Умар ибну Хаттаб

Википедия дан

Калып:Умар

Умар ибну Хаттаб (Абу́ Хафс ’Умар ибну ал-Хатта́б ал-’Адавий ал-Курайши) (араб. عمر ابن الخطاب‎‎; أبو حفص عمر بن الخطاب العدوي القرشي‎‎; 585, Мекке — 3-ноябрь 644, Мадина) – Мухаммед пайгамбардын La bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png жакын досу жана сахабасы, чыгаан коомдук жана саясий ишмер, экинчи Адил халиф. Болжол менен 585-жылы Меккеде төрөлгөн. Атасы Хаттаб ибну Нуфайл болгон, энеси - Хантама.

Өмүр баяны[оңдоо | булагын оңдоо]

Исламга чейин[оңдоо | булагын оңдоо]

Анын Исламды кабыл алганга чейинки жашоосу тууралуу кабарлар аз. Белгилүү болгону, ал башында малчы болгон, кийин соода менен алекетенген. Акырындап Меккедеги таасирлүү адамдардан боло баштаган. Аны уруулар аралык ар кайсы чатактарды чечүү үчүн көп чакырып турушкан.
Умар катаал мүнөздүү болгон жана башында мусулмандарга карата болгон мамиледе келишпес позицияны ээлеген. Иш ушуга чейин барган, ал Мухаммед пайгамбарды La bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png элди ата-бабасынын бутпарастык ишенимдеринен баш тартуусуна чакыргандыгы үчүн өлтүрүүнү чечкен. Бирок, ага бара жаткан жеринен ал Нуайм ибну Абдулланы жолуктуруп, андан өзүнүн карындашы менен күйөбаласы да Исламды кабыл алгандыгы тууралуу кабар угат. Муну укканда Умар ого бетер каарданып, үйүнө жөнөгөн. Андан карындашы менен күйөбаласынын Куран окуп жатышкандыгын байкайт. Ачуусу менен күйөбаласын уруп баштайт, алтургай карындашына да колу тийет, бирок анан кайра жумшарып, Курандын аяттарына кызыгы туулат. Китептин кагаздарындагы маани-мазмун менен таанышкандан соң, ал ынаным көрсөтүп, Исламды кабыл алган. Ошондон кийин Умар رضي الله عنه.png Мухаммед пайгамбарга La bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png, мусулмандар чогулуп олтурган Аркамдын үйүнө жөнөдү жана алардын алдында ишенимине күбөлүк келтирди. Бул окуя Мухаммеддин La bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png пайгамбарлык ишмердигинин башталышынан алты жыл өткөндө болгон.

Алгачкы мусулмандардын катарында[оңдоо | булагын оңдоо]

Умар رضي الله عنه.png чечкиндүү, өжөр жана тайманбас адам болгон. Исламды кабыл алары менен ал өзүнүн диндештери менен, бутпарастардын каршылыгына карабастан, күч менен Каабага өтөт, анан андан мусулмандар алгач ирет жамаат менен намаз окушкан. Ал ишенимин жашыруудан баш тарткан. Умардын رضي الله عنه.png Исламды кабыл кылышы, жана анын Исламдын позицияларын Меккеде орнотуу ишиндеги чечкиндүүлүгү мусулмандардын көңүл-көөнүнө абдан жаккан. Өзү رضي الله عنه.png болсо, ушундан тарта пайгамбардын La bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png жанында болуп, анын коопсуздугуна кам көрө баштаган.
Умар رضي الله عنه.png Меккедеги мусулмандарга карата болгон катаал куугунтуктардын учурунда да өзүнүн тайманбастыгы жана кайраттуулугу менен айырмаланган. Качан Мухаммед пайгамбар La bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png мусулмандарды Мадинага көчүүгө буюрганда, көбүнчөсү шаардан жашыруун көчүп чыгышкан эле. Бирок Умар رضي الله عنه.png мында да жашырынуудан баш тартып, душмандарынын эч бирисинен коркпостон, хижраны (көчүүнү) элдин көзүнчө жасаган.

Мадинадагы жашоо[оңдоо | булагын оңдоо]

Мухаммед пайгамбардын La bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png жашоосунун мадиналык мезгили бою Умар رضي الله عنه.png жаш мусулман мамлекетинин бардык маанилүү иштерине катышкан. Ал Бадрдагы, Ухуддагы, Хандактагы, Хайбардагы жана башка салгылаштарга катышып, тобокелдиктин жана баатырдыктын укмуштуу үлгүлөрүн көрсөткөн. Мунун натыйжасында ал мусулман мамлекетинин эмгеги сиңген лидерлеринин бири болуп чыккан.

Мухаммед пайгамбардын La bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png өлүмүнөн кийин Умар رضي الله عنه.png Халифаттын кийинки тарыхында чоң роль ойногон. Анын чечкиндүүлүгүнүн аркасынан Бану Саиддин сакифиндеги чогулушта Абубакр رضي الله عنه.png халиф болуп шайланган. Анын башкаруу мезгилинде Умар رضي الله عنه.png анын башкы жардамчысы болгон. Өлүмү алдында Абубакр رضي الله عنه.png Халифатты Умарга رضي الله عنه.png тапшырган. Ошентип, 13/634-жылы Умар رضي الله عنه.png экинчи Адил халиф болгон. Бардык мусулмандар аны бир ооздон колдоп кетишкен.

Умар — экинчи халиф[оңдоо | булагын оңдоо]

Адил халифтердин тушундагы араб ээлөөлөрү. I — Мухаммед (с.а.в.) өлөөрүндөгү Ислам бийлигинин башкаруусундагы аймактар; II — Абубакрдын (р.а.) тушундагы каратуулар; III — Умар (р.а.) тушундагы каратуулар; IV — Усман (р.а.) тушундагы каратуулар

Халиф болуу менен Умар رضي الله عنه.png Мухаммед пайгамбар La bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png менен биринчи халиф Абубакрдын رضي الله عنه.png иштеринин улантуучусу болгон. Сейрек кездешүүчү сапаттары, таланты, мамлекетти жөндүү башкара билүүсү Халифаттын улуу ийгиликтерине алып келген, Халифаттын аскерлери Византия жана Иран сыяктуу айбаттуу атаандаштарды талкалай алышкан. Халифаттын аскерлери Йармукта, Кадиссияда, Нехавендде укмуштуу жеңиштерге жетишкен. Халифаттын бийлиги Жакынкы Чыгышка, Иранга, Мисирге жана алтургай Түндүк Африканын айрым бөлүктөрүнө чейин жеткен. Бул жеңиштер аркылуу бүт бул региондордун калктары Ислам менен жана мусулмандар менен таанышышкан. Убакыт өтүп, бул элдердин көбүнчөсү Исламды кабыл алышкан. Исламды жайылтууда жана аны дүйнөлүк динге айлантууда Умар رضي الله عنه.png артыкча роль ойноду.

Өлүм[оңдоо | булагын оңдоо]

Масжид ан-Набавидеги Умардын(р.а.) мүрзө үстүндөгү плита, Мадина

Чынында эле улуу болгон бул адамдын өмүрү чыккынчылыктын (заговор) натыйжасында үзүлгөн, аны болсо, Умардын رضي الله عنه.png жасаган Ирандын Халифаттын армиясынан толук талкаланып калышындай чечкиндүү саясаты үчүн өч алуу максатында персиялык кул Фируз (Абу Лулу) 23/644-жылы Зулхижа айында ишке ашырган. Фируз багымдат намазында имамдыкта турган халифке капысынан кол салып, ага бычак менен алты оор жаракат келтирген.
Оор жараланган Умар رضي الله عنه.png өлүмдү эркекче кабыл алган, бирок мунун алдында ал Мухаммед пайгамбардын La bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png алты таанымал сахабасынан: Усман ибну Аффан, Али ибну Абуталиб, Талха ибну Убайдулла, Зубайр ибну ал-Аввам, Абд ар-Рахман ибну Ауф жана Саад ибну Абуваккастардан رضي الله عنه.png турган Кеңешмени уюштурууга буйрук берүүгө жетишкен эле. Аларга үч күндүн ичинде бир ынтымакка келишип, өздөрүнүн арасынан бирөөсүн жаңы халиф кылып тандоолору буюурулат. Натыйжада, үчүнчү Адил халиф Усман ибну Аффан رضي الله عنه.png болгон.

Илимде[оңдоо | булагын оңдоо]

Өзүнүн жакшы (изги) сапаттары, кайраттуулугу, тайманбастыгы, адилеттүүлүгү, саясий ишмердик жана аскербашчылык талантынан сырткары Умар رضي الله عنه.png исламий илимдердин чоң билгичи да болгон. Ал رضي الله عنه.png Куранды чечмелөөчү, хадис жана фыкыхтын (мусулмандык укуктун) билгичи болгон. Бул илимдердин бардыгын ал пайгамбардын La bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png өзүнөн түздөн-түз үйрөнгөн.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Али-заде А. Исламский энциклопедический словарь. — Ансар, 2007. — ISBN 5-98443-025-8

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

Калып:Сахабалар