Багама аралдары

Википедия дан
Багама аралдары.

Багама аралдары, Багама Аралдары Ынтымактыгы Вест-Индиядагы арал мамлекет. Флорида жарым аралынан түштүк-чыгышта, Куба аралынан түндүк-чыгышта жайгашкан. Багама аралдар архипелагынын көп бөлүгүн (700дөй арал) ээлейт. Аянты 13,87 миң км2. Калкы 321 миң (2005); калкынын 70%тен ашыгы Нью Провиденс, 15%тен ашыгы Чоң Багама аралдарында жашайт. Борбору Нассау шаары (Нью-Провиденс аралында). Шаар калкы 86%. Ири шаарлары: Нассау, Нью-Провиденс, Фрипорт. Акча бирдиги багама доллары.

Багама аралдары БУУнун (1973), Америка мамлекеттери уюмунун (1982), Эларалык валюта фондунун (1973) мүчөсү. Багама аралдары Шериктештикке кирет. Конституциясы 10. 7. 1973-ж. кабыл алынган. Башкаруунун формасы конституциялык монархия. Мамлекеттин башчысы британиялык монарх, анын жергиликтүү өкүлү генерал-губернатор. Закон чыгаруучу жогорку органы Эки палаталуу (сенаттар жана чогулуш палатасы) парламент. Негизги саясий партиялары: Прогрессивдүү либералдык, Эркин демократиялык улуттук кыймыл, 2002-жылдан Прогрессивдүү либералдык партия. Жери түздүктүү, бийикт. 60 мге чейин, карсттык рельеф кеңири таралган. Климаты тропиктик пассаттык. Айлык орт. температурасы 2124°Сден 32°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 1000-1600 мм. Туздуу көлдөр көп. Таза суу карст кудуктарынан алынат. Катуу шамал тез-тез болуп турат. Тикенектүү дайыма жашыл бадал, Андрос жана Чоң Абако аралында жалбырагы күбүлмө жана дайыма жашыл токой өсөт. Калкынын 85%ке жакынын багама креолдору (негр жана мулат) түзөт. Ошондой эле негр (гаитилик), АКШлык америкалыктар, англоканадалыктар, италяндар, гректер, еврейлер жана башка улуттар жашайт. Калкынын жашынын орто узактыгы: эркектериники 63,9, аялдарыныкы 70,3 жаш. Христиан [95%; андан ичкери 19% католик, 76% протестант (андан ичкери 32% баптистер, 20% англикандар, 6% методисттер жана башка)] динин тутат. 1492-жылы Х. Колумб аралды ачканга чейин аравактар жердешкен. Испандар аз убакыт ичинде индейлерди кырып, калгандарын Американын башка ээликтерине (кара жумушка) алып кетишкен. Ээн калган арал англичандардын көңүлүн буруп, 1629-жылы алгачкы кыштактар пайда болгон. 17-кылымда диний-саясий куугунтуктоодон качып келген англичандар тарабынан кеңейген. Испания деңиз каракчыларынан жабырланып келишкен. 1720-жылы капитан В. Рожерс каракчыларга сокку берген. 1782-жылы арал испандыктарга берилип, бирок Версалъ тынчтык келишими боюнча 1783-жылы Улуу Британияга өткөн. 1838-жылы кулчулук жоюлган. 19-кылымдын аягына чейин экономикасы деградацияга учураган. Кийинчерээк курорт-турист бизнеси өнүгүп, аралдын өнүгүүсүнө шарт түзүлгөн. 1973-жылдын 10-июлунан көз карандысыз мамлекет. Ички дүң продукциясынын көлөмү 5,3 млрд доллар (АКШ, 2004). Ички дүң продукциясынын 90% тейлөө чөйрөсүнө, 7% өнөржайына, 3%ти айыл чарбасына таандык. Экономикасынын негизин чет элдик туризм, офшор финансы кызматы жана деңиз кемелерин каттоо түзөт. Эларалык аэропорт, ири отелдер, жаңы курорт райондору курулган. Багама аралдары кооз пляждары, тропик өсүмдүктөрү менен дүйнөгө белгилүү; «Бейиш аралы» (Парадайз Айленд; Нассау шаарынын гаванында жайгашкан) деп да аталат. Ошондой эле туристтерди кызыктырган «деңиз бакчасы», Шарлотта (1789), Финкасл (1793) форттору, «Адастра Гарднз» ботан. багы бар. 2004-жылы 4,4 млн турист келип, андан түшкөн киреше 1,5 млрд долларды түзгөн. Туризимдин негизги түрлөрү: дайвинг, яхтинг, сёрфинг, виндсёрфинг. Багама аралдары дүйнөдөгү алдыңкы финансы борборлордун бири. Көптөгөн финансы компанияларынын 430дан ашык офшор банктары (36 өлкөнүн) бар. Алар салыктан жеңилдетилген. Өнөржай райондору Чоң Багама аралында жайгашкан. 1980-жылдан оор өнөр-жайлары жабылган. Тамак-аш («Бакорди» рому), текстиль, тигүү өнөр-жайлары иштейт. Чоң Инагуа жана Лонг-Айленд аралында туз, Сэнди-Ки аралына жакын арагонит (жылына 1 миң ò) казылып алынат. 2002-жылы 1,66 млрд кВт·с электр энергиясы өндүрүлгөн. Аймагынын 1%тен азыраагы иштетилет, 84%ин токой ээлейт. Чоң Абако, Чоң Багама аралында цитрус өсүмдүктөрү (лимон, грейпфрут; 2002-ж. 30 миң ò), Эльютер, Чоң Абако аралында тропик жемиштери (папайя, банан, ананас), эрте бышчу жашылчалар (бадыраң, калемпир, томат, негизинен Чоң Абакодо), гүлдөр жана кооз дарактар (АКШга экспорттолот) өстүрүлөт. Айыл чарба начар өнүгүп, азык-түлүк сырттан ташылат. Балкамыш плантациялары да (2003-ж. 56 миң 0) кескин кыскарган. Мал чарбасынын негизги тармагы үйкушун багуу (2002-ж. 3,5 млн). Деңиз жээктеринен балык, омар, ташбака кармалат. Туризмдин өнүгүшүнө байланыштуу салт болуп калган колөнөрчүлүк (сизаль, таштуу үлүлдөр, ташбаканын чопкутунан жасалган буюмдар) өнүккөн. Автомобиль жолунун узундугу 2,5 миң км (андан ичкери 1,45 миң км асфальтталган). Ири деңиз порттору: Нассау, Фрипорт (круизге чыккан кемелерди кабыл алат), Матью-Таун (Чоң Инагуа аралында). Сыртка ром, рак чыгарылат. Сырттан машина жана анын жабдууларын, азык-түлүк алат. Негизги сырткы соода шериктери: АКШ, Германия, Испания, Франция. Англиянын ээлиги болгондон баштап шаарлар пайда болгон. Монтегю (1741) жана Шарлотта (1780) фортторунун дубалдары, колониалык стилдеги архитектура сакталган. Өкмөт үйү (1803-06), Ыйык Матвей англикан (1800-04), Ыйык Андрей пресвитериан (1810) чиркөөлөрү бар. Улуттук фестивал «Жанка ну» өткөрүлүп турат. Вест-Индия университетинин филиалы (1965), коллеж (1974), жалпы элдик китепкана (1837-ж.), Жамби-Виллипс (1975), Помпей (1992, улуттук искусство), Лукай индейлеринин тарыхы, тарых музейлери бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]