Мбабане

Википедия дан

Мбабане – Свазиленд Королдугунун борбору. Хохо округунун административдик борбору. Өлкөнүн түндүк-батышында, Ажыдаар тоосунун этегинде, Мдимба бөксө тоосунда, деңиз деңгээлинен 1150 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 62,0 миң (2010). ТАРдын түндүк-батышы жана Манзини шаары (андан ары Мапуту, Мозамбик) менен автомобиль жолу аркылуу байланышат. Мбабанеге калк 18-кылымда эле отурукташа баштаган. 19-кылымдын аягында свази элинин жол башчысы Мбандзенинин резиденциясына жакын жерде негизделген. 1899–1902-жылдары Улуу Британияга көз каранды болуп келген. 1903–68-жылдары Британиянын Свазилен протекторатынын административдик , 1968-жылдан Свазиленддин борбору. Тамак-аш, тигүү, металл иштетүү, айыл чарба азыктарын (бал камыш, жүгөрү, цитрус өсүмдүктөрү) иштетүүчү өнөр жай ишканалары иштейт. Университеттин кампусу, фонд биржасы бар. Мбабанеге жакын жерде асбест иштетилет. Жыл сайын свази элинин каада-салты менен коштолгон инквала, умланга бий фестивалдары жана элдик майрамдар өткөрүлүп турат. Млилване табигый паркы (Түштүк Африканын экзотика фаунасынын өкүлдөрү – керик, крокодил, жираф, зебра ж. б. мекендейт) уюштурулган. Туризм өнүгүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]