Болгарлар

Википедия дан

Болгарлар - улут, Болгария Республикасынын негизги калкы. Украина, АКШ, Молдова, Россия, Румыния, Грекия, Түркия, Венгрияда да жашашат. Калкынын саны Болгарияда [6,7 млн (2001)]. Болгар тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери негизинен православие дининде, айрымдары гана католик, протестант, мусулман. Болгарлар сербдер жана хорваттар менен бирге түштүк славяндар катары эсептелет. Болгарлардын этностук негизин фракийлер (Чыгыш Балкан жаңы аймагынын байыркы жашоочулары) жана түрк тилдүү протоболгарлар (670-ж. Кара деңиз боюнан келишкен) менен ассимиляцияланган славян уруулары (6-7-кылымда Балканга көчүп келишкен) түзгөн. Түрк тилдүү протоболгарлар менен славяндардын биригиши (7-кылым) Болгар мамлекетинин пайда болушуна өбөлгө түзүп, ал Болгария деп аталган. 8-9-кылымда тунгуч Болгар падышалыгы түзүлүп, Болгарлардын славян тилдүү бир элге айланышына, акча-товар мамилелеринин өнүгүшүнө, славян урууларынын консолидацияланышына түрткү берген. Болгарлардын эл катары калыптанышына 865-ж. христиан динин кабыл алышы жана славян жазмасынын таркалышы маанилүү роль ойногон. Экинчи Болгар падышалыгынын мезгилинде (12кылымдын аягы 14-кылым) Болгарлардын маданияты жогорку деңгээлде өнүккөн. Болгарлардын түрк үстөмдүгүнө (14-кылым аягы 19-кылымдын экинчи жарымы) каршы улуттук-боштондук күрөшү кайрадан улуттук биримдикке алып келген. 1877-1878-ж. орус-түрк согушунда Россиянын жеңиши менен болгар эли көзкаранды эместикке жетишип, мамлекеттүүлүккө ээ болушкан. Болгарлар дыйканчылык, мал чарбачылык менен кесиптенишип, кыштан салынган 2-3 кабаттуу үйлөрдө жашашкан. Аялдар туника сыяктуу көйнөк, жеңсиз кемсел, алжапкыч, улгайгандары сарафан (сукман) кийишип, белине эндүү кездемеден жазы кур курчанып, башына жоолук салынат. Эркектери туника сыяктуу көйнөк, кенен шым, тизеге чейин жеткен кемсел кийишип, жазы кур курчанышат. Тамак-ашы жашылча кошуп бышырылган эт тамактары, сүт, дан азыктары, жашылча, жер-жемиштер. Суусундук катары кофе, бозо колдонулат. Болгарлар өздөрүнүн көптөгөн байыркы улуттук майрамдарын сактап калышкан. Мисалы, Сурва година (Жаңы жыл), 1-Март Жаз майрамы жана башкалары

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]