Архитектуралык эстеликтер

Википедия дан

Архитектуралык эстеликтер, Таш-РабаттыКыргызстанда орто кылымдардагы куру- эстеликтеринен сакталып калгандары анча көп эмес. Алар бизге келип жеткендерине Караганда бир кыйла көп болчу. Буга ар түрдүү шаарлардагы мунаралардын, мечиттердин, күмбөздөрдүн бар болгондугу жөнүндөгүү жазуу булактары (маалыматтар) да, ошондой эле бир кездерде эн сонун архитектуралык имараттардын калдыгын ачкан археологиялык табылгалар да далил болот. Бат-бат болгон согуштар, табигый кырсыктар, закымдай учкан мезгил кеп архитектура эстеликтеринин кыйрап калышына негизги себептерден болгон.

Ушуга чейин сакталып калган Бурана мунарасы, архитектуралык комплекс, Шах-Фазилъ мавзолейи жана Манас кумбозу сыяктуу курулуш эстеликтеринин ичинен Таш-Рабат кербен сарайына өзгөчө орун таандык. Кыргызстандын аймагында салынган бул курулуш Борбордук Азиянын орто кылымдарда өнүккөн борборлорунан алда канча алые жайгашкан. Таш-Рабат жөнүндөгү жазуу булактарындагы жана адабият- тагы маалыматтарга токтололу. Таш-Рабат жөнүндө биринчи жолу XVI к. экинчи жарымында Мухаммед Хайдар эскерет. Анын «Тарих-и Рашиди» деген кол жазмасында бул эстеликтин архитектуралык өзгөчөлүктөрү көрсөтүлгөн баяндама берилет. Ал Таш-Рабатгын архитектуралык курулушу менен дал келет. Мындан тышкары, Мухаммед Хайдар аны Кашмирдин ушул сыяктуу эстелик- терине салыштырат. Эстеликти ал 1408-1416-жж. Могулстанды башкарган Мухаммед хан курган деп эсептейт. Бирок Таш-Рабаттын орду так керсетулген эмес.

Казактын керунуктуу илимпозу Ч. Валиханов Кашкардан кербен менен келатып, 1859-ж. Таш-Рабатты керуп еткен. Анын эмгегинде эстелик женунде мындай жери бар: «Имарат чополуу сланец жалпак плита таштардан курулган, узундугу 12, туурасы 7 саржанча келет. Узун коридордон улай тегерек зал (радиусу 5 кез), усту айдеш тоголок болуп кетет. Коридордун капталдарында кичинекей жапыз эшиктери бар, ...алардан чарчы жана суйрел- жун чакан белмелерге етет. Бул имарат бир кезде сыртынан да, ичинен да шыбалса керек». Андан ары ал имараттын ичинин ар кайсы жеринде араб жазуусу сакталып калгандыгын, жергилик- туу калктын айтымына Караганда эстеликте 40-41 белме бар экендигин, бул имарат кыргыздар учун сыйынуу жана курмандык чалуу жайы болгондугун жазат.

Таш-Рабатты XIX к. экинчи жарымында орус окумуш- туулары Н. Северцов, Ф. Остен-Сакен, А. Фетисовдор керуп чыгып, тарыхый эстелик катары жогору баа беришкен.

Бул эстеликке 1894-ж. Ат-Башы өрөөнүндө болгон орустун көрүнүктүү чыгышты изилдөөчүсү В. В. Бартольд да көнүл бурган, бирок ал эстеликти өз көзү менен кере алган эмес. Ошондой болсо даты, анын 1897-ж. басылып чыккан «Отчет о поездке в Среднюю Азию с научной целью» деген эмгегинде эстеликтин эки суретун берген. В. В. Бартольд «Очерк истории Семиречья» деген эмгегинде Мухаммед Хайдарга таянып, бул курулуштун салынышын ислам дининин таратуучусу Мухаммед ханга таандык кылып жазат.

Бул тарыхый курулушту толук иликтее советтик доорго туура келет. Тенир-Тоонун башка байыркы эстеликтери менен катар 1937-ж. Б. М. Зиманын жетекчилиги астындагы экспеди¬ция Таш-Рабатты да изилдеп чыгат. Таш-Рабатты 1944-ж. А. Бернштамдын жетекчилиги астында «Тянь-Шанъ-Алай археологиялык экспедициясы» иликтейт. 1950-ж. анын «Архитектурные памятники Киргизстана» аттуу китеби жарыкка чыгып, анын бир главасы Таш-Рабатка арнал- ган. Ал эстеликти кербен сарай деп эсептее менен бирге имараттын архитектурасына кечмендердун кучтуу таасири тийгендигин айткан. «Таш Рабаттын жабуусун карап турганда, - деп жазган ал, - өзүнчө бир жасалгалуу чоң боз үйдү тегеректеген, кечмендердун таш болуп катып калган айылы сыяктанган элес кез алдындан кетпей калат».

Кыргыз ССР Маданият министрлигикин илимий-реставра- циялоочу ендуруштук мастерскойлору эстеликти калыбына кел- тируу максатында архитектуралык-археологиялык жактан аны кенири изилдееге киришет. Үч жыл (1978-1980-жж.) ичинде алынган материалдар эстеликтин жалпы мунездемесуне кеп жаны ойлорду кошту.

Кошой-Коргон.

Таш-Рабат Кошой-Коргон шаарынын (орто кылымдардагы Ат-Баш шаары) урандыларынын туштугунен 70 км жерден орун алган. Ал Таш-Рабат суусунун жээгинде (Кара-Коюн суусунун он куймасы) Ат-Башы кырка тоолорунун бир чон капчыгайында турат.

Курулушу дээрлик чарчы келип, узундугу 34,8 м, туурасы - 32,4 м. Эстеликтин төрт тарабы дуйне багытын каратып салынган. Мандайкы бети чыгышты карайт. Имарат тоо бетиндеги жасалма аянтка курулган. Фундаменти уюлма топурак катмарга кирип турат, терендиги 0,2-2 м. Бут бет мандайын, дарбаза-эшик туркуктврун кыдырата таш тектирче етвт, анын туурасы 0,65-0,85 м, бийиктиги 0,6-0,8 м. Чон коридорунун эки четинде, ортонку залынын терт дубалын кыдырата, ошондой эле башка имараттары менен коридорлорунун бир топ жеринде да таш тектирче бар. Чон коридору менен залынын астына жалпак таш тешелгвн, калган имараттары менен коридорлорунун асты жер. Бвлмелврунун планы жана елчему мурдагы авторлордун эмгектеринен белгилуу болгон маалыматтардан башкачараак. Бул жагынан 9-белме бетенчеленуп турат. Ал тегерек чатырлуу имарат, 20-белме чонураак, ага ортонку залдан 19-белмену аралап кирет. Эстеликтин планы менен елчемундегу ушундай туура келбестиктер анын башка белуктеруне да мунездуу. Залынын астынан, 23- жана 27-бвлмелердвн чопо толтурулган ороолор табылган. 27-белмедегу ороо суйрелжун, анын диаметри 0,9 м, терендиги 2,7 м. 23-белмедегу ороонун терендиги 4,2 м, диаметри 1,2 м, бирок али тубуне чейин тазаланып буте элек. Ушул эле имаратта елчему 0,95 х 0,83 келген чарчы тешиктуу жертеле бар. Залдын ортосунда (18-белме) терен ор бар. Ал ортосу тешик, чарчы жалпак таш менен жабылган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]