Найроби

Wikipedia дан

Найроби – Кения Республикасынын борбору, шаар. Шаар айланасы менен Найроби борбордук округун түзөт. Экваторго жакын, тайпак тоолуу платодо, деңиз деңгээлинен1795 м бийиктикте жайгашкан Чыгыш Африкадагы эң чоң шаар. Калкы 3,1 млн IGM банкынын башкы кеңсеси. (2009). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Н. 1899-жылы негизделген. Ошол эле жылдан Кениядагы Британия ээлигинин административдикборбору болгон. 1964-жылдан көз каранды эмес Кениянын борбору. Улуттук университет, политехникалык коллеж, улуттук театр, драма мектеби (1968), консерватория, Агахан госпиталы (1950–70), маданий борбор (1960), Макмиллан мемориалдык китепканасы, музей (1952), Чыгыш Африканын заманбап искусство галереясы (кустардык кооз буюмдар) бар. Палеонтология залынан байыркы аска бетиндеги жазууларды көрүүгө болот. Найроби улуттук паркы (анын ичинен жыландар паркы, о. эле зебра, антилопа, кабылан, арстан, төө куш жана башка бар) уюштурулган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]