Эстелик

Википедия дан
Эстелик.

Эстелик – белгилүү бир окуя же адамдын урматы үчүн коюлган монумент скульптура. Э. – скульпторлуктун эң татаал жана сыйымдуу жанрларынын бири. Э. бир фигуралуу (мисалы, Москвадагы А. М. Опекушиндин «А. С. Пушкини») жана көп фигуралуу (мисалы, Новгороддогу М. О. Микешиндин долбоору боюнча курулган «Россиянын миң жылдыгы») болот; көп учурда ал портреттик бюст түрүндө (Н. Х. Андреевдин «Доктор Гаазы») же рельеф түрүндө (Ф. Г. Гордеевдин «Голицинага эстелиги») аткарылат. Портреттик мүнөздөгү эмес, мүрзөлөргө коюлуучу Э-тер да көп кездешет. Кээде Э. эреже катары бир нерсени чагылдырган же символ кылып көрсөткөн чоң скульптуралык-архитектуралык ансамблге байланыштуу, кеңири идеялык-көркөм мазмундагы чыгарма – монументке өсүп чыгат (мисалы, Е. В. Вучетичтин Берлиндеги «Советтик Армиянын жоокерлерине эстелиги»). Көркөм искусство эстелиги тарыхый, өткөн мезгилде түзүлгөн жана илим катары көркөм искусство тарыхы үчүн кызыктуу болгон көркөм чыгарма. Термин көркөм өнөр таанып билүү жана музейдик практикада кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]