Мазмунга өтүү

Антананариву

Википедия — ачык энциклопедия
Отурукташкан жай
Антананаривy
Желек Герб
Желек Герб
ӨлкөМадагаскар Республикасы
Тарыхы жана Географиясы
АянтыАнтананариву км²
Климатынын түрүСубэ
Калкы
Расмий тилиМалагаси тили
Калкы1.3 млн адам
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+261 202
Почта индекстери101, 102, 105

Антананариву (Antananarivo), Т а н а н а р и в е – Мадагаскар Республикасынын борбор шаары жана аты окшош провинциянын администрация борбору. Калкы 1,3 млн адам (2019). Бийик платодо (1240–1470 м бийиктикте), Мадагаскар аралынын борбордук бөлүгүндө үч дөбө жайгашып, бири-бири менен тешкен тоо жана тепкичтер аркылуу катташат. Жолдор тоому жана темир жол түйүнү. Ивату эл аралык аэропорту иштейт. 17-кылымдын 1-жарымында негизделген. 19-кылымдын аягына чейин Мадагаскар королдугунун резиденциясы. 1890–1960-жылдарда Мадагаскар Франция ээлигинин администрация борбору болгон. 1960-жылдын июнунан көз карандысыз Малагаси Республикасынын, 1975-жылдын декабрынан Мадагаскар Демократия Республикасынын, 1992-жылдын сентябрынан Мадагаскар Республикасынын борбору. Өнөр жай кварталдары шаардын түндүгүндө, батышында жана чыгышында жайгашкан, турак жай кварталдары дөбөлөрдүн капталдарында отурукташкан.

Антананариву – өлкөнүн экономикалык, администрациялык, финансы жана соода борбору. Тамак-аш, булгаары, жеңил, жыгаччылык, полиграфиялык өнөр жайлары, автомобиль кураштыруучу завод, курулуш материалдар өндүрүшү иштейт. «Цимбазаза» ботаникалык багы бар. Университет (1961), Илимдер академиясы (1902), улуттук китепкана (1961), архив (1958), тарых (1897), искусство жана археология музейлери, театрлар иштейт.

https://encyclopedia.edu.kg