Мазмунга өтүү

Парагвай

Википедия дан

Парагвай Республикасы
исп. República del Paraguay
гуар. Tetã Paraguái

Герб
Туу Герб
Урааны: ««Paz y justicia» «Тынчтык жана адилеттүүлүк»»
Гимн: «Paraguayos, República o Muerte»
Эгемендүүлүк күнү 15-май 1811-жыл

Испаниядан)

Расмий тили Испан тили, Гуарани тили
Борбор шаары Асунсьон
Ири шаарлар Асунсьон, Сьюдад-дель-Эсте
Башкаруу формасы Президенттик башкаруу системасы
Президент
Вице-президент

Мам. дини Динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
59-орун - дүйнөдө
406,752 км²
2,6
Калкы
• Бааланган (2024)
Жыштыгы

6,218,879[1] адам (113-орун)
15 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы

124,568 млрд [2] $
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

46,667 млрд $
7,504 $
АДӨИ  0,717 [3] (төмөн) (105-орун)
Этнохороним парагвайлык, парагвайлыктар
Акча бирдиги Парагвай гуараниси
ISO коду PY
ЭОК коду PAR
Телефон коду +595
Убакыт аралыгы UTC -04:00

Парагуа́й (исп. Paraguay, гуар. Paraguái) официалдуу аты — Парагуай Республикасы — (тили|исп. República del Paraguay [reˈpuβlika ðel paɾaˈɣwai], гуар. Tetã Paraguái)Түштүк Америкадагы мамлекет, океанга чыга албай турган. Түштүктө Аргентина, Түндүктө Боливия, батышта Бразилия менен чектешет.

Гуарани тилинен которулганда «парагуай», «Улуу дарыядан» деп которулат, дарыя Паран тууралуу айтылат. Түштүк Американын борборунда жайгашкан үчүн, аны «Американын жүрөгү» болуп эсептелинет (исп Corazón de América)

Парагвай – Бириккен Улуттар Уюму (1945), Эл аралык валюта фондунун (1945). Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1945), Эл аралык атом энергетикасы агенттигинин мүчөсү.

Парагуайдын дипломатиялык мамилелери.

Мамлекеттик түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Парагвайунитардык мамлекет. Конституциясы 1992-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы – президент. Ал – аткаруу бийлигин жүзөгө ашырат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу (Сенат жана Депутаттар палатасы) Конгресс. Парагвайда көп партиялуу система орун алган. Негизги саясий партиялары: Улуттук-республикалык ассоциация («Колорадо») партиясы, Учурдагы Либералдык-Радикалдык партия, Этностук жарандын Улуттук союзу, Сүйүктүү Ата Мекен, Өзгөртүү үчүн патриоттук Альянс ж. б.

Аймактык бөлүнүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Парагуайдын акимий бөлүнүшү.

Аймагынын көбүн аллювий түздүгү, түштүк-чыгышын Бразилия тайпак тоосу, түндүк-батышын Гран-Чако түздүгү ээлейт. Өлкөнү Парагвай дарыясы экиге бөлүп агат. Дарыянын чыгышында Гран-Чако чөлдүү облусу (өлкөнүн аймагынын 60% и), батышын субтропик токойлору, түздүктөр ээлейт. Негизги кендери - марганец, жез жана темир кен таштары. Климаты тропиктик. Июлдун орточо температурасы 17-19°С, январдыкы 27-29°С. Жылдык жаан-чачыны 700 жжден (батышында) 2000 ммте чейин. Ири дарыялары: Парана, Парагвай ж. б. Улуттук парктары: Дефенсорес-дель-Чако, Тинфунке. Өсүмдүктөрү: аралаш токой, бадалдар, пальмалар, араукария, йерба (жалбырагынан парагвай чайы алынат) өсөт. Канаттуулардан фламинго менен бирказан (пеликан) мекендейт.

Негизинен парагвайлыктар (95%) жашайт. Мамлекеттик тили – испан жана гуарани тилдери. Көпчүлүгү католик (89,6%) динин тутат. Орточо жыштыгы 1 км2де 15,6 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектердики – 73 жаш, аялдардыкы – 79. Төрөлүүнүн деңгээли жогору (1000 кишиге 31,5 бала), өлүм-житим төмөн (1000ге 4,38; жаш балдардыкы жогору 1 000ге 24,1). Шаар калкы 60% (2008). Ири шаарлары: Асунсьон, Сьюдад-дель-Эсте ж. б.

Парагвай аймагын байыртадан индей уруулары (гуарани ж. б.) мекендеген. 1515-ж. Диас де Солис ачкан. 1535-ж. Парагвай Испания колониясына айланып, 1542-1640-ж. испаниялык Перу вице-королдугунун курамында. 17-кылымдан өзүнчө вице-губернатордук. 1610-ж. Испаниядан келген иезуиттер өз алдынча мамлекет негиздеп, 1768-ж. өздөрү өлкөдөн куулган. 1811-ж. испан колониячыларына каршы улуттук-боштондук күрөштүн негизинде Парагвай көз каранды эместикке ээ болгон. 1814-ж. бийликке X. Г. Франсиа келген. Ал бир катар агрардык реформаларды жүргүзгөн. Ээликтерин кеңейтүүнү көздөгөн ири державалар Парагвайды Аргентина, Бразилия жана Уругвай менен узак согушка (1865–70) түрткөн, мында Парагвай маанилүү аймактарынан ажырап, элинин саны азайган. Парагвайдын нефтисине көз арткан англисче жана америкалык монополиялардын атаандаштыгы Парагвай менен Боливиянын ортосунда нефть үчүн Чак согушунун (1932–35) чыгышына түрткү болгон. Согушта Парагвай жеңишке ээ болуп, бирок басып алган жерлеринде АКШнын корпорациясы иштеген. 1936-жылдагы Чак согушунан кийин бийликке Революциячыл фебрерист партиясы келген. Бирок ички келишпестиктен улам, реакциячыл күчтөр бийликке жетип, президент генерал X. Ф. Эстигаррибиа бардык саясий ишке тыюу салып, жеке бийлигин орноткон. Генерал И. Морингонун тушунда (1940) жеке бийлик күчөгөн. Элди нааразылыгы куралдуу күрөштөн жарандык согушка өсүп жеткен (1947). Парагвайдагы аскер төңкөрүштөрүнөн тажаган эл 1989-ж. аскер диктатурасына каршы саясий көтөрүлүшкө чыгып, жарандык өкмөт бийликке 2008-жылдан өлкө президенти - Фернандо Луго.

Парагвай – агрардык өлкө. Латын Америкасында өнөр-жай эн төмөнкү деңгээлде өнүккөн өлкөлөрдүн бири. Экономикасынын негизин мал чарбасы жана жыгач материалдарын өндүрүү түзөт. Ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 28,3 млрд доллар (АКШ, 2009), аны киши башына бөлүштүргөндө 4,1 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 59,6, айыл-чарбасыныкы 22,3, өнөр-жайыныкы 18,1. 2007-ж. 53,2 млрд кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Айыл-чарбага жарактуу жери өлкөнүн аймагынын У4 бөлүгүн ээлейт, анын 91% и шалбаа жана жайыт, 8%и айдоо. Пахта, бал камыш, соя, жүгөрү, буудай, маниок, шалы ж. б. айдалат. Негизги өнөр-жай тармактары: эт тоңдуруу, жыгаччылык, квебрахо жыгачынан тери өңдөөгө керектүү экстракт өндүрүү. Текстиль фабрикаларкалары, гидроэнергетика тармагы, цемент, кант заводдору ж. б. иштейт. Автомобиль жолунун узундугу 29,5 миң км, темир жолунуку 441 км. Негизинен соя, пахта, эт, өсүмдүк майы, жыгаччылык буюмдары, тери, электр энергиясы экспорттолот. Негизги соода шериктери: Бразилия, Кытай, АКШ, Аргентина, Россия, Чили ж. б.

Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону, башталгыч, орто, кесиптик-техникалык жана жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогорку калктын сабаттуулугу 75% ти түзөт (2012). Окутуу испан тилинде жүргүзүлөт. Эки университет; Асунсьон улуттук (1890), «Нуэстра Сеньора де ла Асунсьон» (1960), ошондой эле ири китепканалары, музейлери, илимий мекемелери бар. «Патрия», «Колорадо», «Паис», «Аделанте», «Трибуна» ж. б. гезит-журналдар чыгат. Радиоуктуруу 1967-жылдан, телекөрсөтүү 1969-жылдан иштейт. Парагвайдын белгилүү жазуучулары Хуан О’Лирии Сесилио Баэс, Мануэль Ортис Герреро чыгармаларын гуаран тилинде жазышкан. Улуттук драматургиянын негиз салуучуларынын бири – Хулио Корреа. Белгилүү акындары Эриб Кампос Сервера жана Эльвио Ромеро, романист Габриэль Каеаксия, Аугусто Роа Бастос, ошондой эле акын жана адабий сынчы Хосефина Пла Парагвайдын адабиятынын өнүгүшүнө зор салым кошкон. Парагвай индейлеринин искусствосунда кооз карапа идиш жасоо жана кийимге оймо-чийме салуу – байыртадан келаткан өнөр. Колония мезгилде Парагвай аймагында иезуиттер ондогон коргондуу кыштактарды курган. 17–18-кылымдарда иезуит архитекторлору (X. Б. Примоли, А. Фориада ж. б.) барокко үлгүсүндө таш храмдарды тургузушкан. 1840–65-ж. Асунсьондо курулуш иши кеңири жайылган. Шаар борбору кайра пландалып, коомдук имараттар, сарайлар тургузулган. Архитектурадагы неоклассицизм 1945-жылдан кийин гана азыркы стиль менен алмашылган. 19-кылымдын ортосунда алгачкы жергиликтүү сүрөтчүлөр (С. Риос, А. Гарсиа) өсүп чыккан. 20-кылымда эл турмушу жана тарыхы П. Альборнонун чыгармаларында чагылдырылган. Скульптурада В. Польяроло, офортто X. де ла Эррерия ж. б. иштешкен. Элдик искусстводо испан жана индей салттары айкалышкан. Байыркы гуарани индейлеринин өнүккөн музыкалык маданияты болгон. Булардын динге сыйынууну элестеткен бийи, жанры боюнча түрдүү (бир үндүү) ырлары бар. Музыкалык аспаптарына Пан флейтасы, ар кандай барабан ж. б. кирет. Креоль элдик музыкасында европалык музыкалык салт басымдуу. Кеңири тараган бийлери Парагвай полькасы, «Санта Фе», съело, солито, вальс ж. б. Профессионал музыкалык маданияты жай өнүккөн. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында алгачкы музыкалык мекемелер, коомдор, ассоциациялар уюшулган. Булардын негизинде 1934-ж. «Парагвай Атенеуму» түзүлгөн. Аеунсьондо музыкалык педагогикалык окуу жай жана менчик бир нече музыкалык окуу жайы бар.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. Paraguay has 6,109,644 inhabitants, according to the last Census (испанча)
  2. World Economic Outlook Database, October 2023 Edition. (Peru) (англисче)
  3. Human Development Report 2023-24 (англисче)

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]