Перстер

Википедия дан

Перстер, фарсылар (өздөрүн ирани деп аташат) – Ирандын жергиликтүү калкы, индевропа үйбүлөсүндөгү иран тобундагы эл. Перстер негизинен Ирандын борбордук жана түштүк райондорунда (өлкөдөгү көп улуттуу калктын 61% ин түзөт), ошондой эле Ирак (150 миң), Афганстандын батышы, АКШ, Сауд Арабиясы, Кувейт, Азербайжан жана Түркмөнстанда да жашашат. Жалпы саны 28 750 миң киши, анын ичинде28 000 миңи Иран аймагында (2012). Фарсы тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери мусулман динин тутушат. Иран урууларынын азыркы Иран аймагына (айрым окумуштуулардын пикири боюнча О. Азиядан, экинчи топтун ойлору боюнча Закавказьеден) келиши болжол менен б. з. ч. 2-миң жылдыкка туура келет. Перстердин түзүлүшүнө араб, түрк жана моңгол урууларынын кошкон үлүшү да бар. 19-кылымдын ортосунда Перстер улут болуп түзүлгөн. 7-кылымда арабдар басып алган сон, ислам тарай баштаган. Перстердин көбү айылкыштакта жашап, дыйканчылык, багбанчылык, жашылча өстүрүү жана мал чарбачылык менен эмгектенишет. Килем согуу, өрмөкчүлүк ж. б. айрыкча өнүккөн. Шаарларда кол өнөрчүлөр, соодагерлер жана кызматчылар жашайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]