Талак

Википедия дан

Талак (арабча таляк – ажырашуу) – шарият боюнча эрди-катындын ажырашуусу; мусулмандарда нике бузулуунун бир түрү. Эгер күйөөсү аялына «талак» десе же ага маанилеш сөз (шарият боюнча ажырашуу үчүн талак мааниде сөздөрдү айтуу белгиленген: «Сен ажыраштың!», «Чылбырың өз мойнуңа илинди!» ж. б.) айтса, нике бузулду деп эсептелген. Ал эми күйөөсү менен аялынын ортосунда идда мезгилинде (мусулманча тазалануу айынын үч мезгилинде) жубайлык мамилелер болбосо, ажырашуу биротоло аяктайт. Мындан башка мусулмандар ичинде шарият боюнча ажырашуунун «зихар» жана «айман» деген да түрлөрү бар. Орто Азия элдеринде (анын ичинде кыргыздарда) нике бузууда «үч талак» (талакты үч жолу кайталоо) кеңири тараган. Учурда жубайлар мыйзам негизинде ажырашат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]