Гваделупа

Википедия дан

Гваделупа - Франциянын деңиздеги алыскы депертаменти (1946). Кариб деңизиндеги Кичи Антил архипелагынын (Айдарым аралдар тобуна) борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Жакын жаткан аралдары менен (Мари-Галант, Дезирад, Ле-Сент, Сент-Бартельми, Птит-Тер, Сен-Мартин аралынын түндүк бөлүгү) Гваделупанын курамына кирет. Аянты 1,8 миң км2. Калкы 453,9 миң (2006). Административдик борбору Бас-Тер шаары Расмий тили француз тили. Калкынын 95% католиктер, 4%ке жакыны индуисттер жана салт болуп калган жергиликтүү динди туткандар. Административдик-аймактык жактан 3 округга бөлүнөт. Акча бирдиги евро.

Файл:Flag of Guadeloupe Changing Colors.gif
Гваделупанын желеги

Арал жөнүндө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гваделупа аралдары акиташ тоотегинен турган платодон (бийиктиги 130 мге чейин) жана жанартоо массивинен турат. Аракеттеги Суфриер жанартоосу бар (бийикт. 1467 м). Аралдарын шуру (коралл) рифтери курчап турат.

Гваделупа департаментинин картасы.

Климаты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Климаты тропиктик пассаттык. Жылдык жаан-чачыны 1500-2000 мм, тоолорунда 3000 мм. Февралдын орто температурасы 24°С, августтуку 27°С. Нымдуу дайыма жашыл тропик токою, мангр өсүмдүктөрү ээлейт, жалпы аянты 34,8 миң га келген коргоого алынган 8 табигый аймак уюштурулган (андан ичкери Гваделупа улуттук паркы). Кайра иштетүү өнөр жайы өнүккөн. Анын негизги тармагы ром жана кант өндүрүү. Жеринин 15% иштетилет. Балкамыш, банан, цитрус өсүмдүктөрү, коон, буурчак, маниок, баклажан жана башка өстүрүлөт. Мал чарбасы өнүккөн. Балык кармалат.

Файл:Flag of Guadeloupe Changing Colors.gif
Гваделупанын желеги

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1493-ж. X. Колумб тарабынан ачылган. 1674-ж. арал Франция ээлиги деп жарыяланган. 1810-ж. англичандар басып алган, бирок Париж келишими боюнча 1816-ж. Францияга кайтарылып берилген. 1946-ж. Франциянын «деңиздеги алыскы депертаменти» деген статуска ээ болгон. ИДПнин көлөмү 3,5 млрд долларды (АКШ) түзөт; аны киши башына бөлүшгүргөндө 7,9 миң доллардан туура келет (2003). ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 68%, өнөр жайыныкы 17%, айыл чарбаныкы 15%. Туризм (дайвинг, яхтинг жана башка; жылына 675 миң турист келет) активдүү өнүгүүдө. Темиржолу жок. Автомобиль жолунун узундугу 950 км (2003). Негизги порттору: Бас-Тер, Густавия, Пуэнт-а-Питр. Эл-аралык аэропорту бар. Сыртка банан, кант, ром, коон чыгарат. Сырттан азык-түлүк, отун, машина курууга керектүү продукция, кийим-кечек, күндөлүк керектелүүчү товарларды алат. Негизги соода шериктештери: Франция, Мартиника, АКШ (экспорт); Франция, Германия, АКШ (импорт).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]