Америка мамлекеттеринин уюму
Америка мамлекеттеринин уюму | |
англ. Organization of American States исп. Organización de los Estados Americanos порт. Organização dos Estados Americanos фр. Organisation des États américains | |
![]() ![]() | |
Мүчөлүк: |
35 мамлекет |
---|---|
Башкы кеңсе: | |
Ырасмый тилдери: | |
Негизделген | |
1948-жылдын 30-апрели |
Америка мамлекеттеринин уюму (англ. Organization of American States, исп. Organización de los Estados Americanos, порт. Organização dos Estados Americanos, фр. Organisation des États américains) ― Америка континентиндеги мамлекеттердин ортосунда 1890-жылдан баштап конференциялар уюштурулууда жана континенталдык проблемалар талкууга алынууда.
1948-жылы Боготада (Колумбия) болуп өткөн 9-конференцияда бул континенттеги түрлүү мекемелердин иштерин уюмдаштыруу жана координациялоо тууралуу чечим кабыл алынды. Ушинтип «Америка мамлекеттеринин уюму» түзүлдү. Мындан мурда 1890-жылы болуп өткөн 1-конференциядан кийин «Панамерика биримдиги» курулган болчу. Бирок АМУ жүргүзгөн иштери боюнча бул уюмдан да таасирдүүрөөк болуп саналат.
Бул уюмга 22 өлкө мүчө болуп эсептелет. Алар: АКШ, Аргентина, Барбарос, Боливия, Бразилия, Венесуэла, Гаити, Гватемала, Гондурас, Доминик өлкөсү, Колумбия, Коста-Рика, Мексика, Никарагуа, Панама, Парагвай, Перу, Сальвадор, Тринитад жана Тобаго, Уругвай, Чили жана Эквадор. Мурун Куба да бул уюмга мүчө болгон, бирок кийинчерээк чыгарып салышкан.
Уюмдун уставына ылайык, уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы пикир келишпестиктер тынчтык жолу менен чечилет. Бул өңдүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн ортомчу дайындалып, сотко кайрылышат же болбосо келишпөөчүлүктөр Гаага Эл аралык сотунда каралат. Мындан башка көптөгөн, ар түрдүү көйгөйлөрдү чечүү жолдору уставда белгиленген.
АМУнун жогорку башкаруу органдары — Башкы ассамблея, Туруктуу кеңеш, Тышкы иштер министрлеринин консультативдик кеңеши, Башкы катчылык.
Мындан тышкары Коопсуздук кызматы боюнча кеңешме комитети аттуу дагы бир орган белгилүү. Уюмдун жана уставдын болушуна карабастан, мүчө өлкөлөрдүн кээ бирлеринин ортосунда келишпөөчүлүктөр жана араздашуулар болууда. Мындан тышкары алардын ортосунда чечилүүгө тийиш болгон көйгөйлүү маселелер жаралууда.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9