Панама

Wikipedia дан

Панама, Панама Республикасы – Борбордук Америкадагы мамлекет. Панама мойногунун жээгинде жайгашкан. Чыгышынан жана түштүк-чыгышынан Колумбия, батышынан Коста-Рика менен чектешет. Түндүгүнөн Кариб деңизи, түштүгүнөн Тынч океан чулгайт. Аянты 75,4 миң км2. Калкы 3,4 млн (2011), элинин негизин панамалыктар түзөт. Ошондой эле түндүк-батышында жана түндүк-чыгышында индейлер, чибча (гуйами, куна ж. б.), түштүк-чыгышында чоколор (амбера ж. б.) жашайт. Динге ишенгендери – католиктер. Протестанттар да бар. Расмий тили – испан тили. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники - 72 жаш, аялдарыныкы - 78. Төрөлүүнүнүн денгээли орточо (1000 кишиге 24,1), өлүм-житим төмөн (1000ге 4,8, жаш балдарыныкы жогору, 1000ге 16,0). Административдик- аймактык жактан 9 провинцияга бөлүнөт. Борбору – Панама шаары Шаар калкы 73%. Ири шаарлары: Колон, Бальбоа, Панама. Акча бирдиги – АКШ доллары. Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2010)

Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Панама унитардык мамлекет. Конституциясы 1972-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу Улуттук ассамблея. Панамада көп партиялуу система орун алган. Негизги саясий партиялары – Демократиялык революциялык партия, Панама улуттук партиясы, Демократиялык өзгөрүү партиясы ж. б.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Жери негизинен тоолуу. Климаты субэкватордук, Кариб деңизине караган капталдары нымдуу. Айлык орточо температурасы 25- 28°С. Жылдык жаан-чачыны 3500 жлгечейин. Эң ири дарыясы – Чагрес. Күлдөшкөн латерит топурагы басымдуу. Дайыма жашыл, түштүк-батышында жалбырагы күбүлмө токой өсөт. Улуттук парктар (Дарын ж. б.), резерваттар, токой заказниктери уюштурулган.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Байыртадан Панама аймагын индей уруулары (куна, чоко, гуайям ж. б.) мекендеген. 1509-ж. испандар Дарьен булунунун жээгинде жаңы колония ачып, 1519-ж. Панама шаарын негиздешкен. 19-кылымдын 1-чейрегинде испан бийлигине каршы күрөш башталып, 1821-ж. Панаманын көз карандысыздыгы жарыяланган. 1830-ж. Панама Жаңы Гранадага, 1886-жылдан Колумбияга караган. Панама мойногуна ээ болуу үчүн Улуу Британия менен АКШ аракеттенген. 1903-ж. 3-ноябрда АКШнын колдоосу жана демилгеси менен Панама республикасынын саясий көз карандысыздыгы жарыяланып, ошол эле айда Панама каналы жээгиндеги аймактар АКШнын көзөмөлүнө өткөн. 1959-ж. Куба революциясынын жеңишинен улам Панамада улуттук-боштондук кыймылы күчөп, Панама каналын кайтарып алуу талабы коюлган. АКШ 1903-жылдагы Америка – Панама келишимин кайра кароого аргасыз болгон. 1968-ж. Панамада аскер төңкөрүшү болуп, бийликке генерал Торрихос келген. Ал бардык саясий партияларды, улуттук ассамблеяны таратып, айрым реформаларды ишке ашырган. Пмда курулуш иштери (үй, көпүрө, жол ж. б. куруу) жанданып, өлкөнүн өз алдынчалыгын чыңдоо боюнча чаралар көрүлгөн. Ошондой эле 1999-жылдын 31-декабрына чейин Панама каналын Панама өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө келишим түзүүгө АКШны макулдаткан. 1981-ж. генерал Торрихос авиа кыйроодон өлгөн жана бийликке полковник Мануэль Норьега баштаган жарандык өкмөт келген. 1989-ж. 20-декабрда АКШ бийлиги Норьеганы наркотик сатууга катышкан деген күнөө менен бийликтен кетирген. 2009-ж. чейин өлкөнүн ички саясий абалы тынчыган эмес. 2009-ж. 3-майда «Демократиялык тандоо» либералдык партиясынын өкүлү Рикардо Мартинелли президенттикке шайланган. Экономикасынын негизин Панама каналын пайдалануу түзөт. 2009-ж. канал аркылуу 14,3 миң кеме өтүп, 198 млн т жүк ташылган. Ошондой эле Панаманын желегин 8,2 миңге жакын кеме колдонуп, 2008-ж. жалпы көлөмү 201 млн т жүк өткөн. Кирешенин көп бөлүгү «ынгайлуу желек» менен жүргөн соода кемелеринен, ошондой эле банк-финансы, камсыздандыруучу компаниялардан жана чет өлкөлүк туризмден түшөт. Ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 40,32 млрд АКШ долларын түзөт (2009). Аны киши башына бөлүштүргөндө 12,0 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 76,5, өнөр-жайдыкы 17,1, айыл-чарбасыныкы 6,4. 2008-ж. 6,2 млрд кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Кант, ром, жин өндүрүлөт. Тигилүү буюмдар, эмерек, тамак-аш – татымал (сүт, томат) өнөр-жайы иштейт. Балык жана жемиштер беленделет. Агрардык секторунда өсүмдүк өстүрүүчүлүк өнүккөн. Негизинен дарбыз, коон, ананас, банан өстүрүлөт. Салттуу өсүмдүктөрү – кофе, бал камыш. Негизги азыктары – жүгөрү жана шалы. Мал чарбачылыгы да бар. Балык жана деңиз азыктары даярдалат. Автомобиль жолунун узундугу (миң км менен) 11,08, темир жолунуку 76. Ири порттору: Колон, Бальбоа. Экспортко айыл-чарба азыктарын, балык жана креветка, эт, кант, металл буюмдары, кийим-кечек чыгарылат. Негизги соода шериктери: АКШ, Коста-Рика, Нидерланд жана Кытай. Панама элинин адабияты 19-кылымдын ортосуна чейин Колумбия адабиятынын негизинде өнүккөн. Бирок Колумбиядан бөлүнгөнгө чейин эле улуттук адабияттын пайда болушуна умтулушкан. X. Колунхе, Т. М. Фёйе, X. М. Алеман сыяктуу алгачкы романтик акындар чыккан. Модернизмдин өкүлдөрү Д. Эррера, Г. Андреве, Л. А. Сото ж. б. улуттук маданияттын өнүгүшүнө салым кошкон. Француз символисттеринин жана «парнасчылдардын» жолун жолдошкон. Авангардчыл акындар Р. Синан («Толкун», 1929), Р. X. Лауренс ж. б. формализм багытына басым коюшса, Д. Кореи, Д. Эррера Севильяно ж. б. чыгармаларында социалдык курч маселелерди чагылдырышкан. Прозада И. де X. Вальдес, Э. Уэра М. А. Родригес, X. Б. Coca ж. б. айыл жана кыштак турмушуна кайрылышкан. 2-дүйнөлүк согуштан кийин бир топ акын-жазуучулар (С. А. Канданедо, Р. Осореса, М. Риера, X. Беленьо ж. б.) аңгемелеринде жана ырларында, романдарында социалдык адилетсиздик маселелерин көтөрүшкөн. Драматургияда X. де X. Мартинес «Коркунучтуу сот» (1968) ж. б. чыгармаларын жаратты. Панаманын байыркы маданияты (16-кылымга чейин) Мексиканын маданияты менен Борбордук Америка өлкөлөрүнүн маданият менен карым-катнашта калыптанган. Коло ниялык мезгилдеги шаарлары (Панама, Портебело) ар кандай курулуштар, рыноктор, кампалар, бажы үйлөрү менен толукталган. 20-кылымда Панама менен Колонн шаарында ошол кездеги АКШ архрасынын таасириндеги комплекстер жана имараттар пайда болгон. 20-кылымдын сүрөт искусствосундa Р. Люистин аллегориялык монументтик чиймелери, X. М. Ульонанын экспрессиялык скульптурасы, X. Ф. Аросеменанын пейзаждары менен натюрморттору; Ф. Р. Карчеранын эл турмушуна арналган ксилографиясы белгилүү. Панаманын кийинки замандагы искусствосу кубизимдин (С. Одубер), сюрреализмдин (П. Руньян), попарттын таасиринде өнүккөн. Өлкөнүн борбору Панама шаарында собор жана чиркөөлөр (17-кылым), 1671-ж. пираттар тарабынан өрттөлгөн, эски Панаманын урандылары (16–17-кылымдар) бар. Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону, башталгыч, толук орто, кесиптиктехникалык жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Мамлекеттик жана менчик окуу жайлары бар. 15 жаштан жогорку калктын сабаттуулугу 70% ти түзөт (2012). Окутуу 15 жашка чейин акысыз жана испан тилинде жүргүзүлөт. Панама университети (1935) жана «Санта-Мария ла Антигуа» католиктик университети (1965), ошондой эле ири китепканалар, музейлер, илимий мекемелери бар. «La Prenza», «Panama News», «El Siglo» ж. б. гезит-журналдар чыгарылат. Радиоуктуруу 1959-жылдан, телекөрсөтүү 1960- жылдан иштейт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]