору. Машина куруу, химия, фармацевтика, текстиль, тамак-аш, булгаары– бут кийим, жыгаччылык, кагаз, полиграфия өнөр жай ишканалары иштейт. Град сепили (9–19-к.), епископтордун барокко стилиндеги ак сарайы (16–18-к.), Ыйык Якоб (17-к.), урсулинкалардын Ыйык Троица (18-к.) чиркөөлөрү, Ыйык Николай собору (18–19-к.), ратуша (18-к.), Антика Эмон шаарынын калдыктары (5-к.), 16–19- кылымдагы архитектуралык эстеликтер сакталган. Архитектор Й. Плечниктин улуттук колориттеги курулуштары, Революция аянтында ансамбль (1963–75), Словениянын Илимдер жана искусство академиясы, университет (1595), улуттук этнографиялык музей, улуттук галерея жана башкалар бар. Эл аралык ярмаркалар, фестивалдар өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7