Порт-Луи

Википедия дан
Порт-Луи.

Порт-ЛуиМаврикий Республикасынын (арал мамлекет) борбору. Порт-Луи провинциясынын административдик борбору. Өлкөнүн негизги порту жана ири шаары. Инди океанынын жээгинде, Маврикий аралынын түндүк-батышында жайгашып, бардык жагынан шуру рифтери менен курчалган. Климаты тропиктик деңиздик. Тайфундар болуп, алар нөшөрлөгөн жамгыр менен коштолот. Жылдык жаан-чачыны 1500–2500 мм. Эң жылуу мезгилиндеги (ноябрь-май) айлык орточо температура 17°Сден 23°Сге чейин. Калкы 157,0 миң (2011). Жолдор тоому. Инди океанындагы порт. Шаар француз колонизаторлору тарабынан 1735-жылы алардын кемеси токтоп өтүүчү жай катары негизделген. Нефть ажыратуу, химиялык , тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Университет (1968), Маврикий институту, китепканалар (анын ичинде муниципалдык, Карнеги), музейлер (анын ичинде тарых, гербарий), сүрөт галереясы, театр бар. Жума мечити, Сен-Жеймс католик, Ыйык Людовик соборлору, Маэсварат (Триоле) храмы, Аделаида форту эски чеби сакталган. Эйфел мунарасынын кичи макети тургузулган. Ааправаси-Гхат иммиграция терминалы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Жыл сайын ар кандай фестивалдар өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]