Кения

Wikipedia дан
Кения.
Flag of Kenya.svg

Кения, Кения Республикасы – Чыгыш Африкадагы мамлекет. Түштүк-чыгышынан Инди океаны, түштүк-батышынан Виктория көлү жана чулганып, түндүгүнөн Судан жана Эфиопия, чыгышынан Сомали, түштүгүнөн Танзания, миң км2. Калкы 35,1 млн (2008). Борбору – Найроби. Расмий тили – англис жана суахили тилдери. Акча бирдиги – Кения шиллинги. Адм.-айм. жактан 8 провинцияга бөлүнөт. Кения – Бириккен Улуттар Уюмунун (1963), Шериктештиктин (1963), Африка союзунун (1963), Эл аралык Валюта Фондунун (1964), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Кения – унитардык мамлекет. 1963-ж. 12-декабрда Конституциясы кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы – президент (5 жылга шайланат). 35 жаштагы Кениянын жараны президенттикке шайланууга укуктуу. Мыйзам чыгаруу бийлиги – бир палаталуу парламент – Улуттук ассамблеяга таандык (5 жылга шайланып, 224 депутаттан турат) Өкмөт президент, премьер-министр (2008-жылдан) жана министрлерден турат. Кенияда көп партиялуу система орун алган. Саясий партиялары – Улуттук биримдик партиясы, Сары кызыл демократиялык кыймылы.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Кениянын аймагынын басымдуу бөлүгү Чыгыш Африка бөксө тоосунун түндүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги чыгышында 500 мден, батышында 1500 мге чейин. Бөксө тоонун борбордук бөлүгү аркылуу тектоникалык ойдуңдардын кууш тилкеси (Чыгыш Африка риф системасынын чыгыш тармагы) өтөт; ал ойдуңдардын айрымдарына суу толуп, көлдөр (Рудольф, Баринго, Магади) пайда болгон. Ойдуңдар чыгышынан жана батышынан бийик кырка тоолор (чыгышынан Абердэр, эң бийик жери 4000 м; батышынан Мау жана Элгейо, 3000 м), жанар тоо массивдери (5199 м, Кения чокусу – Кениянын эң бийик жери) жана лава платолору жана торолгон. Кениянын батыш бөлүгүн калдык тоолору бар бийик келки бөксө тоо ээлейт. Чыгышында бөксө тоо аккумуляциялык жээк түздүгүнө (жазылыгы 50–200 км) тепкичтенип түшөт.

Кениянын аймагы кембрийге чейинки кристаллдык жана метаморфизмделген тоо тектерден (гранит, гнейс, кварцит, кристаллдык сланец) түзүлүп, жаракалар зонасы кайнозой лавалары жана капталган. Жээк түздүктөрү мезозойдун жана неоген-төртүнчүлүк мезгилдин деңиз чөкмөлөрүнөн турат. Табигый сода жана флюорит кендеринин запасы мол; цемент, курулуш акиташ теги, диатомит, бентонит, каолин, вермикулит, гипс, талаа шпаты, айнек жана курулуш куму, баалуу таштардын (аметист, аквамарин, кордиерит, жашыл гранат, рубин, сапфир, турмалин) өнөр жайлык мааниси бар. Алтын, темир, ниобий, сейрек жер элементтери, коргошун, күмүш, никель, титанциркондуу оор кум чачыранды кендери да белгилүү. Геотерм ресурстарынын запасы да мол.

Кенияда субэкватор климаты үстөмдүк кылат; аймагы кыйла бийик жайгашкандыгына байланыштуу өтө ысык эмес, ным салыштырмалуу жетишсиз. Тайпак тоодо температуранын суткалык өзгөрүүсү зор, климаттын бийиктик алкактуулугу даана байкалат. Июлдун орточо темпрасы жээк бөлүгүндө 24–25оC, тоолуу аймактын борбордук бөлүгүндө 12–15оC, батышында 22оC; январдыкы ошол эле тартипте 27оC,14–18оC, 24оC. Экваторго жакын жаан-жачындуу 2 сезон (март— апрель жана ноябрь—декабрь) болот; түндүгүндө жана түштүгүндө жаан-чачындын жайкы максимуму даана байкалат. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү өлкөнүн эң кургакчыл түндүк-чыгышында 250 ммден батышында жана түштүк-батышында 1500–2000 ммге чейин. Кения тоосунда (4700–4800 м бийикте) төр жана өрөөн тибиндеги ондон ашык чакан мөңгү бар. Мөңгүлөрүнүн бардыгы чегинип баратат. Дарыялары сейрек, суусу аз; түндүгүндө жана түндүк-чыгышында агым айрым сезондо же мезгил-мезгили мн пайда болот. Ири дарыялары – Тана, Галана Инди океанынын алабына кирет. Өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү ойдуң суусу сыртка агып чыкпаган туюк облуска кирет. Көлдөрүнүн Викториядан башкалары (Викториянын акваториясынын чыгыш бөлүгү Кениянын чегинде) туюк, тектоникалык кыймылдан пайда болгон (Рудольф, Баринго, Магади ж. б.) көлдөр.

Аймагынын басымдуу бөлүгүн феррозём топурактары ээлейт, чыгышында жана түндүк-чыгышында шор жерлер да кездешет. Тоолоруна кызыл ферралит, Инди деңизин жээктей күңүрт түстөгү силитозём топурактары мүнөздүү. Флорасынын курамында татаал өсүмдүктөрдүн 6000 түрү бар; алардын 150дөн ашуун түрү сейрек жана жоголуп бараткандар. Токой жана сейрек токой өлкөнүн аймагынын 30%ин ээлейт. Эң кургакчыл түндүк жана түндүк-чыгыш бөлүктөрүнө тикендүү токой жана бадалдар, ксерофилдик сейрек токой мүнөздүү. Алар түштүктү карай өлкөнүн басымдуу бөлүгүн ээлеген чөлдөшкөн саваннага (ньикага) өтөт. Өлкөнүн нымдуу батыш бөлүгүндө негизинен экинчи жолку өскүлөң саванна жана парк сымал тараган токой басымдуу. Кениянын борбордук бөлүгүндө баалуу дарактарга бай дайыма жашыл нымдуу тоо токою, Кения жана Элгон тоолорунун кырларында африка-альп өсүмдүктөрү өсөт. Жээктей мангр токойлору кездешет. Кениянын жаныбарлар дүйнөсү өтө ар түрдүүлүгү жана өзгөчөлөнөт; анда сүт эмүүчүлөрдүн 400дөн, куштардын 1100дөн, сойлоочулардын 3б0тан, жерде-сууда жашоочулардын 75тен ашык түрү мекендейт. Саванналарда ар түрдүү туяктуулар көп; алар көңдөй мүйүздүүлөр (африка буйволу, гну антилопасы, орикс, топи, стенбок, бушбок, жейрен ж. б.), ошондой эле африка пили, кара керик, жираф, зебра ж. б.; жырткычтардан арстан, кабылан, кара кулак шер, каракал ж. б. кездешет. Саваннанын орнитофаунасына африка төө кушу, бүркүт-турна, тоодак ж. б. мүнөздүү. Рудольф көлүндө нил крокодилинин эң ири популяциясы бар.

Коргоого алынган көптөгөн табигый аймактар өлкөнүн 6% аянтын ээлейт; резерваттары: Амбосели, Масаи-Мара, Нгонг, улуттук парктары: МаунтКения, Найроби, Цаво ж. б.; деңиз фаунасын жана коралл рифинин экосистемасын коргоо максатында деңиз акваториясын коргоого алган 11 участок уюшулган. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине Рудольф көлүндөгү 3 улуттук парк, Маунт-Кения улуттук паркы кирет. Эл аралык маанидеги суулуу-саздак жерге 6 көл киргизилген. 1980-жылдын аягынан баштап Кениядагы жоголуп бараткан жаныбарлардын (африка пили, кара керик, хантер бубаласы ж. б.) түрлөрүн коргоо боюнча улуттук программа ишке ашырылууда.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Кениянын калкынын басымдуу бөлүгү (64,6%) — бантулар; алар негизинен өлкөнүн түштүгүн жана түштүк-чыгышын мекендейт. Батышта нилоттор (калктын з0,4%и), чыгышта жана түштүк-чыгышта кушиттер жашайт. Арабдар 0,3%ти, Европадан жана Америкадан келгендер 0,2%ти, ТүштүкЧыгыш Азиядан келгендер 0,5%ти түзөт. Калктын табигый өсүүсү 2,8% (2007). Төрөлүү (1000 адамга 39 бала) өлүм-житимден (1000 тургунга 11 адам) 2 эсе ашык. 15 жашка чейинки өспүрүмдөр 42,1%ти, эмгекке жарамдуу курактагылар (15–64 жаштагылар) 55,3%ти, 65 жаштан ашкандар 2,6%ти түзөт. Калктын орточо курагы 18,6 жыл. Эркектер жана аялдардын саны тең чамалаш. Күтүлгөн орточо жашы 55,3 жыл (эркектердики 55,2, аялдардыкы 55,4). Калктын орт жыштыгы: 1 км2 жерге 60,4 адам (2007); Түндүк-Чыгыш провинциясында сейрек (11,2 адам), Батыш провинциясында эң жыш (524,9 адам) отурукташкан. Шаар калкы 30%тей. Ири шаарлары (2007): Найроби (3038,6 миң), Момбаса (867,0 миң), Накуру (271,0 миң), Элдорет (239,7 миң), Кисуму (225,5 миң). Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,521 (дүйнөдөгү 177 өлкөнүн ичинен 148-орунда; 2005).

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Кения аймагынан адамзат тарыхынын эң байыркы эстелиги – Кооби-Фора тургун жайы, көп катмарлуу ашель маданияна жана неолит дооруна таандык тургун жайлар табылган. 1-миң жылдыктын ортосу ченде Кения аймагына бантулар отурукташып, эң жөнөкөй дыйканчылык, аңчылык жана мал чарбачылык жана кесиптенишкен, Инди океанынын жээгинде жашагандар соода (пил сөөктөрүн атма куралдарга, кол өнөрчүлүк буюмдарына алмашышкан) кылышкан. 7–8-кылымдарда суахили этностук жамааты калыптанып, арабдар жана алакалашып турган, 9–10-кылымдарда шаар-мамлекеттер (Манда, Пате, Малинди, Момбаса, Ламу шаарархипелагы ж. б.) пайда болуп, ислам дини тараган. 15-кылымдын аягында шаар-мамлекеттерди португалдар басып алган. 1696–99-жылдары Кения жээктери Оман имамынын карамагына өткөн. 1741-ж. Момбасада уюшулган жергиликтүү Мазруи араб-суахили кланы көз карандысыздыгын жарыялап, Кения жээк аймактарына бийлигин орноткон. 19-кылымдын башында Ламу жана Патеде Оман бийлиги калыбына келген. 1861-ж. Кения жээктери Занзибар султандыгынын курамына кирген. 19-кылымдын 1-жарымында Кенияда Европа мамлекеттеринин, баарынан мурда Улуу Британиянын экспанциясы башталган. 1886-ж. Улуу Британия жана Германиянын ортосунда Чыгыш Африканы бөлүштүрүү жөнүндө түзүлгөн келишимдин негизинде Кениянын көп бөлүгү Улуу Британияга караган. Кениянын бүткүл аймагы «британ королунун менчиги» деп жарыяланып, Кенияны колониялоо күчөгөн. 20-кылымдын башында европалык келгиндер мыйзамдуу түрдө жер ээси болушкан. Африкалыктар европалыктардын жеринде ижарачы катары гана жашап, алардын үлүшү 1 гадан ашкан эмес. Кения калкынын колониячыларга көрсөткөн катуу каршылыктарын британдык жазалоо экспедициялары аёосуз басып турган. 1920–40-жылдары Кенияда уюмдашкан алгачкы саясий кыймыл пайда болгон. 1924–25-жылдары Кикуйю ассоциация борбору, 1944-ж. Кениялык африкалыктар союзу (КАС) түзүлүп, европалыктар тартып алган жерди африкалыктарга кайтарып берүүнү талап кылган. 1952-ж. октябрда Кенияга британдык аскер күчтөрү киргизилип, колония саясатына каршы чыккан куралдуу көтөрүлүштү баскан (1957). КАСка тыюу салынып, лидерлери камалган. Бирок Улуу Британия Кенияга айрым жеңилдиктерди (жумушчулардын эмгек акысы көтөрүлгөн, саясий партиялардын ишине, африкалыктарга шайлоого катышуу укуктары берилген ж. б.) берүүгө аргасыз болгон. 1960-ж. Кениялык африкалыктардын улуттук союзу (КАУС) түзүлгөн.

1963-ж. 1-июнда Ж. Кениата жетектеген Кениянын биринчи өкмөтү уюшулган. 1963-ж. 12-декабрда Кения көз карандысыз мамлекет, 1964-ж. 12-декабрда Шериктештик курамындагы республика. болуп жарыяланган. Өлкө президенттигине Ж. Кениата, вице-президенттигине А. О. Одинга шайланган. Өлкөдө экономикалык жана агрардык реформалар жүргүзүлгөн. 1970-ж. коомдук-саясий иштердин бардык түрү мамлекеттик көзөмөлгө өтүп, партиялык жана мамлекеттик аппараттар биригип, Кениатанын жеке бийлиги чыңдалган. 1978-ж. Кениата өлгөндөн кийин Д. Т. арап Мои Кениянын президенти жана КАУСтун төрагасы, М. Кибаки вице-президенти болуп дайындалган. 1982-ж. Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип, өлкөдө бир партиялуу система орун алган. 2002-ж. оппозициялык партиялардын Улуттук коалициясы (лидери М. Кибаки) түзүлүп, 2002-ж. 27-декабрда президенттик шайлоодо жеңип чыккан. М. Кибаки Эл аралык Валюта фонду жана Бүткүл дүйнөлүк банк жана кызматташып, өлкөгө акысыз башталгыч билим берүүнү киргизген. 2003–05-жылдары оппозициялык партиялардын коалициясы Р. Одинга (А. О. Одинганын уулу) жетектеген Сары кызыл демократиялык кыймылына (СДК) бириккен. 2007-ж. президенттик шайлоо алдында Кибаки Улуттук биримдик партиясын (УБП) түзүп, шайлоодо жеңишке жеткен. Бирок оппозиция президенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарып, кайра шайлоо өткөрүү талаптары жана элди массалык каршылык көрсөтүү акциясына чакырган, натыйжада бир миңден ашык адам өлүп, 300 миңдей адам үй-жайсыз калган. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мурдагы генералдык катчысы К. Аннандын күч-аракети жана 2008-ж. февралдын аягында саясий кризис жөнгө салынган. Апрель айында СДК жана УБПнин өкүлдөрүнөн коалициялык өкмөт түзүү жана Одинганы премьер-министрликке дайындоо жөнүндө макулдашууга жетишилген.

Чарбасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 57,7 млрд доллар (2007), аны киши башына бөлүштүргөндө 1600 доллардан туура келет. ИДПнин накта өсүүсү 6,3%. Тейлөө чөйрөсүндө ИДПнин 59,5%и, айыл чарбасында 23,8%и, өнөр жайында 16,7%и түзүлөт. Өнөр-жайында минералдык сырьёлорду өндүрүүнүн мааниси зор: флюорит (экспорттун 17%и), сода (наркынын 63%и), алтын (11%, 616 кг), баалуу таштар (рубин, сапфир, турмалин, аметист). Ошондой эле Магади көлүнөн жана Инди океанынын жээгинен таш туз казылып алынат. Электр станцияларынын аныкталган кубаттуулугу 1,1 миң МВттан ашык (2005). Өндүрүлгөн электр энергиясынын өлчөмү 5,5 млрд кВт ˑс, өлкө ичинде керектелгени 4,5 млрд кВт ˑс (2005). Он ЖЭС, Тана дарыясында ГЭС, Найваша көлүнөн түштүктө геотермиялык ЖЭС иштейт. Кара металлургия импорттук сырьёнун негизинде: 4 болот прокат заводу, цинктелген болот тунике, галваника өндүрүшү иштейт. Автомобиль кураштыруу ишканалары, нефть иштетүүчү завод (импорттук сырьё) бар. Химия өнөр-жай кальцийлештирилген сода, автомобиль жана велосипед шиналарын (импорттук каучуктан) чыгарат. Жыгач иштетүүчү, эмерек даярдоочу ишканалар, өлкөдөгү эң ири целлюлоза-кагаз комбинаты, курулуш материалдар ишканалары иштейт. Цементтик жана курулуш акиташ теги, гранит, сланец, каолин, гипс, айнек жана курулуш куму ж. б. казылып алынат. Ири цемент заводдору иштейт. Текстиль, булгаары-бут кийим, тамакаш (эт-сүт, ун, кант, суусундук, пиво, чай, кофе), тамеки чыгаруучу өнөр-жай ишканалары өнүккөн.

Агрардык өндүрүшү өлкөнүн экономикасында маанилүү орунду ээлейт; ал негизинен экспорттук багытта. Өлкөнүн аймагынын 8%тен ашык аянтын айдоо жер, 40%тейин жайыт ээлейт. Айыл чарбага жарактуу жери негизинен өлкөнүн борбордук жана батыш бөлүктөрүндө; Кениянын түштүк-чыгышындагы жээк түздүктөрү дүйнөдөгү чай өндүрүүчү бирден бир регион болуп саналат (2005-ж. 295 миң т чай жалбырагы жыйналган; ал боюнча Кения дүйнөдө 4-, Африкада 1-орунда); 90%и экспортко чыгарылат. Экспорт үчүн ошондой эле бал камыш, жүгөрү, буудай, кофе, сизаль, пахта, пиретрум (Кения дүйнө өлкөлөрүнүн 70%ке чейинки муктаждыгын камсыз кылат), ички керектөөгө картөшкө, маниок, ананас, батат, жашылча, плантейн (жашылча банан), ак жүгөрү, таруу өстүрүлөт. Африкадан экспортко чыгарылуучу гүлдүн 60%и Кенияга таандык (негизинен роза, чеге гүл). 2004-ж. 26 млн үй кушу, 12 млн бодо мал, 12 млн эчки, 10 млн кой, 830 миң төө, 415 чочко болгон. Балык кармалат. Жыгач даярдоо өнүккөн; тез өсүүчү дарактар (кипарис, кызыл карагай, бал карагай (кедр), эвкалипт ж. б.) өстүрүлөт. Тейлөө чөйрөсүнүн туруктуу өнүккөн тармагы – чет элдик туризм (дарылоо-ден соолукту чыңдоочу — Инди океанынын жээгиндеги кумдуу пляждар, экологиялык – улуттук парктарды ж. б. кыдыруу); ал валютанын негизги булагы болуп саналат. Жыл сайын Кенияга 1 млнго жакын турист (негизинен Улуу Британия жана Германиядан) келет; туризмден түшкөн киреше 600 млндон ашык долларды түзөт. Банк-кредиттик система Кения Борбордук банкын, 50дөн ашык коммерциялык банкты, Британия банктарынын филиалдарын камтыйт. Найробиде өлкөдөгү эң чоң биржа иштейт (1954жылдан).

Транспорт тармагы өнүккөн; автомобиль жолунун узундугу 63,3 миң км, темир жолунуку 2,8 миң км. Негизги темир жол магистралы – Момбаса – Найроби – Тороро (Уганда жана чек арасы). Негизги порттору: Момбаса, Кисуму (Виктория көлүнүн жээгинде). Найроби, Момбаса, Элдорет шаарында эл аралык аэропорттор бар. Продукту өткөргүч кууру (уз. 894 км) Момбаса шаарындагы нефть кайра иштетүүчү заводдон Найробиге (андан ары Накуру аркылуу Элдорет, Кисумуга) чейин созулат. Өлкөнүн экспортунун наркы 3,8 млрд, импортунуку 7,6 млрд доллар (2007). Экспорттук негизги продукциялары: чай (наркынын 20%и), гүл, кофе, пиретрум, бал камыш, балык, цемент, минералдык сырьёлор (негизинен флюорит, сода, асыл таш сырьёлору). Экспорт боюнча негизги соода шериктери (2006): Уганда, Улуу Британия, АКШ, Нидерланд, Танзания, Пакистан. Бириккен Араб эмирликтеринен, Индия, Кытай, Сауд Арабиясынан, АКШ, ТАР, Улуу Британия, Япониядан машина, жабдуу, транспорт каражаттарын, нефть жа нефть продуктуларын, химия өнөр-жай продукцияларын сатып алат.

Маданияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Кениянын билим берүү системасы мектепке чейинки мекемелерди (3 жаштан 5 жашка чейин), милдеттүү түрдө акысыз башталгыч мектептерди (8 жылдык), орто мектептерди (4 жылдык), кесиптик-техникалык окуу жайларды жана Жогорку окуу жайларын (ЖОЖ) камтыйт. Калктын сабаттуулугу 15 жаштан жогору 59,2% түзөт (2005). Кесиптик-техникалык окуу жайлар, политехникалык, педагогикалык, юридикалык, медициналык ж. б. коллеждер (институттар), илимий мекемелер, ЖОЖдор, китепкана жана музейлер негизинен Найроби, Момбаса, Элдорет ж. б. шаарыда жайгашкан. Негизги ЖОЖдор: Нжородогу Эжертон университети (1939), Элдореттеги Мои университети (1984); Момбасада Калк китепканасы (1903), Кисум, Китал, Ламу ж. б. шаарларында Кения улуттук музейинин филиалдары, Руируда кофе (1949) жана Керичодо чай (1951) изилдөө, Тикеде Багбанчылык улуттук изилдөө (1955) борборлору бар. Жумасына «Kenya Gazette» (1898-жылдан) өкмөттүк басылмасы жана күнүгө «The Standart» (1902), «Daily Nation» (1959), «Kenya-Times» (1983), «Peoplees Daily» (1992) гезиттери англис, «Taifa Leo» (1960), «Taifa Kenya» (1958) ж. б. гезиттери суахили тилинде чыгат. Өкмөттүк маалымат агенттиги – Kenya News Agensy (KNA, 1963-ж. түзүлгөн). 1927-жылдан радио уктуруу, 1962-жылдан телеберүү иштейт.

Кениянын адабияты суахили жана англис тилдеринде өнүккөн. 17–18-кылымдарда алгачкы жазма (негизинен баатырдык, диний, дидактикалык поэмалар) эстеликтер суахили тилинде пайда болгон. Акындар Муяка бин Хаджи аль Гассани жана Мван Купондун чыгармачылыгы 19-кылымга таандык. Суахили прозасы 20-кылымдын ортосунан калыптана баштап, Ж. Н. Сомба, А. Жемаадара, С. Вамбуранын повесттери жаралган. 1952–56-жылдардагы Мау-Мау көтөрүлүшү П. Кареитанын «Белгиси жок мүрзө» (1969), П. Нгаренин «Өзүң айык» (1975), К. Сьямбонун «Жамандыктын кучагында» (1976) тарыхый романдарында чагылдырылган. 1970–80-жылдарда детектив жанры (3. Бурхани, С. Омар Саид чыгармалары) пайда болгон. Социалдык проблемалар Г. Левинин «Ачуунун кесепети» (1981) романында чагылдырылган. Кенияда англис тилиндеги адабият 20-кылымдын 1-жарымынан калыптанган: Парменас Мокери, М. Коинанге, Ж. Кениата, М. Гикару ж. б. Нгуги ва Тхионго, Ч. Вачиума, A. М. Иманьяра, Л. Нгуйи ж. б. тарыхый темага кайрылышкан. Ю. Давуддин реалисттик прозасы, ошондой эле саясий роман (В. Мутаха, Ф. Генга-Идова) ж. б. кеңири белгилүү болгон. 1960-жылдардан англис тилиндеги поэзия өнүгө баштап, анда социалдык, саясий, филос. лирика басымдуулук кылган. 1971-жылдан Найробиде «Африкалык акындар» сериясында антологиялар жана ыр жыйнактары жарык көргөн. «Өрөөндөгү жаңырык» (2000) деген чыгыш-африкалык поэзиянын антологиясында И. Макоха-Накайо, Н. Алусала, О. Орвенжо ж. б. Кения акындарынын чыгармалары камтылган. Кения аймагында орто кылымдарга таандык археологиялык эстеликтер (таштан курулган мал короо, үстүнө таш үйүлгөн мүрзөлөр, сугат каналдарынын издери ж. б.) сакталып калган. 7-кылымда араб тибинде салынган Геди, Малинди, Унгвана, Мнарани, Таква, Момбаса ж. б. ири шаарлар пайда болгон. Чарчы түрдөгү мечиттер курулган. Имараттарды курууда коралл ташы жана кызыл чопо колдонулган. 1б-кылымга таандык Момбасадагы Иисус форту жана Малиндидеги Васко да Гаманын таш колоннасы сакталган. 20-кылымда Найроби ж. б. шаарыда европалык стилдеги имараттар, коттеждер, виллалар тургузулган. Архитектуралык курулуштарды европалыктар жетектеген. Кениялыктар жыгачтан, чоподон (маска, статуэтка ж. б.) ар кандай буюмдарды жасап, оймо-чийме түшүрүшөт.

Кения музыкалык маданиятынын негизин банту, нилот, кушит, суахили элдеринин салты түзөт. Ата-бабасынан бери музыкант болгондорду көз ачыктар деп жогору баалашкан. Кения музыкасына араб, инди, колониялаштыруудан баштап европа музыкасы таасир тийгизген. 19-кылымдын аягынан шаарларда аскердик үйлөмө оркестр, жаз-банд, музыкалык. ансамблдери, 20-кылымдын ортосунан америкалык музыка жана кубалык румба, бенга кеңири тараган. Белгилүү музыканттар: М. Ж. Боско, О. Кайамба, Л. Тутуту, Ж. Самбу, Д. Катуга ж. б. 1960-жылдардан Кения улуттук муз. маданиятка мамлекет колдоо көрсөтөт. Мектеп программаларына музыка жана бий сабактары кирген. 1974-ж. Кениата университетинин алдында музыкалык мектеп ачылган. Улуттук музыкалык салтты «Кения жыландары» ыр жана бий ансамбли, «Муунгано» улуттук хору өнүктүрөт. Кения улуттук музыка изилдөөчүлөр – X. О. Аньюмба, В. А. Омонди. Кенияда музыкалык-бий ансамблдери арбын. 1948-жылдан Найробиде Д. Маул негиздеген англис театры иштейт. 1952-ж. Найробиде Улуттук театр, 1997-ж. «Гаара» бий тобу түзүлгөн. 1963-ж. Кения өз алдынчалыкка ээ болгондо Найробиде жаңы театр коллективдери пайда болгон, анын ичинде «Чемчеми» труппасы эң белгилүү, негиздөөчүсү жана жетекчиси — Э. Мпахлеле. 1970-ж. Улуттук театр труппасы түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]