Википедия:Портал:Ислам

Википедия дан
Портал:Ислам‎»‎ барагынан багытталды)
Портал Билим Долбоор Талкуу

Ислам порталы
بوابة الإسلام

Ислам тууралуу 0 макала бар.
оңдоо
 Icône Киришүү
Ассаламу алейкум
Allâh
Allâh

Ислам (араб. الإسلامмоюн сунуу, (Аллахтын буйруктарына) багынуу) — дүйнө жүзүндөгү эң таасирлүү чоң диндердин бири. VII кылымда Арабиянын Хижаз аймагында пайда болгон жана бул диндин пайгамбары Мухаммед пайгамбар болуп саналат. Исламды тутунгандар «муслимун» деп, жекелик түрдө «муслим» деп аталат, ошондой эле «мусулман» делген варианты да бар.
Учурда алар 1.62 миллиард адамга жетет.

"Ислам" (араб. الإسلام‎) сөзү араб-семит тилиндеги "са-ла-ма" ("тынчтыкты жайылтуу") деген этиштик тамырдан келип чыгат. Исламда да Нух (Ной), Ибрахим пайгамбар (Авраам), Муса (Моисей), Дауд (Давид), Сулайман (Соломон), Иса (Иисус) ж.б. пайгамбарларга берилген аяндарга болгон ишенич бар, ал эми Мухаммед пайгамбар ﷺ алардын жолун уланткан акыркы пайгамбар катары каралат. Бирок мурунку пайгамбарларга түшкөн китептер жана барактар кийин өзгөрүүгө учураган деп эсептелинет.

Мусулмандардын ыйык китеби — бул Куран (араб.: القرآن‎ — окуу). Андан кийинки эле орунда Мухаммед пайгамбардын ﷺ аткарган иш-аракеттери жана айткан насаат сөздөрү тууралуу сахабалардан калган маалыматтар (Хадистер) турат.
Ислам беш түркүктөн турат: ыйман (келиме) келтирүү, намазды тургузуу, зекет берүү, орозо тутуу жана ажылыкка баруу.

толугураак...



оңдоо
 Icône Тандалган макала
Таравих

Таравих (араб. تراويح - тыным, эс алуу, дем алуу) - Рамазан айында боло турган орозонун ар бир күнүнөн кийинки түнкүсүн окулуучу намаз. Алгачкы 4 рекетти окулгандан соң, бир азга тыным алып, анан улантыш керек болгондуктан, «таравих» сөзү арабчадан «тарвиха» (отуруу, эс алуу) деген сөздөн келип чыгат. Мусулмандар үчүн таравих-намазды окуш муаккад сүннөт (зарыл сүннөт) болуп саналат.

Таравихти окуунун зарылчылыгы тууралуу Мухаммед пайгамбардан ﷺ калган хадистер бар. Көбүнчө, Бухари жыйнагында Мухаммед пайгамбардын ﷺ Рамазан айында мечитте түнкү намаз окуган окуясы келтирилет.


толугураак

оңдоо
 Icône Тандалган сүрөт
Хилал Рамазан
Хилал Рамазан
оңдоо
 Icône Тандалган инсан

Мухаммед пайгамбар (араб. محمد, туулган убагы: 22-апрель, 571-жылы (же 570-ж.), рабиүль-Аввал айынын 12синде, дүйшөмбү күнү, күндүн чыгышына аз калганда, Меккеде — өлгөн убагы: 632-ж., 8-июнь, Мадинада) — Ислам дининин пайгамбары. Ислам ишеними боюнча, Кудай Мухаммед пайгамбарга ﷺ ыйык китеп болгон Куранды түшүргөн. Андан тышкары саясий инсан, анын ﷺ башкаруусунун натыйжасында Араб жарым аралындагы күчтүү жана жетишээрлик чоң мамлекетке айланган умма мусулмандар жамаатынын негиздөөчүсү жана башчысы.

Мухаммед пайгамбардын ысмынын арабча жазылышы
Мухаммед пайгамбардын ысмынын арабча жазылышы

Пайгамбарлык 40 жашында келген. 63 жашында бул дүйнөдөн өткөн. "Мухаммед" деген ысым "Макталган", "Мактоого татыктуу" деген маанини билдирет. Исламда Мухаммед пайгамбар ﷺ Элчи, Расул, Мустафа, Махмуд, Башир (Элчи), Надир (Эскертүүчү), Мудаккир (Эске салуучу), Шахид, Да'и (Аллахга жакындатуучу) деген ысымдар менен да белгилүү. Куранда Мухаммед пайгамбар ﷺ кээде «Ахмад» деп да аталат (61:6 сүрөсү) (араб. أحمد). Кыргыздарда анын ысмы ﷺ Муккамбет, Мамбет, Мамат түрүндө өзгөрүп, адамдарга ысым катары коюлуп келген.

Мухаммед пайгамбардын аты аталган кезде жана жазылганда артынан ар дайым «Салла-Ллаху ъалайхи уа саллам» (араб. صلى الله عليه وسلم‎‎) — деп айтылат.

(толугураак)

оңдоо
  Тандалган хадис
"Тазалык бул – ыймандын жарымы (теңи).

Алхамду лилллах (Аллахка мактоолор болсун) таразаны толтурат.
Субхааналлах (Аллах ар кандай кемчиликтерден алыс, таза) жана Алхамду лиллах (Аллахка мактоолор болсун) мына ушулар көк менен жердин ортосун толтурат.
Намаз бул – Нур,
садака бул - далил,
сабырдуулук жаркыраган жарык,
а Куран болсо сенин пайдаңа же сенин зыяныңа – далил.

Ар ким ар күнү өз напсисин соодага салат анан аны куткарып алат же аны өлтүрөт."

— Муслим

оңдоо
  Тандалган аят
"Ааламдардын эгеси болгон Аллага мактоо!"

— Фатиха сүрөөсү, 2-аят

оңдоо
 Icône Кыргызстан жана Ислам

Кыргыз тилиндеги исламий сайттар

  • Муфтият.kgКЫРГЫЗСТАН МУСУЛМАНДАРЫНЫН ДИН БАШКАРМАЛЫГЫ. Жаңылыктар, дин илими, медиа, китепкана, ажылык, фатва ж.б.
  • Насаат Медиа — Илимий агартуу медиа порталы.
  • Ыйман.kg — "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун сайты. Жаңылыктар, долбоорлор жана конкурстар.
  • Адеп.kg — "Адеп башаты" коомдук прогрессивдүү фондунун сайты. Дин илими, баяндар, китепкана ж.б.
  • Исламжолу.kg. Диний маалыматтар, видео баяндар ж.б.
  • Исламдини.kg. Диний маалыматтар, китепкана ж.б.
  • Муслимбиз.kg. Соода кылуунун исламий принциптери, жарнама, диний маалыматтар ж.б.
  • Ислам-kg.com. Намаз убактылары, баяндар, нашиддер ж.б.
  • Бейишке.kg. Диний маалыматтар ж.б.

Кыргызстандын учурдагы атактуу аалымдары

оңдоо
 Icône Мусулман жылсанагы

2017-жыл

Хж. 1438-жылдын Раби ас-сани айы

Раби ас-сани айынын 1-күнү - - Жума - - Бештин айынын 30-күнү (Декабрь)
Раби ас-сани айынын 2-күнү - - Ишемби - - Бештин айынын 31-күнү (Декабрь)
Раби ас-сани айынын 3-күнү - - Жекшемби - - Үчтүн айынын 1-күнү (Январь)
Раби ас-сани айынын 4-күнү - - Дүйшөмбү - - Үчтүн айынын 2-күнү (Январь)
Раби ас-сани айынын 5-күнү - - Шейшемби - - Үчтүн айынын 3-күнү (Январь)
Раби ас-сани айынын 6-күнү - - Шаршемби - - Үчтүн айынын 4-күнү (Январь)
Раби ас-сани айынын 7-күнү - - Бейшемби - - Үчтүн айынын 5-күнү (Январь)
Раби ас-сани айынын 8-күнү - - Жума - - Үчтүн айынын 6-күнү (Январь)
Раби ас-сани айынын 9-күнү - - Ишемби - - Үчтүн айынын 7-күнү (Январь)
Раби ас-сани айынын 10-күнү - - Жекшемби - - Үчтүн айынын 8-күнү (Январь)
Раби ас-сани айынын 11-күнү - - Дүйшөмбү - - Үчтүн айынын 9-күнү (Январь)
Раби ас-сани айынын 12-күнү - - Шейшемби - - Үчтүн айынын 10-күнү (Январь)
Раби ас-сани айынын 13-күнү - - Шаршемби - - Үчтүн айынын 11-күнү (Январь)
Раби ас-сани айынын 14-күнү - - Бейшемби - - Үчтүн айынын 12-күнү (Январь)
Раби ас-сани айынын 15-күнү - - Жума - - Үчтүн айынын 13-күнү (Январь)
Раби ас-сани айынын 16-күнү - - Ишемби - - Үчтүн айынын 14-күнү (Январь)
Раби ас-сани айынын 17-күнү - - Жекшемби - - Үчтүн айынын 15-күнү (Январь)
Раби ас-сани айынын 18-күнү - - Дүйшөмбү - - Үчтүн айынын 16-күнү (Январь)
Раби ас-сани айынын 19-күнү - - Шейшемби - - Үчтүн айынын 17-күнү (Январь)
Раби ас-сани айынын 20-күнү - - Шаршемби - - Үчтүн айынын 18-күнү (Январь)
Раби ас-сани айынын 21-күнү - - Бейшемби - - Үчтүн айынын 19-күнү (Январь)
Раби ас-сани айынын 22-күнү - - Жума - - Үчтүн айынын 20-күнү (Январь)
Раби ас-сани айынын 23-күнү - - Ишемби - - Үчтүн айынын 21-күнү (Январь)
Раби ас-сани айынын 24-күнү - - Жекшемби - - Үчтүн айынын 22-күнү (Январь)
Раби ас-сани айынын 25-күнү - - Дүйшөмбү - - Үчтүн айынын 23-күнү (Январь)
Раби ас-сани айынын 26-күнү - - Шейшемби - - Үчтүн айынын 24-күнү (Январь)
Раби ас-сани айынын 27-күнү - - Шаршемби - - Үчтүн айынын 25-күнү (Январь)
Раби ас-сани айынын 28-күнү - - Бейшемби - - Үчтүн айынын 26-күнү (Январь)
Раби ас-сани айынын 29-күнү - - Жума - - Үчтүн айынын 27-күнү (Январь)
Раби ас-сани айынын 30-күнү - - Ишемби - - Үчтүн айынын 28-күнү (Январь)
оңдоо
 Icône Ислам жаңылыктары
Бразилиянын туусу
Бразилиянын туусу
оңдоо
 Icône Билесизби...
  • Австриядагы Венанын исламий борборунда студенттер 120 багытта окуй алышат.
  • Осмон падышасы тарабынан жасатылган эң эски Куран мусхафы Ташкенден табылды.
оңдоо
 Icône Категориялар
оңдоо
 Icône Галерея

Галерея

оңдоо
  Уикимедиа долбоорлору
Уикикабар
Жаңылыктар
Уикицитата
Цитаталар
Уикиказына
Сүрөттөр
Уикитексттер
Тексттер
Уикикитеп
Китептер
оңдоо
  Маанилеш порталдар