Агра

Википедия дан
Таж-Махал.

Агра - (Agra) (санскритче Арья Грах «арьялар шаары») Индиянын түндүгүндөгү шаар. Уттар-Прадеш штатында. Калкы 1,26 млн (2001). Жамна дарыясынын боюнда, Дели шаарынан 200 км түштүк чыгышта. Жолдор тоому.

15-16-кылымда негизделген. 1504-жылдан Дели султандыгынын резиденцияларынын бири болгон. 1526-ж. Бабур басып алып, Улуу Моголдор мамлекетинин (Дели менен кошо) борбору атаган. Агра — Улуу Могол архитектура стилинин башкы борбору. Архитектуралык эстеликтери: «Агра-форт («Кызыл форт», 16-к.), Бермет мечит, 17-к., Таж-Махал мавзолейи (Бүткүл Дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген). Зоология академиясы (1954-ж. негизделген), университет (1927-жылдан), булгаары-бут кийим, текстиль, тамак-аш, айнек, электртехникалык өнөржай ишканалары бар. 16-кылымдан килем токуу, ташты оймо-чиймелеп кооздоо, инкрустация, зергерчилик өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1