Ыспан тили

Wikipedia дан
(Испан тили барагынан багытталды)

Ыспан тили – Ыспандардын жана Латын Америкасындагы көпчүлүк элдердин тили. Ыспаныя Королдугунун (анын ичинде Түндүк Африкадагы Сеута жана Мелилья анклавдарынын), Түштүк Америкада Гватемала, Гондурас, Коста-Рика, Никарагуа, Панама, Сальвадордун расмий, Аргентина, Венесуэла, Колумбия, Парагвай, Перу, Боливия, Уругвай, Чили, Эквадордун тең расмий тили (жергиликтүү тилдер менен катар). БУУнун ырасмий жана жумушчу тилдеринин бири. Ыспан тили роман тил тобуна кирет. Ыспания аймагы эки негизги диалектилик ареалга бөлүнөт: Түндүк (кастилия, арагон-каварра ж. б. диалектилер) жана түштүк (андалус, канар ж. б. диалектилер). Ыспан адабий тили кастилия диалектисинин негизинде түзүлгөн. Грамматикалык түзүлүшү боюнча жөнөкөйүрөөк: зат жана сын атоочтор жөндөлбөйт, сөз ирети француз тилине караганда эркин келет. Башка роман тилдериндегидей эле ыспан тилинде этиштин формалары да бар. Ыспан графикасы латын алфавитинин негизинде. Жазуусунда тыбыштык принцип алынган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]