Мазмунга өтүү

Мечит

Википедия — ачык энциклопедия

Ислам

Islam

Ислам тарыхы

Ыйман

Келме Периштелер Ыйык китептер Пайгамбарлар Акырет Тагдыр

Ислам негиздери

Келме Намаз Орозо Ажылык Зекет

Китептери жана мыйзамдары

Куран Сүннөт Хадис
Сира
Шарият Мазхаб

Тарых жана ислам өкүлдөрү

Мухаммед пайгамбар
Адил халифтер
Сахабалар

Мусулман түшүнүктөрү

Азан Бата Даарат Парз Даават Талак Гусул Жин

Коомдогу орду

Ислам таануу Илим
Өнөр Мечит Жыл санак Майрамдар Аялзатынын орду Жыхад

Кошумча караңыз

Ислам порталы

Пайгамбардын мечити. Медина шаары.

Мечит (ар. مسجد – сыйынуу жайы) – мусулмандар чогулуп намаз окуй турган имарат. Алгачкы Мечитти Медина шаарында Мухаммед пайгамбар курдурган. Мечиттер ири шаарларда, кийин айыл-кыштактарда курула баштаган. 7–8-кылымдарда мусулман өлкөлөрүндө намаз окуй турган жерлери Меке тарапка багытталган Мечиттер салынган. 10-кылымда айваны бар Мечиттер кеңири таралган.

Жергиликтүү курулуш салтына ылайык Мечиттердин имараттарында айырмачылыктар бар, айрым мечиттер мектептин милдетин аткарып, анда балдар куран окууга үйрөнгөн. Кыргызстан эгемендүү болгондон баштап элдин ислам динине болгон ишеними артты. Азыркы убакта Кыргызстандын айыл-кыштактарында, шаарларында да Мечиттер курула баштады.

Колдонулган адабият

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж. Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.