Мазмунга өтүү

Арабдар

Википедия дан
Араптар (1934-1939).

Араптар, (өздөрүн аль-араб деп аташат) - элдердин тобу (алжирликтер, египеттиктер, марокколуктар жана башкалар), Батыш Азиянын жана Түндүк Африканын негизги калкы.

Азияда жашагандары (2000-жылы): Иракта 15 млн, Сауд Аравиясында 18,9 млн, Бириккен Араб Эмирлигинде 1,1 млн, Кувейтте -1,5 млн, Катарда 302 миң, Йеменде 16,7 млн, Оманда 1,2 млн, Бахрейнде 401 миң, Сирияда 14 млн, Ливанда 2,8 млн, Палестинада 1,9 млн, Израилде 855 миң, Иорданияда 6,5 млн; Африкадагылары: Мисирде 63,3 млн, Ливияда 4,8 млн, Тунисте 9,4 млн, Алжирде 23 млн, Мароккодо 14,7 млн, Батыш Сахарада (маврлар) 226 миң, Мавританияда 1,7 млн.

Арабдар ошондой эле Иранда (хузистан арабдары - 1,7 млн), Пакистанда (156 миң), Индияда (101 миң), Индонезияда (212 миң), АКШда (3,7 млн), Мексикада (989 миң), Бразилияда (221 миң), Венесуэлада (111 миң), Аргентинада (1,2 млн), Францияда (1,9 млн), Германияда (221 миң), Бельгияда (178 миң), Россияда (11 миң; 2002-жылкы эл каттоо боюнча) да жашайт.

Араб тилинин жергиликтүү диалектилеринде сүйлөшөт, дини - ислам. Мусулман-сунниттер басымдуулук кылат. Бир кыйласы ислам дининин башка багыттарында. Шииттер, анын ичинен друздар жана нусайриттер Иран, Ирак, Сирия, Ливан, Кувейт, Бахрейн, Бириккен Араб Эмирлиги, Сауд Аравиясы, Йеменде; ибадийлер Түндүк Африка жана Персия булуңундагы араб өлкөлөрүндө; арабдардын арасында - Египет христиан - копталары, Ливан православдары жана марониттер; Ливан, Сирия, Иорданияда мелькиттер жана башкалар бар.

Арабдардын ата-бабалары катары Аравия жарым аралынын байыркы уруулары (бедуиндер) эсептелет. 7-кылымда ислам дининин пайда болушу жана Араб халифатынын түзүлүшү менен Аравиянын мурдагы чачкын урууларынын биригүүсүнө алып келген. 7-кылымдын башынан Арабдардын басып алуулары башталып, отуз жылдын ичинде Сирия, Палестина, Египет, Иран, Орто Азия, Закавказье жана Түндүк Африканы каратып алышат. Арабдардын эң зор мамлекети - Араб халифаты түзүлүп, Атлантика океанынан Индияга, Орто Азиядан БорборуАфрикага чейинки мамлекеттерге үстөмдүк кылган. Азыркы арабдардын этностук негизин жеңип алган өлкөлөрдүн байыркы калктары-арамейлер, финикиялыктар, египеттиктер, ливиялыктар менен аралашуусунун натыйжасында түзүлгөн. Кийин Араб халифаты кулап, анын ордуна бир катар араб мамлекеттери: Палестина, Сирия, Ливан, Ирак, Египет жана Түндүк Африка өлкөлөрү пайда болгон. 19-кылымда Осмон империясынын кулашы, 20-кылымда европалык колониячыларга каршы улуттук-боштондук күрөш арабдардын саясий боштондугуна жана улуттук биримдиктин чыңдалышына алып келди. Көчмөн жана жарым көчмөн арабдар - бедуиндер мал чарбачылык (негизинен төө багышкан) менен кесип кылып, кара жүндөн жасалган (көбүнчө эчкиники) чатырларда, ал эми отурукташкан арабдар дыйканчылык менен кесиптенишип, сырты дубал менен курчалган бир кабаттуу үйлөрдө жашашкан. Арабдардын архитектурасы жана жасалга-колдонмо өнөрү өтө өнүгүп, дүйнөлүк маданиятка зор таасирин тийгизген. Арабдар фута (кенен белдемчи), жеңсиз, кенен кемсел, узун көйнөк кийишип, эркектери башына чалма оронушат. Аялдары асем кооздук буюмдарды тагынышып, көпчүлүк жерлерде жүзүн жаап жүрүшөт, денесине сүрөт чектирип, боёп да алышат. Бедуиндердин тамак-ашы - төөнүн сүтү, арпа, буудай, таруу жана жүгөрү наны, ошондой эле курма. Отурукташкан арабдар дан, сүт азыктарын, жер-жемиштерди, жашаган аймактарына жараша кээде эт азыктарын пайдаланышат. Мусулман арабдар ислам эрежелерин сакташып, ыйык рамазан айында орозо кармашат, ошондой эле алкоголдук ичимдиктерге жана чочко этине тыюу салынган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]