Абубакр Сыддык

Wikipedia дан
Abu bakr.png
 
Атасы: Усман
Балдары: сыновья: Абд ур-Рахман
дочери: Аиша, Асма

Абу Бакр (р.а.) (Абу Бакир сахаба) ( 13/634) - Мухаммед пайгамбардын (с.а.в.) эң жакын жолдошу, эң жакын сахаба, көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмер, Адилеттүү халифалардын биринчиси. Пайгамбар (с.а.в.) өзү аны Абдулла, ал-Атик жана ас-Сыддык деп атаган. Тайм уруусунан чыккан жана атасынын аты Абу Хулафа Усман, ал эми апасы Умм аль-Хайр Сальма болгон.

Өмүр баяны[оңдоо]

Алгачкы мусулмандардын катарына кошулушу (Меккеде)[оңдоо]

Абу Бакр (р.а.) Пил жылына эки жыл калганда дүйнөгө келген (572). Ал биринчилерден болуп исламды кабыл алган жана өмүрүнүн калган бөлүгүн бүт бойдон исламдын түпкү маңызына умтулууга арнаган. Абу Бакр (р.а.) кеңпейил адам болгон жана кийим кече, кездеме сатып соода кылган. Бул иши менен ал 40 000 дирхемге (арабдардын күмүш тыйыны) чейин ээ болууга жетишип, бүт бойдон мусулман жамаатынын керектөөсүнө короткон.

Ислам динине байланыштуу макалалар

Ислам

Ислам тарыхы

Ыйман

КелмеПериштелерЫйык китептерПайгамбарларАкыретТагдыр

Ислам негиздери

КелмеНамазОрозоАжылыкСадака

Китептери жана мыйзамдары

КуранСүннөтХадис
Сира
ШариятМазхаб

Тарых жана ислам өкүлдөрү

Мухаммед пайгамбар
(La bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png) •
Адил халифтер(رضي الله عنه.png)
Сахабалар(رضي الله عنه.png)


Мусулман түшүнүктөрү

АзанБатаДааратПарзДааватТалакГусулЖин

Коомдогу орду

Ислам таанууИлим
ӨнөрМечитЖыл санакМайрамдарАялзатынын ордуЖихад

Кошумча караңыз

Ислам порталыГлоссарий


Абу Бакр (р.а.) Мухаммед пайгамбардын (с.а.в.) эң жакын досу болуп, өмүрүнүн аягына чейин андан алыстаган эмес. Көптөгөн өтө маанилүү маселелерди чечүүдө пайгамбар көбүнчө Абу Бакр (р.а.) менен кеңешкендиктен, арабдардын көзүнө пайгамбардын вазири сыяктуу болуучу. Мухаммеддин (с.а.в.) пайгамбарлыгынын башынан баштап эле Абу Бакр анын ар бир сөзүнө ишенер эле. Мисалы, пайгамбар Мираж тууралуу жарыялаганында, Абу Бакр биринчи болуп, Мухаммеддин (с.а.в.) ар бир сөзүнө ишенерин билдирген. Пайгамбар (с.а.в.) Абу Бакрды (р.а.) ас-Сыддык (Чынчыл) деп атаган.

Меккеде жүргөн кезинде Абу Бакр (р.а.) мусулман жамаатынын өнүгүүсү үчүн чоң-чоң салымдарын кошкон. Ал кайрымдуулук, кайыр садака кылып, кедей кембагалдарга жардамын берип, ал тургай, кыйноодо жаткан Билал, Хаббаб, Лубайна, Абу Фукайха, Амир сыяктуу (р.а.) ж.б. кул, туткундарды бутпарастардан төлөп куткарып алган.

Меккедеги мусулмандарды куугунтуктоо башталгандан кийин, пайгамбар башка мусулмандар тобу сыяктуу Абу Бакрды (р.а.) да Эфиопияга жөнөтүүнү чечет. Бирок, жолдон ал атактуу уруу башчылардын бири болгон Ибн Дуккунга жолугуп, ал өз колдоосун берем деген соң, аны менен бирге кайра Меккеге кайтып келет. Шаарга кайтып келген Абу Бакр (р.а.) өз ишенимин жашыруудан баш тартып, ачыкча жашоосу менен өз ишмердигин улунтат. Бул кылганын жактырбаган Ибн Дуккун аны колдоодон баш тартат.

Пайгамбарлыктын башталышынан 13 жыл өткөндө, белгилүү болгон, мусулмандардын Меккеден Мадинага көчү (хижра) башталган. Бул көчтө акыркылардан болуп Мухаммед пайгамбар (с.а.в.) Абу бакр (р.а.) менен бирге Меккеден чыгып, Мадинага жол тарткан. Меккеден чыккан кезде бутпарастардын артынан түшүүсүнөн улам бекинүү үчүн, алар Саур үңкүрүндө бирге болушкан. Абу Бакрдын (р.а.) өмүрүндөгү ушул окуя Куран аятында да орун алган:

“Кайгырба, Аллах биз менен бирге эмеспи” (9: 40).

Хижрадан кийин (Мадинада)[оңдоо]

Мадинага келгенден кийин Мухаммед пайгамбар (с.а.в.) Абу Бакр (р.а.) менен туугандашып, анын кызы Аиша менен үйлөнгөн. Бул шаарда Абу Бакр (р.а.) өзүнүн активдүү кызматын улантып, жамааттын бардык маанилүү иштерине катышып турган. Ал, пайгамбар (с.а.в.) жана башка мусулмандар менен бирге тарыхтагы алгачкы мусулман мамлекетинин негизин түзүүгө катышкан. Ал Бадр, Ухуд, Хандак, Хайбар, Хунайн согуштарына ж.б. согуштарга катышкан. Абу Бакрдын (р.а.)исламды кармануусу ушунчалык бийик деңгээлде болгондугун, Бадрдагы салгылашууда бутпарас (мушрик) бойдон калган өзүнүн уулу Абдуррахман менен каршылашууга туура келсе дагы согушканынан байкасак болот.

Мухаммед пайгамбар (с.а.в.) өмүрүнүн аягында ден соолугу начарлап калгандыктан, жамааттык намаздарды башкаруу ишин Абу Бакрга (р.а.) тапшырат. Бул абал Абу Бакрды (р.а.) биринчи адилеттүү халифа катары чечүүдө да мааниге ээ болуп калды. Пайгамбардын (с.а.в.) ага сыйынуу иштеринин милдетин өткөрүүсү, жердеги иштерди да милдетин алууну түшүндүргөн эле.

Абу Бакр — биринчи халифа[оңдоо]

Адилет халифалардын тушундагы арап каратып алуулары. I — Мухаммед (с.а.в.) өлөөрүндөгү ислам бийлигинин башкаруусундагы аймактар; II — Абу Бакрдын тушундагы каратуулар; III — Умар тушундагы каратуулар; IV — Усман тушундагы каратуулар

11/632-жылы Мухаммед пайгамбардын (с.а.в.) өлүмүнөн кийин ансарлар (мадиналык мусулмандар) жаш мусулман мамлекетинин келечектеги тагдыры тууралуу кабатырланып, дароо меккелик Бану Саиддин үй-бүлөсүнүндөгү чогулуш болчу жерге (сакифке) чогулушат. Ансарлардын көбүнчөсү хазражиттер болгон эле. Алар жалпы добуш менен өз лидери Саад бин Убадды халифалыкка коюуга макулдашышат.

Бану Саиддин сакифиндеги ансарлардын чогулушу тууралуу билери менен, дароо бул жакка Абу Бакр ас-Сыддык (р.а.), Умар бин Хаттаб (р.а.) жана Абу Убайда Амир бин ал-Джаррахдар (р.а.) да кирип келет. Талкуулардын натыйжасында алар ансарларга мамлекеттин келечектеги бекемделишине жана элдин коопсуздугу үчүн кам көрүүгө мухажирлер (меккелик мусулмандар) дагы кызыктар экенин ынандырышат. Ошондо гана, ансарлар Мухаммед пайгамбардын керээзиндей, халифаны курайш уруусунун өкүлдөрүнөн тандоого макул болушат. Ошентип, сөз кезегин алган Абу Бакр (р.а.) талкууга болгон ыраазычылыгын билдирип, халифалыкка Умар бин Хаттабды сунуштайт. Бирок, ага жооп катары Умар менен Абу Убайда пайгамбардын биринчи ордун басуучулук милдетине барынан татыктуураагы Абу Бакр (р.а.) экендигин билдиришет. Алар ага Саур үңкүрүндө ал гана пайгамбардын жолдошу болгондугун жана пайгамбар үчүн өмүрүн кыйганга даяр болгондугун эстетишет жана дагы бир жолу пайгамбар аны гана жамааттык намаздын башчылыгына дайындаганын эске салышат.

Муну айтып соң, Умар (р.а.) Абу Бакрдын (р.а.) колунан кармап, аны халифа катары таанып, өзүнүн ишеним антын берет. Анын артынан Усайд бин Худайр жана Башир бин Саад, андан кийин ал жердегилердин бардыгы Абу Бакрга (р.а.) ант беришет. Ошентип, 12 Раби (I), хижранын 11-жылы Абу Бакр биринчи Адилеттүү халифа болуп шайланат.

Эртеси күнү, Абу Бакр халифа (р.а.) Мадинанын мечитинен элдин антын кабыл алат. Саад Убад болсо, кийинчерээк ал дагы халифага ант берет, андан кийин Сирияга жиберилип, ал жактан согуштардын биринде каза тапкан.

Абу Бакр (р.а.) болгону 2 жыл, 3 ай жана 10 күн гана халифа болгондугуна карабастан, ал диндин жана мусулман мамлекетинин бекемделиши үчүн ушунчалык маанилүү кадамдарды жасагандыгынан, бул адамдын ислам тарыхындагы орду жана мааниси үчүн туруктуу баа коюу мүмкүн эмес.

Абу Бакрдын (р.а.) халифа катары зор эмгектеринин бири - мусулман мамлекеттүүлүгүнүн сакталышы жана бекемделиши. Анын халифа болуп шайланышынан кийин дароо эле Халифалыктын бүлүнүүсү үчүн кызыктар болгон күчтөр пайда болот. Бул аракеттердин көбүнчөсү ар кандай уруу башчыларынан чыгып, алар Арабияны исламга чейинки мезгилдегидей, мурунку бытыранды абалына келтирүүнү каалаган эле. Ошондой эле, алар зекет төлөөдөн баш тартып, борбордук бийликке баш ийүүнү жана мамлекеттин казынасына салык төлөөнү каалашкан эмес. Бирок, зекет берүү ислам ишениминин негиздеринин бири болуп, бардык мусулмандар үчүн милдеттүү болгондуктан, айрым араб урууларынын сепаратисттик аракеттери ишенимден кайтуучулук (ридда) катары каралган. Андан тышкары, арабиянын ар кайсы аймактарында Мусайлима, Тулайха, аль-Асвад жана Саджах деген жалганчы пайгамбарлар пайда болгон эле.

Халифа Абу Бакр (р.а.) мамлекеттеги саясий кырдаалдын бардык кыйынчылыктарына карабастан, өзүнүн башкаруусунун башталышынан тартып эле дининен кайткандар менен күрөшүүдө эң чечкиндүү позицияны кармаган. Алтургай, ал майда макулдашуулардан да баш тарта алар менен согуш баштаган.

Чечкиндүү аракеттерден улам динден кайткандардын бардыгы кыйратылып, Халифалык каалаган сырткы агрессияны кайта кайтара алгыдай, кайрадан бирдиктүү жана күчтүү мамлекет болду.

Динден кайткандар менен болгон согуштардагы ийгилик мусулмандарга Ирак менен Сириядагы, мусулмандык мамлекеттин күчтөнүүсүн каалабаган жана дининен кайткандарды активдүү колдоп жүргөн персиялык жана византиялык аскерлерге каршы согуштук аракеттерди баштоого мүмкүндүк берген. Ушул мезгилден тарта алгачкы муслман жеңип алуулары башталат.

Мусульман армиясы Ирактан перстерди талкалайт. Абу Бакрдын (р.а.) башкаруусунун эң акырында Халифалыктын аскерлери сирияга алган багытында Ярмук дарыясына жеткенде, чоң жана бүт кийинки тарыхтын тагдырын чечүүчү салгылашуу - Византия империясынын чоң күчүнө каршы - болуп өтөт.

Ярмуктагы салгылашуунун кызуу маалында мусулман армиясы Абу Бакрдын (р.а.) өлүмү тууралуу кабар алышкан. Анын сөөгү Мухаммед пайгамбардын бейитинин жанына коюлган. Өлөөр алдында ал мамлекеттин башкаруу ордун Умар бин Хаттабга (р.а.) керээз кылып калтырып кеткен, анан ал ошентип экинчи адилеттүү халифа болот.

Абу Бакр (р.а.) халифа болуп, жашоосун абдан токтоолук образ менен коштоду, мамлекеттик казынадан да жарытпаган маяна жана Мадинанын жанынан жер участогун алган. Анын керээзи менен бул участогунун бешинчи бөлүгү мамлекетке курманчылык катары берилген, ал эми калган бөлүгү анын балдарына бөлүштүрүлгөн. Ошондой эле, Абу Бакр (р.а.) ашыкча мүлкүн жана калган акчалай каражаттарын мамлекеттик казынага өткөрүүнү керээз кылган.

Курандын бир китеп болуп жыйналышы да Абу Бакрга (р.а.) таандык эмгек. Ал Мухаммед пайгамбардын (с.а.в.) катчыларынын бири болгон Зейд бин Сабитке бул ишти орундоону тапшырган. Курандын чогултулган үлгүсү (экземпляры) пайгамбардын аялы Хафсага жөнөтүлгөн, анын колунда үчүнчү халифа Усмандын тушуна чейин сакталып турган жана халифа Усман Курандын биротоло редакцияланып бүтүшү үчүн жана үлгүлөрүн көбөйтүү үчүн, жанагы эле Зейд бин Сабит башында турган комиссия түзгөн.

Колдонулган булактар[оңдоо]

  • Али-заде А. Исламский энциклопедический словарь. —Ансар, 2007. —ISBN 5-98443-025-8

Шилтемелер[оңдоо]


Калып:Адамдардын улантуулары

Калып:Адилет халифалар Калып:Сахабалар Калып:Накшбанди