Ат-Башы кырка тоосу

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Ат-Башы тоосу.

Ат-Башы кырка тоосуКыргызстандын түндүгүндөгү Ички Теңир-Тоонун түштүк бөлүгүндөгү кырка тоо.

Ат-Башы кырка тоосу түндук-чыгыштан (Кынды ашуусунан) түштүк-батышка (Түз ашууга чейин) 140 кмге созулуп жатат. Туурасы 30 кмге чейин жетет. Орточо бийиктиги 4280 м, эң бийик жери 4786 м (Жел-Тегирмен чокусу).

Кырка тоо түндүк-чыгыштан түштүк-батышка карай улам бийиктеп, Терек-Суунун тушунан кайра жапыздайт. Капталдарында суу өрөөндөрү, суу жеп кеткен кокту-колоттор, жыбыт-жылгалар көп. Кырка тилкелеринде чакан мөңгүлөр кездешет. Бул тилкеде мөңгүнүн аракетинен пайда болгон рельефтин формалары – тепши сымал өрөөндөр,төрлөр бар. Шоңшойгон шиш чокулары, тоо тектеринин сыныктарынын эшилмелери кеңири таралган.

Кырка тоонун негизин кембрийге чейинки жана кембрий, силур, девон, таш көмүр, пермь мезгилдеринде пайда болгон тоо тектер (гнейс, сланец, конгломерат, кумдук, акиташ теги, мрамор, туф, порфирит) түзөт. Тоо аралык ойдуңдар менен суу өрөөндөрүндө төртүнчүлүк мезгилде пайда болгон аллювий жана морена тектери топтолгон. Итрузия тоо тектеринен габброди абаз, диорит, гранитдиорит, гранит жана сиениттер бар. Аталышы анти - клинорийи – кырка тоонун тектон негизги структурасы.

Кен байлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Сымап (Таш-Рабат, Шырыкты, Акбейит), коргошун, никель, мрамор, курулуш материалдары жана башка. Неотектоникасы боюнча горст-мегантик-линаль.

Байыркы музкап тоонун издери Ача-Кайыңды, Четкелтебек, Богошту, Баш-Кайыңды, Таш-Рабат, Шырыкты сууларынын төрлөрүндө кездешет. Ат-Башы кырка тоосунда жалпы аянты 106,2 км2 келген 149 мөңгү бар. Анын 52,8 км2 түндүк капталында. Ирилери: Кош-Караташ, Мустабас, Ача-Кайыңды, Туюк-Богошту.

Ат-Башы өрөөнүнүн Ак-Сай жайлоосуна мал ашуучу ашуулар бар: Жолбогошту (3 907 м бий иктикте), Үйүрмө (380 1 м), Ташрабат (3968 м), Жеңичке (4063 м). Түштүк капталы негизинен субальп, альп, талаа (3600–3900 м), бийик субнивалдык, нивалдык (3900–4300 м), түндүк бети тоолуу талаа (2400–2700 м), тоолуу шалбаа (2700–3000 м), токой (карагай ж. б., 2900–3400 м), субальп, альп шалбаасы (3400–3800 м), субниваль жана ни - валь (3800–4300 м) ландшафтуу; батыш тарабында каксоо келип, тоолуу талаа, субальп, альп ландшафт алкактары мүнөздүү.

АТОЙНОК КЫРКА ТООСУ Батыш Теңир-Тоодо. Карасуу (оң), Каракулжа сууларынын (Узунакматтын оң куймасы) жана Нарындын төмөнкү куймаларынын (Итсай, Аксайбашы, Токтобексай, Тома терек ж. б.) ортосун да . Талас Ала-Тоосу менен Чаткал кырка тоосу тутумда шкан жерден тү ш.-чыгышка карай (Нарын д-на чейин) 70 кмге ийилип жатат; туурасы 16 км, орт. бийикт. 3300 м, эң бийик жери 3896 м. Тоонун суу бөлгүчү тик, аскалуу, орто оң кубийик бөлүүн дө байыр.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1