Киншаса

Wikipedia дан

Киншаса— Конго Демократиялык Республикасынын борбору, шаар. Конго (Заир) дарыясынын сол жээгинде жайгашкан. Калкы 9,2 млн (2008; өлкөдөгү эң ири шаар). Ири жолдор тоому. Дарыя порту. Матади деңиз порту менен автомобиль, темир жол Браззавиль (Конго Республикасы) менен паром аркылуу байланышат. Эл аралык аэропорту бар. Шаардын экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү акырындык менен ээлөөдө. Киншасада өлкөнүн ири банктарынын офистери, чет өлкөлүк банктардын өкүлчүлүктөрү жайгашкан. Машина, кеме куруу жана ремонттоо, металл иштетүү, жыгаччылык, химиялык (пластмасса, шина, самын), металл иштетүү, тамак-аш (ун, май), булгаары—бут кийим, жеңил, курулуш материалдар өнөр жай ишканалары иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүгү (бет кеп, жыгач жана карапа буюмдары, пальма рафиясынан согулган буюмдарды даярдоо) өнүккөн. Шаар 1881-жылы африкалык изилдөөчү Г. Стэнли тарабынан негизделген. 1926-жылдан 1960-жылга чейин Леопольдвиль аталган. 1966-жылдан азыркыдай аталат. 1971—97-жылдары Заирдин, 1997-жылдан Конго Демократиялык Республикасынын борбору. Улуттук университет (эң ири китепканасы, ядро изилдөө борбору жана тарыхый-этнографиялык музейи менен), илимий институттар (анын ичинде география, тропик медицинасы, геология кызматы), көркөм искусство улуттук академиясы, музей, театр, ошондой эле бир нече мамлекеттик эмес жогорку окуу жайлар (анын ичинде Америка, протестант ж. б.) бар. Зоопарк уюштурулган. Эл аралык театр фестивалдары жана күндөрү өткөрүлүп турат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]