Ливия

Википедия дан
Ливия.

Ливия (ар. аль-Либия), Улуу Социалисттик Элдик Ливия Араб Жамахириясы (ар. Аль-Жамахирия аль-Арабия аль-Либия аш-Шаабия альИштиракия аль-Узма) – Түндүк Африкадагы өлкө.

Чыгышынан Мисир, түштүк-чыгышынан Судан, түштүгүнөн Чад жана Нигерия, батышынан Алжир, түндүк-батышынан Тунис менен чектешет. Түндүгүнөн Жер Ортолук деңиз чулгайт (жээк сызыгынын узундугу 1860 км). Аянты 1672,2 миң км2. Калкы 6,3 млн (2009). Борбору – Триполи шаары Акча бирдиги – ливия динары. Л. 3 тарыхый облусту – Триполитанияны, Киренаиканы, Феццанды камтыйт. Административдик-аймагы жактан 22 административдик районго (провинцияга, шаабиге) бөлүнөт.

Алар: Бенгази (адм. борбору – Бенгази), Вади-эль-Хаят (Аубари), Вади-эш-Шати [Брак (Эль-Бирак)], Гат (Гат), Дерна (Дерна), Марзук (Марзук), Мисрата (Мисрата), Налут (Налут), Сабха (Сабха), Сурт [Сурт (Сирт)], Триполи (Триполи), Эз-Завия (Эз-Завия), Эль-Бутнан (Тобрук), Эль-Вахат (Аждабия), Эль-Жебель-эль-Ахдар (Эль-Байда), Эль-Жебель-эль-Гарби (Гарьян), Эль-Жифара (Эль-Азизия), Эль-Жуфра (Хун), Эль-Куфра (Эль-Куфра), Эль-Маргаб (Хомс), Эль-Марж (ЭльМарж), Эн-Нугат-эль-Хумс (Зувара). Ливия – БУУнун (1955), Араб өлкөлөрү лигасынын (1953), ЭВФтин (1958), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1958), ОПЕКтин (1962), Африка союзунун (1963; 2002-ж. чейин Африка биримдиги уюму), Ислам конференция уюмунун (1969) жана башкалардын мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ливия – унитардык мамлекет. Башкаруу формасы – конституциялык монархия. Ливиянын мамлекеттик түзүлүшү 2011-ж. чейин М. Каддафинин «Үчүнчү дүйнөлүк теориясынын» негизинде аныкталган. Бул теориянын мааниси эл массасынын институтсуз (президент, парламент, өкмөт жана партия) өлкөнү башкарууга тикеден-тике катышуусу. 1977-ж. 2-мартта Ливия Элдик Соц. Араб Жамахириясы (СЭЛАЖ) деп жарыяланган. Жарандык согуш жана чет элдик интервенциянын натыйжасында бийликке Улуттук өткөөл кеңеши келип, 2011-ж. 3-августта расмий түрдө Ливия аталып, 1951–69-жылдагы монархиянын тушундагы желекти кайрадан кайтарып берген.

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жер Ортолук деңиздин жээги анча тилмеленген эмес, эң чоң жана жалгыз булуңу – Сидра (Чоң Сирт). Сидра булуңунан батыш тараптагы жээги жапыз, кумдуу, лагуналуу, чыгышы тик, тоолуу. Деңизди жээктей аккумуляциялык түздүк (бийиктиги 200 мге чейин) созулуп, чыгышты карай улам жайылат; анда тектон. туюк, туздуу ойдуңдар бар. Жалпысынан Ливиянын аймагынын 98%ин субтропиктик жарым чөл (түндүгүн) жана тропиктик чөл (түштүгүн), анын көп бөлүгүн бийиктиги 200–600 м келген (эң бийик жери 876 м) платолор ээлейт. Платолор айрым жерлеринде Хамада-эль-Хамра, Эль-Жебель-эль-Ахдар оёңдору менен бөлүнгөн. Түштүгүнөн жанартоолуу Тибести тайпак тоосунун тармактары (бийиктиги 2310 мге чейин, Бетте чокусу – Ливиянын эң бийик жери) кирип турат. Чыгыш бөлүгүн Ливия чөлү ээлейт. Байыркы Африка платформасынын түндүк бөлүгүндө жайгашкан. Нефть (дүйнөлүк запастын 3%ке жакыны) менен газ кендерине бай; ошондой эле темир, гипс, туз (сал, калий, магнезий туздары), табигый сода, цементтик акиташ теги, чопо, курулуш куму жана ташы, көмүр, фосфорит кендери бар.

Түндүгүнө субтропиктик жер ортолук деңиздик климат мүнөздүү. Январдын орточо температурасы 11–12ᵒС, июлдуку 27–29ᵒС, максимум температура 57,8ᵒС (Эль-Азизияда) – Жер шарындагы эң жогорку температура. Кышында тоолордо температура 3ᵒСка чейин төмөндөйт, кар жаайт. Жаан-ча-чын түздүктөрдө күз-кыш мезгилдеринде 300 мм, плато капталдарында 600 ммге чейин жаайт. Жайында жаан-чачын дээрлик жаабайт. Өлкөнүн калган аймагында тропиктик чөл климаты үстөмдүк кылат, температурасы сезон жана сутка б-ча кескин өзгөрүп турат, абасы өтө кургакчыл. Чөлдөрдөгү кышкы орточо температура 12–18ᵒС, түн ичинде аба 0ᵒСка, Тибести тайпак тоосунда –15ᵒСка чейин төмөндөйт. Жайкы орточо темпрасы 32–35ᵒС, эң ысык (50ᵒтан жогору) жери – Ливия чөлүнүн борбордук бөлүгү. Температурасы жайында сутка ичинде 20ᵒСка чейин, кышында 40ᵒСка чейин өзгөрөт. Өлкөнүн бул бөлүгүнүн 93% аймагында жаан-чачындын жылдык өлчөмү 100 ммден ашпайт. Ысык, кургак чаңдуу бороон (гибли, хамсин) болуп турат.

Туруктуу аккан агын суусу жок. Сидра булуңунун жээгине жакын, Киренаика, Феццан тарыхый облусунда кургак нуктар – уэддер көп кездешет. Жер астындагы суунун запасы зор; анын жыл сайын калыбына келип туруучу ресурсу 500 млн м3. Негизги артезиан бассейндери: Марзук, Жебель-Нафуса, Жефара, Эль-Кура, Эль-Ахдар. Түштүк артезиан бассейндеринен суу зор шаркыратма – «Улуу жасалма дарыя» аркылуу (жылына 2300 м3) сордуруп алынат. Өлкөнүн сугат жеринин (316 миң га) 99%и жер астындагы суу менен сугарылат. Ливиянын аймагынын басымдуу бөлүгүн (98%ин) субтропиктик жарым чөл (түндүгү) жана тропиктик чөл (түштүгү) ээлейт. Жээктей таралган боз жана бозомук-күрөң топуракта сейрек өскөн акация, сикоморлор, тамариск, нымдуурак жерлеринде – маквис, бал карагай, арча кездешет. Жээк тилкеси менен чөлдүн аралыгын шыбак, жапыз өскөн катуу чөп жана бадалчалар ээлейт. Эбегейсиз чөлдүү мейкиндикте өсүмдүктөр дээрлик өспөйт, кургакчылыкта өсүүчү айрым тикендүү бадалдар, бадалчалар жана баялыштар гана кездешет. Флорасы 1800дөн ашык өсүмдүк түрүн камтыйт, анын 7%и эндемиктер. Коргоого алынган аймак өлкөнүн аймагынын 1%ке жакын аянтын ээлейт; алардын эң ирилери: Зеллаф резерваты, Куф улуттук паркы, Гарабулли коргоого алынган аймагы.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкынын көбүн (86,1%ин; 2009) арабдар, ливиялыктар (71%), египеттиктер (8%), судандыктар (3,6%), тунистиктер (3%), палестиналыктар (0,5%) түзөт. Мамлекеттик дини – ислам. Калкынын басымдуу бөлүгү (97%тен ашыгы) мусулман-сүнөттөр, анын 80–90%и маликиттер, калганы ханафиттер. Тоолуу бөлүгүндө жана айрым оазистеринде берберлер (9,3%), туарегдер жашайт. Төрөлүү (2008-ж. 1000 адамга 25,62 бала) өлүм-житимден (1000ге 3,46 адам) алда канча жогору. Адам өмүрүнүн күтүлгөн орточо узактыгы 77,1 жыл (эркектер 74,8 жаш, аялдар 79,4). Калкынын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 3,7 адам (2009). Эң жыш отурукташкан жери түндүгүндөгү жээк тилкеси, анда 1 км2 жерде 50 адамга жетет, ал эми калган бөлүгүндө 1 адамга чейин гана туура келет. Шаар калкы 78% (2008). Ири шаарлары: Триполи, Бенгази, Мисрата, Тобрук, Сабха жана башка.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы берберлердин ата-бабалары Ливияны биздин заманга чейин 8-миң жылдыктан мекендеген. Алгачкы жамааттык түзүлүш миңдеген жылдар бою сакталган. Ливия аймагын финикиялыктар (12–9-к.), гректер (7-к.), римдиктер (2-к.), вандалдар (б. з. 455-ж.), византиялыктар (533-ж.), арабдар (642–643-ж.), Омеяддар халифаты (7- к-дын 2-жарымы), Аббасиддер мамлекети (12– 13-к.), Мамлюктар султандыгы (13-кылымдын ортосу) караткан. Араб урууларынын Ливияга көчүрүлүшүнүн натыйжасында жергиликтүү калк (берберлер) арабдашып, ислам дини тараган. 1551-ж. Ливия аймагы Осмон империясына кошулган. 17- кылымдан Ливияны түрктөр башкарган. 1711-ж. түрктөрдүн Ливиядагы бийлиги жоюлуп, өлкөнү Караманли династиясы (1711–1835) башкарган. 1835-ж. кайрадан Түркия (1912-ж. чейин) басып алган. 19-кылымдын ортосунда Ливияда Осмон империясынын бийлигине каршы көтөрүлүштөр чыккан. 1911– 12-ж. Италия менен Түркиянын ортосунда Ливия аймактары (Триполитания жана Киренаика) үчүн болгон согуштан кийин Ливия Италияга караган. Жергиликтүү элдин италиялык колониячыларга көрсөткөн каршылыктарынан улам, Италия аскерлери Ливиянын жээк аймактарын гана көзөмөлдөгөн. 1- дүйнөлүк согушта (1914–18) Италия жеңилип калып, аскерлеринин көбүн Ливиядан алып кетүүгө мажбур болгон. Анын бийлигинде Хомс, Триполи, Бенгази шаары калган. 1918-ж. Триполитания республикасы деп жарыяланган. Италияда фашисттер бийликке келгенден кийин (1923) итал. өкмөт Ливияда согуш аракеттерин улантып, жергиликтүү калкты кырып-жоюуга киришкен. Өлкөнүн экономикасы Италиянын көзөмөлүнө өткөн. 1939-ж. Киренаика, Триполитания жана Феццан Бенгази (Киренаика) шаарынын эли гитлерге каршы коалициянын аскерлерин тосуп алууда. 1941. Италиянын курамына кошулуп, генерал-губернатор башкарган. 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде Ливия жерин Италия-Германия аскерлери басып алган. 1943-ж. алар куулуп, Ливия Улуу Британия (Киренаика, Триполитания) менен Франциянын (Феццан) согуштук адм. бийлигине өткөн. Согуштан кийин Ливия аймагында ар кандай саясий уюмдар жана партиялар (Улуттук партия, Эркин улуттук блок, Бириккен улуттук фронт жана башка) пайда болуп, бирдиктүү көз карандысыз Ливия мамлекетин түзүүгө аракеттенишкен. 1949-ж. 21-ноябрда БУУнун Генералдык Ассамблеясынын чечиминин негизинде 1951-ж. 7-октябрда Ливия Конституциясы кабыл алынып, 1951-ж. 24- декабрда король И. ас-Сенуси (Идрис I) башында турган көз каранды эмес Ливия Кошмо Королдугу (Киренаика, Триполитания, Феццан провинцияларынан турган федерация) жарыяланган. Англия-Ливия (1954) келишимдерине ылайык АКШ менен Улуу Британия Ливия жеринде аскерлерин жана согуштук базаларын кармоого укук алган. 1963-ж. Ливия федеративдүү мамлекеттен унитардыкка айланган. Аялдар шайлоо укуктарына ээ болгон. 1964-ж. армияда монархияга каршы ЭОЖС (Эркин офицерлер – жаш-социалисттер) уюму түзүлгөн. 1969-ж. 31-сентябрдан 1-августка караган түнү капитан М. Каддафи баш болгон ЭОЖС мүчөлөрү уюштурган мамлекеттик төңкөрүш королдук бийликти кулатып, өлкө Ливия Араб Республикасы (ЛАР) деп аталган. Бийлик М. Каддафи (1969–2011) башында турган Революциялык командалык кеңешке (РКК) өткөн. 1970-ж. 27-мартта Ливия аймагындагы чет өлкөлүк бардык согуштук базалар (Эль-Адемдеги жана Тобруктагы амер. базалар жана башка) жоюлган. РКК империализмге каршы бейтарап саясатты жүргүзгөн. 1972-ж. мартта М. Каддафинин төрагалыгы менен массалык саясий уюм – Араб социалистик уюму (АСУ) уюшулган. 1973-ж. Каддафи түзгөн «Үчүнчү дүйнөлүк теория» АСУнун идеологиялык платформасы болуп калган. Бул теориянын негизинде эл ортомчуларсыз (партия, парламент жана башка) бардык мамлекеттик иштерди башкара тургандыгы пландаштырылып, Ливияда «эл массасынын коому» – «жамахирия» түзүлгөн. «Үчүнчү дүйнөлүк теория» эрежелерине ылайык өлкөдө иштеп жаткан мыйзамдар кайра каралып, 1974-ж. күзүндө РКК шариат нормаларына негизделген мыйзам актыларын кабыл алган. 1977-ж. 2-мартта өлкө Социалистик Элдик Ливия Араб Жамахириясы (СЭЛАЖ) деп жарыяланган. АСУнун Жалпы улуттук конгресси Жалпы элдик конгресс (ЖЭК) болуп өзгөрүлүп, анын жогорку мыйзам чыгаруу функциялары сакталган. ЖЭКтин генералдык секретарлыгына М. Каддафи шайланган. 1969-жылдагы конституциялык декларациянын иши токтотулуп, куран «коомдун башкы мыйзамы» деп жарыяланган. Ливия өкмөтү Жогорку элдик комитет (ЖЭКОМ), министрликтер – секретариаттар деп аталган. 1977-ж. элдик бийликти орнотуу жөнүндө декларация кабыл алынып, саясат, экономика жана башка чөйрөлөрдө бийликтин чечимдерин ишке ашырууга жооптуу болгон ревкомдор түзүлгөн. 1979- жылдан М. Каддафи башында турган СЭЛАЖдын революциялык жетекчилиги өлкөдөгү жогорку саясий бийликти колуна алып, ал расмий түрдө Ливия революциясынын лидери деп аталган.

1970-жылдардын аягында Ливия империалисттерге каршы радикалдуу кыймылдарды колдогон. СЭЛАЖ Бенин, Гамбия, Буркино-Фасо, Либерия, Сомали, Эфиопия, Сьерра-Леон, Борбордук Африка Республикаларына аскердик колдоо көрсөткөн. М. Каддафинин демилгеси менен Триполиде 1977-ж. Ливия Сирия, Алжир, Йемен Элдик Демократиялык Республика жана Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун жетекчилеринин кеңешмеси болуп, Улуттук фронт түзүлгөн. 1986-ж. 15-апрелде амер. авиация Ливияга батыш берлиндик дискотекага теракт уюштурган деген күнөө менен Ливия аймактарын бомбалаган. 1991-ж. АКШ, Улуу Британия жана Франция СЭЛАЖды америкалык жана франциялык жарандык авиалайнерлерди жардырган деп күнөөлөгөн. 1992-ж. АКШ жана Улуу Британиянын талабы боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңеши Ливияга каршы эл аралык санкцияларды киргизген, бирок 1998-ж. бул санкция токтотулган. 2002-ж. М. Каддафи өзүнүн күнөөсүн мойнуна алып, Локерби шаарындагы теракттан курман болгондордун туугандарына компенсация төлөп берүүнү убада кылган. 2003-ж. июнда ЖЭКтин сессиясында СЭЛАЖ жетекчилиги өлкөгө «элдик капитализм» куруу курсун киргизген. Ливияда улуттук экономиканын негизин түзгөн нефть жана башка өнөр жай тармактары менчиктештирилген. 2008-ж. 3-мартта Сирт шаарында өткөн Ливия «жамахириясынын» 31 жылдыгына арналган салтанатта М. Каддафи нефть сатуудан түшкөн кирешелер ар бир жаранга түздөн-түз бөлүнүп берилерин жарыялаган. Бул чечимге ылайык ливиялык ар бир үй-бүлөгө айына 5 миң ливиялык динар (4166 доллар, 2008) бөлүнгөн. Мындай көз карандысыз, өз алдынча жүргүзүлгөн саясат айрым мамлекеттердин (АКШ, Франция, Италия) кызыкчылыгына туура келбей, 2011-ж. аскердик интервенция уюштуруп, М. Каддафинин бийлигин кулаткан.

Чарбасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ливиянын экономикасынын негизин нефть-газ өнөр жай түзөт. Табигый нефть жана газ өндүрүү ИДПнин 1/ ге жакын көлөмүн, түшкөн валюта наркынын 95%ин, мамл. бюджеттик кирешенин 90%тен ашыгын түзөт (2008). ИДПнин көлөмү 87,72 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 14,2 миң доллардан туура келет (Африка өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку көрсөткүч); ИДПнин реалдуу өсүүсү 5,9% (2008). Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,847 (дүйнөдөгү 182 өлкөнүн ичинен 55-орунда). ИДПнин структурасында өнөр жай менен курулушка 70,9%, тейлөө чөйрөсүнө 27,4%, айыл чарбасына 1,7% туура келет (2008). Өлкөнүн экономикасында мамлекеттик сектордун мааниси зор. Ливиянын энергетикасы өзүнүн углеводород сырьёсунун негизинде иштейт. Электрэнергетикасынын негизин табигый газ менен иштеген ЖЭСтер түзөт. 2007-ж. 25,5 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Нефтинин аныкталган запасы боюнча (41,5 млрд баррель, же 6,6 млрд м3; дүйнөлүк запастын 3%тейи) Ливия Африкада Нигерия, Алжирден кийинки 3-орунду ээлейт. Ливиянын нефтиси арзан өндүрүлгөндүгү жана сапаты боюнча өзгөчөлөнөт. 2007-ж. суткасына 1,85 млн баррель (2,1 млн м3ден ашык) нефть өндүрүлгөн; анын 80%ке жакыны экспорттолот. Табигый күйүүчү газдын запасы 1,4 трлн м3 (2007); 2006-ж. 14,8 млрд м3 өндүрүлүп, 6,4 млрд м3 керектелген, 9,9 млрд м3 экспорттолгон. Газ суюлтуучу ишканалары бар. Негизги нефть продуктулары: отундук мазут, керосин, бензин, ошондой эле этилен, пропилен, метанол, аммиак, карбамид жана башка. Нефть ажыратуучу, нефть-химия, азоттук жер семирткич чыгаруучу заводдору иштейт. Металлургия комбинаты болот, брикеттелген темир, нефть, газ жана суу куурларын жана башка чыгарат. Кабелдик, автомобиль жана трактор кураштыруу заводдору, металлды кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары иштейт. Текстиль, самын кайнатуу, кагаз, тамеки фабрикалары жана башкалар бар. Цемент, акиташ, гипс жана башка курулуш материалдарын, сал туз, табигый сода өндүрөт. Тамак-аш өнөр жай, кол өнөрчүлүк өнүккөн. Айыл чарба өлкөнүн азык-түлүккө болгон муктаждыгынын 1/ ге жакынын канааттандырат. Өлкөнүн жеринин 1,22%и иштетилет (анын 1,03%и айдоо жер, 0,19%и көп жылдык өсүмдүктөр), 0,5%ке жакыны жайыт. Кайрак дыйканчылыгы басымдуулук кылат; сугат жеринин аянты 470 миң га (2003). Сугат жерлердин аянтын кеңейтүү, ошондой эле шаарларды суу менен камсыз кылуу максатында 1983-жылдан суу алып келүүчү «Улуу жасалма дарыя» курула баштады. Анда оазистерден жер астындагы сууну скважиналар аркылуу сордуруп алып, Ливия Сахарасына, өлкөнүн жээк тилкесине жеткирүү пландаштырылган. Дыйканчылыктын негизги аймагы – Ливиянын түндүк-батышындагы кууш жээк тилкеси. Негизги дан эгиндери – буудай жана арпа. Триполиге чектеш аймактарда цитрус өсүмдүктөрү, курма пальмасы, алма, бадам, зайтун дарагы, жүзүм өстүрүлөт. Адистештирилген фермаларда жашылча (пияз, помидор жана башка), картөшкө, бакча өсүмдүктөрү (дарбыз, коон), жер жаңгак жана башка, өлкөнүн чыгышындагы Барка-эль-Байда платосунда дан эгиндери, зайтун жана мөмө-жемиш дарактары өстүрүлөт. Сахаранын оазистеринде – курма пальмасы, буудай, арпа, ошондой эле таруу, жашылча, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү айдалат. Өлкөнүн түндүк-батышында кагаздын, целлюлозанын, өрмө-сокмо буюмдардын мыкты сорттору даярдалуучу альфа чөбү жыйналат. Ички көчмөн жана жарым-жартылай көчмөн элдин негизги чарбачылыгы – мал чарбасы. Өлкөнүн түндүк бөлүгүндө дыйканчылык менен айкалышкан жайыт мал чарбачылыгы (негизинен кой, эчки асыроо) сакталган. Ири шаарлардын тегерегинде мал чарба фермалары жана комплекстери иштейт. Жээк сууларынан балык кармалат. Тейлөө чөйрөсүнүн башкы тармактары – дүң жана чекене соода, мамлекеттик башкаруу, транспорт жана байланыш, саламаттык сактоо жана билим берүү. Триполиде Ливиянын башкы банктарынын кеңселери жайгашкан. Туристтик бизнес жаңы гана өнүгө баштады. 2008-ж. чет элдик 760 миң турист келген.

Негизинен автомобиль транспорту пайдаланылат. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 30 миң кмдей. Өлкөнүн ири шаарларын байланыштырган негизги автомобиль магистралдары (Тунистин чек арасынан Египеттин чек арасына чейин) Жер Ортолук деңизди жээктей кетет. Темир жолу жок; Триполиден Тунистин чек арасына чейин темир жол курулууда. Куур транспортунун жалпы узундугу 10 623 км (2008), анын ичинде нефть куурунуку 6987 км, газдыкы 2860 км. Деңиз транспорту негизинен сырткы соода жүктөрүн (көбүн чет өлкөлүк кемелер) ташыйт. Ливиянын желеги менен 17 деңиз соода кемеси катталган. Негизги деңиз порттору: Эль-Бурайка, Рас-эль-Ануф, Триполи, Эз-Завия, Эз-Зуэйтина, Эс-Сидр. Өлкөдө 141 аэропорт иштейт; Триполи жана Бенгази шаарында эл аралык аэропорттор бар.

Экспортко нефть жана нефть продуктулары, суюлтулган табигый газ, химикат, болот эритүү үчүн чала фабрикат, болот прокат чыгарат. Экспорттук негизги шериктери: Италия, Германия, АКШ, Испания, Франция. Сырттан негизинен өнөр жай жабдууларын, чала фабрикат, азык-түлүк, транспорт каражаттарын, керектөө товарларын (Италия, Германия, Кытай, Тунис, Франция, Түркия, АКШдан) сатып алат.

Маданияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Билим берүү системасы мектепке чейинки тарбиялоону милдеттүү 9-жылдык базалык жана жогорку билим берүүнү камтыйт жана акысыз. 15 жаштан жогорку калктын сабаттуулугу 89,8% (2012, ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча). 30дан ашык ири мамлекеттик ЖОЖдору, Улуттук китепканалары (1973), улуттук архиви (1928), музейлери, илимий мекемелери иштейт. Араб тилинде чыгуучу «Аль-Жумхурия», «АзЗахф аль-Ахдар» жана башка гезит-журналдары бар. Радиоуктуруусу (1957-жылдан), телекөрсөтүүсү (1968-жылдан) иштейт. Мамлекеттик Жамахирия маалымат агенттиги (1964) бар.

7–8-кылымдын башында Ливиянын аймагында адабият жалпы араб маданиятынын нугунда өнүккөн. 17– 18-кылымда байыркы араб поэзиясынын салтын ээрчиген Омар бен аль-Фарид, Ахмед аль-Бахлюли сыяктуу акындар чыккан. Коомдук проблемалар, жөнөкөй элдин турмушу Али Сидки Абд аль-Кадыр, Ахмед фуад Шинниб, Али ар-Рукейн жана башка акындардын ырларында чагылдырылган. Ливияда 40–50-жылдары пайда болгон проза жанрынын негизги темасы көз каранды эместик, социалдык теңдик үчүн күрөш болгон. Мустафа аль-Мисуратин, Абу Харрус, Ришад аль-Хунин, Мухамед Афифа жана башка прозаиктердин новеллаларынын каармандары – бедуиндер, балыкчылар, феллахтар менен майда, кол өнөрчүлөр болгон. Египет жазуучуларынын, айрыкча Тахи Хусейндин жана Тауфик аль-Хакимдин чыгармачылыгы прозага күчтүү таасир берген. 60–70-жылдардын башында адабиятка Жума аль-Фарани, Ахмед анНуэйри, Фуазия Бариюун жана Абдель Хафез альМайар сыяктуу прозаиктер жана акындар келет. 21-кылымдын башында И. аль-Кунинин чыгармачылыгы («Код» романы, 1999, ж. б.) дүйнөгө белгилүү болгон.

Ливиянын аймагында неолит доорунан аска таштарга чегилген сүрөттөр пилдерге, бизондорго жана башка жаныбарларга мергенчиликти чагылдырган сүрөттөр, финикия искусствосунун эстеликтери сакталып калган. Байыркы гректердин, римдиктердин, византиялыктардын ар түрдүү курулуштары бар. Италия үстөмдүгү мезгилинде (1912–43) европалык кварталдар пайда болгон.

Театры[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ливияда биринчи театр египет жана европалык театр искусствосунун таасиринде өнүккөн. Көз каранды эместик жарыялангандан кийин (1951) бир нече өз алдынча жана профессионал коллективдер пайда болгон: Мухтар Рамадан аль-Асваданын улуттук музыка-драмалык труппасы, Абдель Хамид аль-Мижрабдын «Аль-Амаль» театры (экөө тең Триполиде). 1963-ж. Триполиде пайда болгон элдик бийдин ливиялык улуттук труппасынын мүчөлөрү элдик салтты кайра жаратууну жана жаңыртууну көздөшкөн. Ливияда бир нече элдик музыкалык-бий ансамблдери иштейт: Бенгазиде (1968-жылдан), Дернада (1969-жылдан), Мисратада (1970-жылдан) иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7