Жибути

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Жибути.
Flag of Djibouti.svg
Жибути.

Жибути, Джибeти Республикасы (République de Djibouti) - Африкадагы бир мамлекет. Түндүгүнөн Эритерия, Түштүк-чыгышынан Сомали , түштүгүнөн жана батышынан Эфиопия менен чектешет. Чыгышынан Кызыл деңиздин Аден булуңу чулгап жатат (жээк сызыгынын узундугу 314 км). Аянты 23,2 миң км2. Калкы 790,7 миң (2007). Борбору – Джибути шаары. Расмий тили – араб жана француз тилдери. Акча бирдиги – джибути франкы. Административдик аймагы жактан 5 округга бөлүнөт. Джибети – БУУнун (1977), Африка биримдиги уюмунун (1977), Африка союзу (2002), Блокторго кошулбаган өлкөлөр кыймылынын, Араб өлкөлөрү лигасынын (1977), Ислам конференциясы уюмунун (1994), Чыгыш жана Түштүк Африка жалпы рыногунун (1994), Европа биримдигинин ассоциациялык мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Джибети – унитардык мамлекет. Башкаруу формасы – президенттик республика. Конституциясы 1992-ж. кабыл алынган. Мамлекет жана өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – Улуттук жыйын. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген өкмөт жүзөгө ашырат. Саясий партиялары: Прогресс үчүн элдик биримдик партиясы (ПЭБ), Демократиялык жаңылануу партиясы, Улуттук-демократиялык партия, Биримдик жана демократияны калыбына келтирүү үчүн фронту.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Аден булуңунун жээгине абразия-аккумуляциялык түздүктөр мүнөздүү, айрым жерлери коралл рифтери менен чектелген. Тажура булуңунун Түндүк жана Түштүк жээктери абразия-аккумуляциялык, көбүнчө бийик, жарлуу, айрым жерлеринде кууш пляждары, сайроондор бар. Рельефине бийиктиги 2021 мге жеткен (Муса-Али чокусу, өлкөнүн эң бийик жери) жапыз жана орто бийик жанартоо массивдеринин, жапыз лава платолорунун айкалышып жатышы мүнөздүү. Тажура булуңунан батышта Африка материгинин эң чуңкур жери – Афар ойдуңу жайгашкан, андагы Асаль көлүнүн бети деңиз деңгээлинен 153 м төмөн. Өлкөнүн борбордук жана Түштүк-батыш бөлүктөрүндөгү аккумуляциялык-денудациялык жана аккумуляциялык түздүктөрдүн борбордук чуңкур чактарын туздуу көлдөр жана шор жерлер ээлейт.

Джибетинин аймагы Чыгыш Африка рифт системасындагы Афар ойдуңунда жайгашкан. Жертитирөө тез-тез болуп турат; катуу жертитирөөлөр 1969-, 1988-, 1994-ж. болгон. Аракеттеги жанартоолор бар (Ардукоба жанартоосу акыркы жолу 1978-ж. атылган). Кен байлыктары: сал тузу (Асаль көлүндө), гипс, курулуш материалдары. Терм сууларынын булактары бар. Климаты тропиктик, кургакчыл. Январдын орточо температурасы 25ᵒС, июлдуку 35ᵒС. Жылдык жаан-чачынын өлчөмү 50 ммден (Асаль көлүнүн жээгинде) 300 мм ге чейин (Тажура булуңунун Түндүк тарабындагы тоо капталдарында). Джибетинин аймагы кургак сайлар (уэддер) менен жыш тилмеленген, туруктуу аккан дарыясы жок. Эфиопия менен чектешкен жерде өлкөдөгү жалгыз тузсуз көл – Аббе жайгашкан. Кылкан-бадалдуу жарым чөл өсүмдүктөрү басымдуу, ага суйдаң чөп өсүмдүктөрү жана сейрек өскөн жапыз акациялар мүнөздүү. Шор жерлерде споробол, сведа үстөмдүк кылган галофит өсүмдүктөрү өсөт. Дай улуттук паркында (аянты 10 миң га) арчалуу сейрек токой массиви корголот. Аден булуңун жээктей мангр токою өсөт.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Джибетинин негизги калкы – куштар (89,5%), анын 48,3%ин афарлар, 41,2%ин сомалилер түзөт. Ошондой эле арабдар (7,5%), француздар (2,3%), амхаралар (0,4%), гректер (0,2%), индия-пакистандыктар жана башка жашайт. Калкынын табигый өсүшү 2%; 1000 кишинин ичинен төрөлгөндөрү 35,5, өлгөндөрү 19,3 (2006). Фертилдүүлүктүн эң жогорку көрсөткүчүнө (ар бир аялга 5,3 бала туура келет) байланыштуу жаш балдардын өлүмү өтө жогору (1000 адамга 102 бала). Калктын курактык структурасы: 14 жашка чейинкилер – 43,4%, 15–64 жаштагылар – 53,3%, 65тен ашкандар – 3,3%. Калктын орточо курагы 18,2 жаш. Өмүрүнүн күтүлгөн орточо узактыгы 43,2 жаш (эркектердики – 41,9, аялдардыкы – 44,5 жаш). 105 эркекке 100 аял туура келет. Калкынын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 34 адам. Өлкөнүн калкынын 81% Джибути шаарында (642,8 миң; 2007) жашайт; башка ири шаарлары: Али-Сабих (калкы 41,3 миң), Тажура (22,9 миң), Обок (18,3). Экон. активдүү калкы 282 миң.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Джибетинын түндүгүн биздин заманга чейин. 3-кылымда Арабия дан келген байыркы афар уруулары ээлешкен. Биздин эранын башында афарларды сомалилик исса уруулары сүрүп чыгарат. 825-жылдан ислам дини таркай баштаган. Андан кийин Джибетинин 19-кылымдын ортосуна чейинки тарыхы Сомали жарым аралынын калган бөлүктөрүнүн тарыхы менен байланыштуу (к. Сомали Республикасы). 1862-ж. француздар Обок портун сатып алган. 1888-ж. Француз Сомалисинин бир бөлүгү катары басып алынып, 1896-жылдан Франциянын колониясына айланган жана Джибути шаары анын борбору болуп калган. 1897-ж. Эфиопия менен Франциянын ортосундагы келишим боюнча темир жол куруу маселеси чечилип, 1917-ж. Джибети менен Аддис-Абебаны байланыштырган жол курулуп бүткөн. 1946-ж. Джибетиге Франциянын «Алыскы деңиз аймагы» статусу ыйгарылган. 1960-жылдардын аягында Сомали Республикасынын колдоосу менен исса улутчулдары негизинен афарлардан жана француздардан турган өкмөткө каршы партизандык согушту башташкан. 1967-ж. июндан Франциянын Афарлар жана Иссалар аймагы деп аталып, өз алдынча башкаруу укугуна ээ болгон. 1977-ж. 27-июнда өлкө көз каранды эместикке жетишип, Джибети республика деп аталды. Өлкөнүн биринчи президенти болуп Хасан Гу лед Аптидон шайланды. 1981-ж. ал экинчи жолу шайланып, ошол эле жылы өлкөдө бир партиялык система киргизилген. 1993-ж. ал 6 жылдык мөөнөткө төртүнчү ирет президенттикке шайланган. 1991-жылдан өлкөдө оппозициялык партия – Биримдик жана демократияны калыбына келтирүү үчүн фронтунун (БДККФ) таасири жогорулады. 1993-ж. шайлоодон кийин өлкөдө өкмөттүк аскерлер менен БДККФ тин ортосунда куралдуу кагылышуулар башталды. 1996-ж. каршылаштар ортосунда тынчтык жарашуу келишимине кол коюлуп, 1997-ж. парламенттик шайлоодо БДККФ менен Прогресс үчүн элдик биримдик партиясы жеңишке жетишти. 1999-ж. президенттик шайлоодо ПЭБдин өкүлү Омар Гуллех жеңип чыкты.

Чарбасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Джибети – экономикасы динамикалуу өнүккөн өлкө. Экономикасы Джибути портунун, эл аралык аэропорттун, Джибути – Аддис-Абеба темир жолунун иштөөсүнө, эмгек мигранттарынан түшкөн акчага байланыштуу; жалпысынан соода-сатыкка жана аны тейлөөгө багытталган. Экономикасына сырткы жардамдар жана чет өлкөлүк капитал кеңири тартылат. Финансы сектору джибути франкынын (АКШ долларына байланыштырылган) эркин алмашуусуна шарт түзгөн. Чет өлкөлүк аскер бөлүкчөлөрүнөн (Франция, АКШ, Германия аскер деңиз флотторунун базаларынан) түшкөн кирешенин да мааниси зор. ИДПнин өлчөмү 1,6 млрд доллар (сатып алуусуна жараша; 2005); аны киши башына бөлүштүргөндө 2000 доллардан туура келет. ИДПнин реалдуу өсүмү 3,2% (2005). ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 81%, өнөр жайыныкы 16%, айыл чарбаныкы 3%. Өнөр жай начар өнүккөн; өнөр жайлуу негизги борбору – Джибути шаары. Айыл чарба сырьёсун жана деңиз продуктуларын кайра иштетүүчү, тамак-аш (сүт, ун, кондитердик азыктарды, минералдуу суу чыгаруучу заводдор), текстиль, булгаары, кагаз, фармацевтика боюнча чакан өнөр жай ишканалары басымдуу. Джибути портунда нефтини кайра иштетүүчү жана сактоочу, курулуш материалдарын, деңиз тузун чыгаруучу заводдор, механикалык жана тигүү устаканалары иштейт. Өндүрүлгөн электр энергиясы (240 млн кВт/с; 6 ЖЭС иштейт) өлкөнүн ички муктаждыгын (223,2 млн кВт/с; 2003) толук камсыз кылат. Асаль көлү ченде геотермалдык станциясы курулууда (2007).Айыл жана балык чарбалары калктын азык-түлүккө болгон муктаждыгын 10%ке чейин гана канааттандырат. Айдоо жери жокко эсе. Айыл чарбанын негизги багыты – көчмөн жана жартылай көчмөн мал (эчки, кой, төө, уй, эшек) чарбасы. Негизинен жашылча, бакча, мөмө-жемиш өстүрүлөт. Балык жана бермет, коралл, деңиз былпылдагын уулоо өнүккөн. Джибути – Адис-Абеба темир жол иштейт (Джибути жак бөлүгүнө Эфиопия менен кошо ээлик кылат; узундугу 106 км). Автомобиль жолунун узундугу 2,9 миң км. Жүктүн негизги бөлүгү Джибути порту аркылуу өтөт. Порттон 10 км аралыкта жаңы Дорале порту курулууда (2004-жылдан). 13 аэропорт, Джибути шаарында эл аралык аэропорт бар. Импортунун товардык наркы (987 млн доллар; 2004) адатта экспорттун наркынан (250 млн доллар) ашат. Негизги экспорттолчу товарлары: булгаары жана тери, кофе (транзиттик), реэкспорттук операциялар. Экспорт боюнча негизги соода шериктештери: Сомали (наркынын 53%), Йемен (23%), Эфиопия (5%). Транспорт жабдуулары, азык-түлүк, нефть продуктулары, химикаттар, дары-дармек, өнөр жай буюмдары негизинен Франциядан (13%), Эфиопиядан (12%), Италиядан (9%), ошондой эле Индия, Кытай, Сауд Арабиясы жана башка өлкөлөрдөн сатылып алынат.

Маданияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Билим берүү тармагында акысыз жана сөзсүз түрдө 6 жылдык баштапкы билим берүү киргизилген, бирок көпчүлүк окуучулар үчүн ал Куранды окуп-үйрөнүү менен чектелет. Баштапкы билим берүүчү мектептер мамлекеттик жана Рим-католик чиркөөсүнүн жетегинде. Орто мектептерде окутуу мөөнөтү 7 жыл. Калктын жалпы сабаттуулугу (15 жаштан жогору) 68,6%ти түзөт (2004). Жогорку билимге ээ болууну каалагандар Джибети университетинен билим алышат (2006). Адабияты негизинен француз тилинде калып танган. Джибети жазуучу-акындарынын көркөм чыгармаларында негизинен өлкөдөгү кырдаалды чагылдырган социалдык-саясий, анын ичинде африка салт-санааларынын сакталышы тууралуу маселелер камтылган. Драматургдар И. А. Абди, А. М. Робле, акындар Ш. Ватта, И. Й. Эльми жана башка-дын чыгармалары калк кадырлап, сүйүп окуган чыгармалардан. Айрыкча, А. Ваберинин «Көлөкөсүз өлкө» (1994) аңгемелер жыйнагын, «Транзит» романын (2003) белгилеп кетсе болот. Музыка өнөрүндө жергиликтүү калктын – афар, сомалийликтер жана арабдардын салттуу өнөрү таасын байкалат. Алардын ичинен афар ырчысы – Шейх Ахмад көпчүлүккө таанымал. Шаарларда болсо батыш музыкасынын таасири өтө чоң. Апталык «La Nation de Doibouti» гезити жана башка басылмалар чыгып турат. 1978-ж. Джибети маалымат агентчилиги түзүлгөн. 1956-ж. өкмөттүк радиоберүү жана телекөрсөтүү кызматы негизделген. Берүүлөр француз, араб, афар, сомали тилдеринде уюштурулуп, Джибути шаарында жана анын тегерегинде гана уктурулат. Жеке менчик радио, телекомпаниялар жок. АКШ тарабынан кар жыланган «Radio Sawa» Джибути шаарындагы станциядан Чыгыш Африкага араб тилинде уктурууларды таратат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1