Сахабалар

Wikipedia дан

Сахабалар (араб. الصحابة, жеке түрүндө صحابي‎ — дос, жолдош) - Аз. Мухаммед Пайгамбардын тирүү кезинде аны менен жүз көрүшүп, ал менен сүйлөшүп мусулман бойдон өлгөн жолдоштору, шакирттери.

Ислам динине байланыштуу макалалар

Ислам

Islam

Ислам тарыхы

Ыйман

КелмеПериштелерЫйык китептерПайгамбарларАкыретТагдыр

Ислам негиздери

КелмеНамазОрозоАжылыкЗекет

Китептери жана мыйзамдары

КуранСүннөтХадис
Сира
ШариятМазхаб

Тарых жана ислам өкүлдөрү

Мухаммед пайгамбар
(La bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png) •
Адил халифтер(رضي الله عنه.png)
Сахабалар(رضي الله عنه.png)


Мусулман түшүнүктөрү

АзанБатаДааратПарзДааватТалакГусулЖин

Коомдогу орду

Ислам таанууИлим
ӨнөрМечитЖыл санакМайрамдарАялзатынын ордуЖихад

Кошумча караңыз

Ислам порталыГлоссарий


Таватур жолу менен, таанымал жолу менен, өзүнүн айтуусу менен, хижрий 110 го чейин жашоосу менен, балагат жашындан өткөндөн кийин көрсө сахаба болуп эсептелет.

Сахабалардын бөлүнүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Ахли-Сүннөт аалымдары сахабаларды үчкө бөлгөн:
1. Мухажирлер - Мекке шаары алына электен мурда Меккеден же башка жерлерден өз мекендерин, жакын туугандарын таштап Мадина шаарына көчүп келгендер.
2. Ансарлар - пайгамбарыбызга (САВ) жана мухажирлерге ар тараптан жардам берген жана кең пейилдикте боло тургандыгына сөз берген Мадина шаарында же ушул шаарга жакын жерлерде жашаган мусулмандар.
3. Башка сахабалар - Мекке шаары алынган учурда, андан кийин Меккеде, же башка жерлерде мусулман болгондор.

Сахабалардын даражасы боюнча эң улуулары пайгамбардын (САВ) төрт халифасы. Андан кийин «бейиш менен сүйүнчүлөнгөн 10 сахаба»

Бейиш менен сүйүнчүлөнгөн 10 сахаба[оңдоо | булагын оңдоо]

Алла Таала сахабалардан ыраазы болгондугун, аларды сүйгөндүгүн Куранда айтып кеткен:
  • «Алла Таала алардан (сахабалардан) ыраазы, алар да (сахабалар) Алла Тааладан ыраазы».

(Баййина сүрөсү, 98/8-аят)

Эң кеч кайтыш болгон сахабалардын аймактарга карата тизмеси[оңдоо | булагын оңдоо]

  • 1. Меккеде: Абу Туфайл Амир б. Васила ал-Лайси (өл. 110/728)
  • 2. Мадинада: Махмуд ибнур-Раби (өл. 99/717)
  • 3. Басрада: Анас бин Малик (өл.91/707)
  • 4. Куфада: Абдуллах б. Аби Авфа (өл. 81/705)
  • 5. Шамда: Абдуллах б. Буср ал-Мазини (өл. 88/706)
  • 6. Мисирде: Абдуллах б. Харис б. Жазз аз-Зубайди (өл. 86/705)
  • 7. Палестинада: Абу Убай Абдуллах б. Умми Харам
  • 8. Дамаскта: Васила б. ал-Аска ал-Лайси (өл. 83-86/ 702-705)
  • 9. Алжирде: ал-Урс б. Амира ал-Кинди
  • 10. Африкада: Рувайфа б. Сабит ал-Ансари (өл. 56/676)
  • 11. Хоросанда: Бурайда б. Ал-Хусайб ал-Аслами (өл. 73/692)
  • 12. Самаркантта: ал-Фадл б. Ал-Аббас (өл. 63/683)
  • 13. Таифте: Абдуллах б. Аббас (өл. 68/687)

Сахаба равилердин саны[оңдоо | булагын оңдоо]

Аз. Пайгамбарды көргөн сахабалардын тизмеси 60.000- 114.000 арасында болгондугу айтылат. Сахабалардын өмүр таржымалын берген Ибн Абдилеберрдин "ал-Истиаб" эмгегинде 4225, Ибнул Асирдин "Усдул Габа" да 7703, Ибн Хажардын "ал-Исаба" да 12.295 киши сөз кылынган. Жогорууда саны берилген сахабалардын бардыгы риваят кылган эмес.
Хадис риваят кылган сахабалар 1000-1400 арасында болгон. Хаким болсо 4000 ге, Захаби болсо 2000 ге жеткизген.

Ал сахабалар:

  • -7 сахаба 1000 ашык риваят кылган.
  • -4 сахаба 500 ашык риваят кылган.
  • -27 сахаба 100 ашык риваят кылган.
  • -194 сахаба 10 ашык риваят кылган.
  • -800 сахаба 1-9 арасы риваят кылган.

Колдонулган булактар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • ez-Zehebî, Siyeru A’lâmi’n-Nubelâ, c. IV, s. 467, no: 177; ez-Zehebî, el-Kâşif, c. I, s. 527, no: 2548; İbn Hacer, Fethu’l-Bârî, c. XI, s.363; es-Suyûtî, İs’âfu’l-Mubatta’ bi Ricâli’l-Muvatta’, c. I, s. 15; Muhammed b. Abdulbâkî b. Yusuf ez-Zürkânî, Şerhu’z-Zürkânî Alâ Muvattai’l-İmâm Mâlik, I-IV, Dâru’l-Kütübi’l-İlmiyye, Beyrut 1411, c. I, s.414; el-Mubârekfûrî, Tuhfetü’l-Ahvezî, c. III, s. 98.
  • İbn Hacer, Tehzîbü’t-Tehzîb, c. V, s. 71.

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]