Орозо

Википедия дан
Ислам динине байланыштуу макалалар

Ислам

Islam

Ислам тарыхы

Ыйман

КелмеПериштелерЫйык китептерПайгамбарларАкыретТагдыр

Ислам негиздери

КелмеНамазОрозоАжылыкЗекет

Китептери жана мыйзамдары

КуранСүннөтХадис
Сира
ШариятМазхаб

Тарых жана ислам өкүлдөрү

Мухаммед пайгамбар () •
Адил халифтер ()
Сахабалар ()

Мусулман түшүнүктөрү

АзанБатаДааратПарзДааватТалакГусулЖин

Коомдогу орду

Ислам таанууИлим
ӨнөрМечитЖыл санакМайрамдарАялзатынын ордуЖыхад

Кошумча караңыз

Ислам порталыГлоссарий

Орозо, ас-саум (араб. الصوم) — Ислам дининин беш негизинин үчүнчүсү болуп саналат. Рамазан айында орозо кармоо —мусулмандардын парзы болуп эсептелинет. Рамазан орозосу хижраттын экинчи жылында парз кылынган. Рамазан айы мусулмандар үчүн эң ыйык жана куттуу айлардан эсептелинет. Ислам ушул айда туулган, Курани-Карим да так ушул айда түшө баштаган деп айтылат. Кадыр түн кечеси да ушул айдын ичинде камтылган. Рамазан айында мусулмандар орозо кармашат.

"Орозо" деген сөздүн сөздүк мааниси - "кандайдыр бир нерседен оолак болуу, бир нерседен тыйылуу". Орозонун шарияттагы мааниси - милдеттүү адамдардын атайын ниет менен таң аткандан баштап, күн батканга чейин орозону бузуучу нерселерден, тактап айтканда, жеп-ичүүдөн жана напси кумарларынан тыйылуусу. Демек, орозонун парзы - жеп-ичүү жана жыныстык байланыштан сактануу.

Орозонун убактысы Куранда мындайча көрсөтүлгөн: "Таң агарып, ак жип кара жиптен айырмаланган маалга чейин ичкиле, жегиле. Андан соң кечке чейин орозо кармагыла". (Бакара сүрөсү, 187-аят). Хадистерде көрсөтүлгөндөй, аяттагы ак-кара жип каймана мааниде таң агарып келе жаткан мезгилдеги күндүз менен түндүн чегин көрсөтөт. Рамазан айы кээ бир жылдарда 29, бир жылдарда болсо 30 күн болот. Рамазан айы 29 күн болсо да орозо так кармалган болот. Себеби парз кылынганы, айда толугу менен орозо кармоо болуп саналат.

Орозонун даражалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ислам аалымдары орозонун үч даражасы болгонун айтышат:

  • 1.Саарлыктан иптарлыкка чейин тамактануудан, жеп-ичүүдөн жана жыныстык каалоолордон сактануу менен кармалган орозо. Бул орозо шарттары так аткарылганы үчүн дурус эсептелинет. Бирок мунун чыныгы максатына жетишүү үчүн орозо кармаган адам экинчи даражага жетишүүсү керек болот.
  • 2.Биринчи даражада айтылып өтүлгөндөр менен бирге кулак, көз, тил, колу-бут жана башка органдарды күнөөдөн алыстатуу менен кармалган орозо. Бул орозо, органдарга таасирин тийгизген жана ээсин ахлактык улуулукка жеткирген орозо болуп саналат.
  • 3.Биринчи жана экинчи даражалар менен бирге, жүрөгүндө Алла Тааладан башкага жай бербеген, жүрөгүн Алладан башкача атабоо менен кармалган орозо болуп эсептелинет. Орозодо эң жетишкен даража мына бул болот. Ошол эле убакытта бул орозо, пайгамбарлардын жана Алланын олуя кулдарынын кармаган орозосу экендиги баарыбызга маалым.

Орозо кармаган адам, адал болгон нерселерди жеп-ичпейт, жыныстык каалоолордон узак убакка алыстоо менен эркине ээ болууну үйрөнөт. Бул өзүн-өзү башкаруучулук менен органдарды тарбия кылган мусулман адам, натыйжада жүрөгүн да жаман сезимдерден аруулантат. Материалдык жана дүйнө кызыкчылыктарынын узакташып, кулдуктун туу чокусуна жетишет, Алланын сүйкүмдүү кулдарына айланат. (Газали, Ихяу-Улумиддин, 2/19.)