Марокколуктар

Википедия дан

Марокколуктар, марокколук арабдар, Марокко араб-берберлери (өздөрүн магариба деп аташат) – эл, Марокконун негизги калкы. Саны 2,5 млн киши (2009). Түндүк Африкада (Суданда 300 миңдей, Алжирде 200 миңдей), ошондой эле 1 млндой марокколуктар Франция, Белгия, Нидерланд, Испания, АКШ, Канада ж. б. өлкөлөрдө жашашат. Динге ишенгендери – мусулман-сунниттер. Араб тилинде сүйлөшөт. 7–12-кылымда жергиликтүү бербер уруулары менен арабдардын ассимиляцияланышынан марокколуктардын этностук негизи түзүлгөн, ошондой эле 11–17-кылымда Марокко Батыш Судан өлкөсүнөн келген негрлер менен аралашкан. Марокколуктар улуту Марокконун көз карандысыздыгы үчүн франциялык жана испаниялык үстөмдүккө (1912–56) каршы күрөштө калыптанган. Негизги кесиби – дыйканчылык. Марокколуктар көчмөн жана жарым көчмөн калк. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Марокколуктардын көпчүлүгү айыл чарбасында жана өнөр жайда иштешет. Улуттук тамак-ашы – жалпы арабдардыкына окшош. Негизги суусундугу – жыттуу көк чай.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]