Гвинея

Wikipedia дан

Гвинея, Гвинея Республикасы – Батыш Африкадагы мамлекет. Түшгүгү менен түштүкбатышынан Либерия жана Сьерра-Леоне, чыгышынан Кот-д’Ивуар, түндүк-батышынан ГвинеяБисау, түндүгүнөн Сенегал, түндүк жана түндүк-чыгышынан Мали менен чектешет. Батышын Атлантика океаны чулгайт. Аянты 245,9 миң км2. Калкы 8,1 млн (2006, башка маалыматтар боюнча 9,5 млн). Борбору Конакри шаары Мамлекеттик тили француз тили. Акча бирдиги гвинея франкы. Административдик жактан 33 префектурага жана 1 өзгөчө зонага (Конакри) бөлүнөт (к. таблицаны). Гвинея БУУнун (1958), Африка союзунун (1963), Эл-аралык валюта фондунун (1963), Эл-аралык реконструкциялоо жана өнүгүү банкынын (1963), Эл-аралык соода уюмунун (1995) мүчөсү. Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006):

Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Гвинея унитардык мамлекет. Конституциясы 1990-ж. 23-декабрда кабыл алынган. Башкаруу формасы президенттик республика Мамлекет жана өкмөт башчысы президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы бир палаталуу парламент (Улуттук чогулуш). Саясий партиялары: Гвинея элинин биримдиги, Жаңылануу жана прогресс партиясы, Гвинея элинин союзу жана башка Гвинеянын аймагы дээрлик субэкватордук алкакта. Рельефинде (батышындагы 50 км жээк тилкесинен тышкары) орто бийиктеги жапыз тоолор жана түзөңдүү платолор көп. Атлантика океанынын жээктери түзөң. Өлкөнүн түндүк-батышында жана Борбордук бөлүгүндө Түндүк Гвинея жана Фута-Жаллон (Тамге тоосу, 1538 м) дөңсөөлөрү орун алган. Алардан суусу мол дарыялар (Гамбия, Бафинг, Нигер жана башка) башталат. Түштүк-чыгыш бөлүгүн Гвинеядагы эң бийик чокусу (Нимба тоосу, 1752 м) бар Түндүк Гвинея дөңсөөсү ээлеп жатат. Кенбайлыктарынан боксит, темир, алтын, алмаз, уран, никель, хром, ильменит, циркон, рутил, монацит, графит жана башка бар. Климаты субэкватордук-муссондук, ысык. Жайы нымдуужаанчыл (7-10 ай), кышы кургакчыл-чаңдуу. Эң ысык айынын температурасы 27-30°С (март же апрель), эң салкын айыныкы (август) 18-26°С. Жылдын орто температурасы 26°С. Жээктерде жана Конакри шаарынын чөлкөмүндө жаан-чачындын жылдык өлчөмү 4000 ммден ашат. Негизги дарыялары Гамбия, Бафинг, Нигер, Конкуре. Башка жерлеринде орто эсеп менен 1200-1400 мм. Мурдагы жыш токой азыр ар кайсы жерде гана сакталган. Түштүк жана Борбордук аймактарында сейрек токой жана токой аралаш саванналар көп. Кыртышы көбүнчө кызыл топурактуу. Жээк бойлоп мангр токою өсөт. Гвинея айбанаттар дүйнөсүнө (Африка пили, гиппопотам, антилопа, каман, кабылан, гепард) бай. Куштар 522 түрү кездешет. Бирок аң уулоонун кесепетинен алардын саны азаюуда. Ошого байланышгуу Гвинеяда 1 млн га аянтты ээлеген 164 коргоого алынган аймак түзүлгөн (Массив-ду-Зиама жана Бодиар биосфералык резерваты; Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген Мон-Нимба резерваты; Эл-аралык маанидеги 6 нымдуу-саздуу аймактары жана башка).

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Гвинеянын калкынын улуттук курамынын негизин манде тилинде сүйлөгөндөр (фульбе 38,3%, малинке 28,9%, сусу 12%) жана башка майда этностук топтор түзөт. Расмий тили француз тили болгону менен манде (54,3%) жана атлантика тилдериндеги жергиликтүү диалект үстөмдүк кылат. Калкынын жашынын орто узактыгы 49,5 жаш (эркектериники 48,3; аялдарыныкы 50,7). Калкынын көбү суннит тобундагы мусулмандар (2/3 бөлүгү). Жергиликтүү диний ишенимдерди калктын 715%и тутат. Ошондой эле христиандар (8% негизинен католиктер) бар. Эмгекке жарамдуу калк 3 млнго жакын (1989), анын 80%и айыл чарбада, 20%и өнөржай менен тейлөө кызматында иштейт. Калкынын орто жыштыгы 1 км2 жерге 33 киши. Ири шаарлары: Конакри, Канкан, Лабе жана башка

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Гвинеянын аймагында адам неолит доорунда жашагандыгы белгилүү. Анын азыркы аймагы о. кылымдагы Гана, Мали империяларына караган. Мали мамлекетинин ыдырашына байланыштуу Гвинея жеринде майда мамлекеттер пайда болгон. 18-кылымдын 70-жылдарында Фута-Жаллон аймагында көчмөн малчы фульба калкынын аскердик-теократиялык мамлекети түзүлгөн. 15кылымдын орто ченинде Гвинеяга европ-тар келишип, 19кылымга чейин кул соодалашкан. 19-кылымдын аяк ченинде Гвинея европалык ири өлкөлөрдүн ортосунда талашка түшкөн. Француздар бир нече жолу «Түштүк дарыялар өлкөсүнө» (19-кылымга чейин Гвинеянын аймагы ушундайча аталган) согуштук экспедицияларды уюштурган. Гвинея аймагын ээлөө үчүн Улуу Британия менен Германия күрөшкө чыккан. Натыйжада Франция жеңип чыгып, француздар Фута-Жаллондун альмамилери (башкаруучулары) менен протекторат тууралуу келишимдерге кол койгон. 1895-ж. Гвинея Франциянын Сенегал колониясынан өзүнчө колония болуп бөлүнөт. 1904-58-ж. Франция Гвинеясы деп аталат. 1958-ж. 28-сентябрда элдик референдумда шайлоочулардын 95,4% Гвинеянын көзкаранды эместиги үчүн добуш берет. 1958-ж. 2-октябрда Гвинея көзкаранды эмес республика болуп жарыяланат. Ахмад Секу Туре өлкөнүн президенти болуп шайланат. Гвинея 1958-ж. 12-декабрда БУУга кабыл алынган. Кийинки жылдары республика социалдык-экономикалык жана саясий жактан кайра куруу жолуна өттү. Эмгекчилерге акы төлөнүүчү отпуск, пенсия берилип, жер реформалары жана башка чаралар жүзөгө ашырылган. Француз франкынын ордуна улуттук валюта киргизилген. аралы С. Туре дүйнөдөн кайткандан кийин, 1984-ж. бийликке полковник Конте жетектеген аскер адамдары келген. 1990-ж. конституция кабыл алынып, өлкөдө президенттик башкаруу, бир палаталуу парламент жана көп партиялык система киргизилген. 1993, 1998-ж. шайлоодо Конте жеңишке жетишкен. 2001-ж. референдум президентин мөөнөтүн 2003-жылдан тарта дагы 7 жылга узарткан. 2003-ж. Конте үчүнчү мөөнөткө кайра шайланган.

Маданияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Гвинея — тоо-кен өнөржайы бир аз өнүккөн агрардык өлкө. Экономикасы сырткы соодага көзкаранды. Гвинея кенбайлыктардын зор запасына ээ болуусуна карабастан кедей мамлекеттердин катарына кирет. ИДПнин көлөмү 18,99 млрд доллар, анын 23,7%ин айыл чарба, 36,2%ин өнөржайы, 40,1%ин тейлөө кызматы түзөт, киши башына бөлүшгүргөндө 2000 долларддан туура келет. Экспорттун көлөмү 726 млн доллар, импорттуку 646 млн доллар (2003). Гвинеянын айыл чарбасы (балык улоо жана токой өстүрүү менен) ИДПнин 40%ин өндүрөт. Шалы, кофе, банан, ананас, манго, маниок, жүгөрү, батат, балкамыш, жержаңгак, цитрус өсүмдүктөрү ж.б. өстүрүлөт. Өнөржайында (ИДПнин 27%) тоокен өндүрүшү өнүккөн. Боксит (жылына 20 млн о), алтын (17 о), алмаз (53,5 миң карат), алюминийди (боксит менен алюминий экспорттун жарымынан көбүн түзөт) экспорттойт. Кайра иштетүү өнөржайы начар өнүккөнү менен колөнөрчүлүгү кеңири тараган (темир усталык, карапачылык, тери иштетүү жана башка). Ошондой эле электр энергияны өндүрөт (775 млн кВтс). Темиржолунун жалпы узундугу 837 км, автомобиль жолунуку 44,3 миң км (4,3 миң км таштуу). Негизги соода шериктештери: Франция, Кот-д’Ивуар, АКШ, Бельгия, Улуу Британия, Швейцария, Украина жана башка 16 аэропорту, (Эл-аралык аэропорту Конакриде) бар. Өлкөнүн негизги порттору: Конакри, Камсар жана башка. Билим берүүсү 7 жаштан 12 жашка чейин милдеттүү жана акысыз. Кесиптик техникалык билим берүү эки типтеги окуу жайларды камтыйт: 9-класстын базасында жана орто билим алгандар. Алар адистештирилген жумушчуларды даярдайт. Унмверситеттер, политехникалык инстититут, Улуттук искусство мектеби, Айыл чарба инстититуту жана башка окуу жайлары, Улуттук китепкана, Улуттук музей бар. Мамлекеттик күндө жарык көрүүчү гезит, журналдар, мамлекеттик телерадио компаниясы, 5 радиостанциясы иштейт. Гвинеяда алгач фольклор (жомок, тамсил, макал-лакап жана башка) күчтүү өнүккөн. Жазма адабият француз тилинде. Жергиликтүү стилде салынган туракжайлар тегерек формада. Шаарларда европалыктар келгенден баштап террасалары менен тик бурчтуу үйлөр салына баштаган. Элдик оюу-кесүү өнөрлөрүнөн ар түрдүү бет кеп, адам менен айбанаттардын таш жана жыгач статуяларын жасоо өнүккөн. 1960-жылдары профессионал сүрөтчүлөр пайда болгон. Гвинеядагы музыка дүйнөсү Батыш Африка элдеринин мадты менен байланыштуу. 1960-ж. Улуттук балет, 1965-ж бий менен пантомималарды камтыган «Жалиба» ансамбли түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]