Гватемала

Википедия дан

Гватемала – Борбордук Америкадагы мамлекет. Түндүгүнөн жана батышынан Мексика, түндүк-чыгышынан Белиз, түштүк-чыгышынан Сальвадор жана Гондурас менен чектешет. Чыгышын Кариб деңизи, түштүк-батышын жана түштүгүн Тынч океан чулгайт. Аянты 108,9 миң км2. Калкы 12,7 млн (2006); калкынын саны боюнча Борбордук Америкадагы ири өлкө. Мамлекеттик тили испан тили. Борбору Гватемала шаары Акча бирдиги кетсаль. административдик-аймактык жактан 22 департаментке бөлүнөт. Гватемала БУУнун, ЮНЕСКОнун, Эл-аралык атом энергиясы агентчилигинин, Эл-аралык валюта фондунун, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2002): сактоо уюмунун, Эл-аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын, Эл-аралык олимпия комитетинин жана башка мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гватемала унитардык мамлекет. Конституциясы 1985-ж. 31-майда кабыл алынган. Башкаруу формасы президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы бир палаталуу Республика конгресс. Аткаруу бийлигин президент жетектеген өкмөт жүзөгө ашырат. Саясий партиялары: Улуттук прогресс партиясы, Гватемала Республикалык фронту жана башка. Гватемаланын рельефи тоолуу. Өлкөнүн түндүгүн акиташтегинен турган Петен тайпактоосу ээлесе, түштүгүндө Тынч океанды бойлой кууш ойдуңдар созулуп жатат. Эң ири тоо системасы Сьерра-Мадре, ал көптөгөн жанартоолордон (андан ичкери аракеттегилери да бар) турат; эң бийик жери Тахумулько жанартоосу (бийиктиги 4220 м). Жертитирөөлөр тез-тез болуп турат. Климаты тропиктик, пассаттык-муссондук, жумшак. Тоолуу аймактарында жылдык орто температурасы 20°С, бийик тоолорунда 8-13°С. Жылдык жаан-чачыны туюк тоо аралык ойдуңдарда 500 мм, түштүкчыгышында 2000 мм, тайпактоолордо 3500 мм. Негизги дарыялары Мотагуа, Полочик. Көлдөрү: Исабаль, Атитлан, Амантитлан жана башка Гватемала Борбордук Америкадагы өлкөлөрдөн бай флорасы менен өзгөчөлөнүп, көптөгөн эндемиктер кездешет. Кызыл-сары, кызыл ферраллит топурагы басымдуу. Аймагынын жарымынан көбүн дайыма жашыл токой каптап жатат. Түндүгүндө эмен жана кызылкарагай, түштүгүндө жалбырагы күбүлмө токой жана саванна өсөт. Кенбайлыктарынан коргошун, никель, вольфрам, хром, цинк, күмүш казылып алынат, ошондой эле нефтинин да запасы бар. Жалпы аянты 2,5 млн га болгон коргоого алынган 73 табигый аймагы бар, андан ичкери Сьерра-де-лас-Минас жана Майя биосфералык резерваттары [анын аймагында Тикаль (Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген), Рио-Дульсе, Атитлан улуттук парктары] уюшулган. Негизинен аргындар (55%), ошондой эле индейлер, европалыктар жана башка улут өкүлдөрү жашайт. Көпчүлүгү католиктер, кийинки мезгилде протестанттар көбөйүүдө. Орто жыштыгы 1 км2 жерге 117 киши. Калкынын жашынын орто узактыгы: эркектериники 67,6, аялдарыныкы 71,2 жашаары Шаар калкы 39,9%. Ири шаарлары: Гватемала, Кесальтенанго.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биздин заманга чейинки 2-миң жылдыкта Гватемала аймагында индей уруулары жашап, дыйканчылык (жүгөрү, агава, пахта) жана мергенчилик менен кесип кылган. Аларда курулуш, архитектура, астрономия, жазуу жакшы өнүккөн. Биздин замандын башында Петен-Ица көлүнүн түндүк-чыгышында жогорку деңгээлде өнүккөн майя цивилизациясынын борборлорунун бири болгон шаарлар пайда болгон. Гватемаланын аймагында майя жазуусу иштелип чыккан. 15-кылымдын аягында уруулардын өзара согушунан Гватемаланын экономикасы жана мадабияты төмөндөгөн. Америкадагы испан колонияларынын көзкаранды эместиги үчүн согушунун (1810-26) жүрүшүндө Гватемала 1821-ж. Испаниянын эзүүсүнөн бошотулган. 1823-ж. Борбордук Американын бириккен провинцияларынын федерациясынын курамына кирген. 1839-ж. федерация жөнүндөгү пакт жоюлуп, өзалдынча бир нече республика (Гватемала, Гондурас, Никарагуа, Саль вадор жана Коста-Рика) түзүлөт. Плантациялык ири чарбалардын өнүгүшү менен Гватемалада капит. мамилелер калыптана баштайт. 1898-ж. М. X. Эстрада Кабрера катаал диктатура режимин орнотот. АКШ 20-кылымдарда Гватемаланын банандуу мыкты жерлерин, темиржолдорун, портторун ээлеп, «мамлекет ичиндеги мамлекет» курат. Өлкөдө 20-жылдары улуттук-боштондук жана демократиялык кыймыл кулач жаят. 1931-ж. генерал X. Убиконун аскердин диктатурасы орнотулат. Өлкөдө репрессия күч алган. 2-дүйнөлүк согуш мезгилиндеги улуттукбоштондук кыймыл X. Убиконун кулашын шарттап, 1944-54-жылдагы революциянын жеңишине алып келди. X. Аревало (1945-51) менен Арбенс Гусмандын (195154) өкмөттөрү демократиялык конституция кабыл алып, агрардык реформа жүргүзө баштаган, демократиялык эркиндик жана башка социалдык инстититуттар калыбына келтирилген. 1954-85-жылдар аралыгында бир нече аскердик төңкөрүштөр болуп өткөн. Өкмөттүк аскерлер менен Улуттук революциялык биримдик уюмунун ортосундагы 30 жылга созулган куралдуу кагылыштар 1996-ж. токтогон. 1995-ж. ноябрда аралы Арсу Иригойен президенттикке шайланган. 2004-ж. январда президенттик постко О. X. Р. Бергер Пердомо шайланды.

Маданияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гватемала агрардык өлкө. ИДПнин көлөмү 62,97 млрд доллар (2005, АКШ); аны киши башына бөлүштүргөндө 5200 доллардан туура келет. ИДПде тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 58,1%, айыл, токой жана балык чарбаларыныкы 22,8% , өнөржайдыкы 19,1%. Негизги айыл чарба өсүмдүктөрү: кофе, банан, кардамон, гозо; өз керектөөлөрү үчүн жүгөрү, шалы, буурчак өстүрүлөт. Аймагынын 12,5%ин айдоо аянты ээлейт. Мал чарбачылыгы өнүккөн. Балык кармалат (негизинен креветка). Баалуу тропик дарактары жана чикле чайыры (сагыз өндүрүшү үчүн) даярдалат. Туз казылып алынып, иштетилет. 2003-ж. 6,9 млрд кВтс электр энергиясы өндүрүлгөн. Тамак-аш татымал, булгаары, текстиль, нефть-хим. өнөржай ишканалары, нефть ажыратуу, болот-прокат заводдору иштейт. Деңиз соода флотунун тоннажы 353 миң о дедвейт. Темиржолунун узундугу 1139 км, автомобилдики 14 миң км, ички суу жолунуку 260 км (жыл бою кеме жүрөт). Деңиз порттору: Пуэрто-Барриос, Сан-Хосе, Чамперико. Нефть куурунун узундугу 480 км (2004). Негизги соода шериктери: АКШ, Мексика, Борбордук Америка өлкөлөрү, Германия. Туризм өнүгүүдө. Майя индейлеринин байыркы мадабияты Г. аймагында 2-9-кылымдарда гүлдөп өнүккөн (Борбордук Тикаль, Каминальгую, Киригуа; пирамида же мунара түрүндөгү храмдар, аксарайлар, алтарлар, жазылган жана оймо-чиймеленген карапа идиштер; таш, сөөктөн жасалган буюмдар). Мадабиятын бул салттары индейлердин көркөм өнөр колөнөрчүлүгүндө (кара, кызыл жана ак кездемелерге геом. оюу-чийүүлөр, жоолук жана курларда адамдар менен айбандардын келбеттери; эркектердин көйнөктөрүндө жана аялдардын кофталарында саймалар, карапа идиштердеги жазуулар, агава буласынан жана пальма жалбырагынан токулган буюмдар) сакталып калган. Колониялык мезгилде жаңы шаарлар өсүп чыкты (Антигуа, Чичикастенанго). Барокко стилиндеги жазы дубалдуу, мавритан мотивинде салынган курулуштар пайда болгон (арх. Л. Диес Наварро, Х. М. Рамирес). Күмүштөн, карапа же жыгачтан жасалып, алтын, күмүш, эмал, лак менен кооздолгон ыйыктардын өзгөчөлөнгөн статуяларын жасашкан. Живопись диндик мүнөздө өнүккөн. 19-20-кылымдарда реалисттик пейзаж жана турмуштук жанр өнүккөн. Индейлердин турмушу жөнүндө сүрөтчүлөр Т. Фонсен, Р. Ласо, Х. Сисай-Сисай жана башка тартышкан.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]