Алжирликтер

Википедия дан

Алжирликтер — араб эли. Алжирдин негизги калкы.
Саны 32 млн адам.

Алжирликтер

Алжирдик атчан киши
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 32 млн адам
 Алжир

Тили

араб тили:

  • адабий тили
  • алжир диалекти

француз
бербер тилдери

Дини

Исламдын сүннөт багыты (маликит мазхабы)

Расалык тиби

европеоид (жер ортолук деңиз варианты)

Кирет

семиттер

Басымдуу көпчүлүгү Алжирдин түндүгүндө, башкача айтканда Атлас тоолору менен Жер ортолук деңиз жээгинин ортосунда, жашайт (бул 1/6 өлкөнүн территориясы).

Тил[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекет тили араб тили, анын адабий түрүндө. Бирок алжирликтердин көбү араб тилинин алжир диалектинде сүйлөйт. Андан тышкары Алжирде француз тили да кеңири таралган (11,2 млн адам француз тилин билет).
Кээ бирлери жергиликтүү бербер тилдеринде сүйлөшөт.

Дин[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Исламдын сүннөт багытынын маликит мазхабын тутушат.

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алгач Алжирди бербер тилинде сүйлөгөн уруулар жашаган. Алар 4000 жыл мурун Азиядан бул жакка көчүп келишкен. Арабдар 7—8-кылымдарда исламдык басып алуулар жана 11—13-кылымдарда көчмөндөрдүн миграциясы мезгилинде Алжирдин аймагына отурукташкан. Отурукташкандардын эки толкунунун автохтондук калк менен аралашуусу маданий өнүгүүсүндө араб элементи басымдуу роль ойногон араб-бербер этникалык тобунун пайда болушуна алып келген. Этностун калыптанышына берберлерден тышкары карфаген, рим, вандал, алан жана византиялык калктын калдыктары, андалузия (испан) маврлары, түрктөр, "гинауа" (Батыш Африканын негрлери), француздар да катышкан. Алжир коомунун негизги этникалык чакан тобу катары берберлер өлкөнүн турмушунда маанилүү роль ойношот. Берберлер өлкөнүн калкынын 1/5 бөлүгүн түзөт.

Чарбалык иштер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги салттуу кесиби — айдоо жер чарбасы (буудай, арпа, цитрустар, жүзүм, оливкалар, финиктер ж.б.). Кой жана төө чарбалары кеңири таралган.
Жыйноочулук (альфа чөп жана тыгын дарактарын кабыгын чогултуу).
19-кылымда тоо-кен өнөр жайы, 20-кылымдын орто ченинде мунай жана газ өндүрүшү пайда болгон.

Турак жай[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алжирликтердин көбү шаарларда жашашат. Алжирликтердин салттуу турак жайларынын түрлөрү ар түрдүү. Жашаган районуна жараша, бул таш, жыгач же сокмо имараттар. Көчмөндөрдүн чатырлары бар.

Кийим[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эркектер үчүн кенен кебез же жүн көйнөк — джеллаба, кең шым, саймалуу жилет жана кафтан. Баш кийим — кызыл кийиз феска — тарбуш же шешиа. Аялдар үчүн — саймалуу кенен көйнөк (гандура), пахта кездемелеринен, жибектен же баркыттан тигилген кафтандар. Бут кийим — сандалдар, булгаары же кездемеден жасалган учтуу тумшук, аркасы жок бабуштар, же оор собаттар.

Тамак-аш[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Салттуу тамак-ашка жалпы араб элдеринин (токочтор, куурулган-мешви, шакшука, түрдүү соустар), ошондой эле бербер жана африкалык тектүү тамактары (кускус, тажин ж.б.).

Маданият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алжирликтердин фольклору берберлердин жана Андалусия мусулмандарынын олуттуу таасирин башынан өткөргөн.
Салттуу музыкалык искусстводо башка араб өлкөлөрүндө белгилүү аспаптар – уд, ребаб, канун, урма (бендира ж.б.) аспаптар да колдонулат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]