Арабдардын жеңип алуулары

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Арабдардын жеңип алуулары - Араб жарым аралындагы уруулар көтөрүлүшүн (632-633) басып, Халифатты түзгөн соң, Медина өкмөтү баштаган жортуулдар. Бул арабдардын Жакынкы жана Орто Чыгышты, Түндүк Африканы жана Түш.Батыш Европаны багындыруу менен аяктаган. Арабдардын жеңип алуулары ислам дининин урааны астында жүргүзүлгөн жана анын 1-этабы 7-кылымдын 30-50-жылдарда халифтер Абу Бекр (632-634), Омар (634-644) жана Осмондун (644-656) учурунда болгон. Алардын башчылыгы менен араб аскерлери жортуул жасап, Аравия жарым аралынан Аму-Дарыяга чейинки жерлерди багындырган. Мисалы, 633-640-жылы Палестина жана Сирияны, 633-652-жылдарда бүткүл Сасаниддер мамлекетин (Аму-Дарыяга чейин) каратышкан. Арабдар 640-654-жылдарда Армения менен Грузияны, 639-646-жылдарда Түндүк Африканын көп жерлерин, 648-жылы Кипрди басып алышкан. Арабдардын жеңип алууларынын 2-этабы 7-кылымдын аягында башталган. Алар 709-жылга чейин бүткүл Түндүк Африканы ээлеп, андан ары Танжерге жана Атлантика океанынын жээктерине чейин барышат. 711-жылы Тарик жетектеген арабдардын жана берберлердин аскерлери Пиреней жарым аралына жетип, узак кармашуулардан кийин Кордова, Толедо жана башка шаарларын басып алып, 718-жылы Пиреней жарым аралы толук арабдардын колуна өткөн. Алар 720-жылы Галлияны басып кирип, Септиманияны жана Нарбоннду баш пйдиришет. Арабдардын Европага жапырыгын жана жортуулдарын франктардын атчан аскерлери жана Карл Мартеллдин жөө аскерлери Пуатьенин алдындагы салгылашуудан кийин токтоткон. 759-жылы Кодоо Пипиндин аскери Нарбонн менен Септиманияны ээлеп алгандан кийин арабдардын жеңип алуулары биротоло токтойт. Чыгышта арабдар 706-712-жылдарда Согд менен Хорезмди, 711-713-жылдарда прандык Мекран провинциясын баш ийдиришет. 8-кылымдын 1-жарымында Закавказьени, 9-кылымдын 1-жарымында Крит, Мальта, Сицилияны каратышат. 9-кылымдын 2-жарымынан арабдардын жеңип алуулары негизинен токтойт. Арабдардын жеңип алууларынын натыйжасында бир катар каратылган өлкөлөрдүн калкы арабдаштырылган. Араб тили, дини, материалдык жана рухий маданиятынын көп элементтери аларга баш ийген өлкөлөрдүн элдерине чоң таасир тпйгпзген. Ошону менен катар арабдар өзү басып алган элдердин маданиятынын көп жактарын сиңирип алышып, араб маданиятынын өзгөчө бир тармагын түзүшкөн. Орто Азия, Иранда, Закавказьеде жана Пиреней жарым аралында арабдардын үстөмдүгү ошол өлкөлөрдөгү элдердин боштондук күрөшүнүн натыйжасында жоюлган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]