Бернштам, Александр Натанович

Википедия дан
Бернштам Александр Натанович.

Бернштам Александр Натанович (01.10.1910, Керчь ш. - 10.12.1956, Ленинград ш.) – археолог, тарых илиминин доктору (1942), проф. (1946-52).

атактуу тарыхчы-археолог, белгилүү кыргызтаануучу, тарых илимдеринин доктору, профессор. Кыргызстан жана ага чектеш аймактарда археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Ленинград шаарынан атайын илимий изилдөө максатында келип, кыргыз тарыхына байланыштуу зор мааниси бар илимий иштерди жарата алган. Археологиялык иликтөөлөрдөн сырткары, байыркы кыргыздар жана алардын таралуу ареалы, кыргыздардын келип чыгышы, этностук курамы, эне- сай кыргыздары жана алардын теги, байыркы кыргыздардын Түштүк Сибирден бүгүнкү Кыргызстанга чейинки локалдашуусу ж.б. баалуу илимий пикирлерди, көз караштарды, тыянактарды айткан. Таанымал окумуштуунун кыргыздардын теги, маданияты ж.б. арналган илимий эмгектери, жоболору илимде өз актуалдуулугун жогото элек. Илимпоздун эмгектери кыргыз тилине которулган.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

А.Н.Бернштам 1910-жылы 1-октябрда Керчь шаарында дүйнөгө келген.

1933-ж. Ленинград мамлекеттик университетин бүтүргөн.

1942-жылы кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы боюнча доктоордук диссертациясын коргогон.

1942-45-жылдары Кыргызстандын борборунда жашаган, бирок ага чейин жана андан кийин деле Кыргызстанга жыл сайын үзбөй археологиялык экспедицияларга, илимий жыйындарга катышуу үчүн келип турган.

1952-54-жылдары саясий куугунтукка учураган.

Жети-Суу, Теңир-Тоо, Памир-Алай, Фергана аймагында археол. иштер жүргүзгөн.

1956-жылы 10-декабрда мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Сөөгү Ленинграддагы (азыркы Орусиядагы Санкт-Петербург шаары) Богословское көрүстөнүндө коюлган.

Илимий чыгармачылыгы жана уюштуруучулугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бернштамдын эмгектеринде Орто Азиядагы, айрыкча Борб. Теңир-Тоо, Памир-Алай, Талас, Чүй өрөөндөрүндөгү көчмөн элдердин жана уруулардын этногенези, коомдук түзүлүшү, чарбасы, о. эле маданияты менен искусствосунун тарыхы, эпиграфикасы жана нумизматикасы баяндалат. Кыргызстанга арналган негизги эмгектери: “Кыргызстандын архитектуралык эстеликтери” (1950), “Чүй өрөөнү”(1950), “Байыркы Фергана” (1951), “Борбордук Тянь-Шаньдын жана Памир-Алайдын тарыхы- археологиялык очерктери” (1952) , “ Талас өрөөнунун байыркы эстеликтери” (1941) ж.б.

А. Н. Бернштамдын эмгектери узак жылдар бою жарык көрбөй, кайра басылып чыкпай, китепканалардын китеп фондуларында сакталып келген эле.

«Кыргызстан-Сорос» фонду тарабынан А. Н. Бернштамдын тандалма эмгектеринин 2 томдон турган жыйнагы Бишкекте 1997—1998-ж. орус тилинде жарык көрүп, илимий-чыгармачылык коомчулук тарабынан терең ыраазычылык менен кабыл алынган. Ошол 2 томдуктун негизинде кыргыз тилинде 1 томдук китеп жарык көрдү.

А.Н.Бернштам 1943-жылы СССР ИАсынын Кыргыз бөлүмүн (филиалын) түптөөгө зор салым кошкон. Бул бөлүм кийинчерээк Кыргыз ССРинин Илимдер академиясы болуп кайра курулган, андан соң, пост-советтик доордо, - Кыргызстандын улуттук илимдер академиясы макамына жеткен.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар менен сыйланган.

Жарыяланган эмгектеринин чакан тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Руническая надпись в уйгурской рукописи // ЗИВ. Вып. 7. 1939. С. 303—305.
  2. Тюргешские монеты // ТОВЭ. Т. II. 1940. С. 105—112.
  3. Согдийская колонизация Семиречья // КСИИМК. Вып. 6, 1940, стр. 34—42.
  4. Памятники старины Таласской долины, Алма-Ата, 1941.
  5. Археологический очерк Северной Киргизии. Фрунзе, 1941.
  6. Социально-экономический строй орхоно-енисейских тюрок VI—VIII вв., М.—Л., 1946.
  7. Новые работы по тохарской проблеме // ВДИ. 1947. № 2. С. 134—138
  8. Араванские наскальные изображения и даваньская (ферганская) столица Эр-ши // Советская этнография. 1948. № 4. С. 155—161.
  9. Новые эпиграфические находки из Семиречья // ЭВ. Т. И, 1948. С. 107—113.
  10. Археологические работы в Южном Казахстане // КСИИМК. Вып. 26. 1949. С. 131—133.
  11. Основные этапы истории культуры Семиречья и Тянь-Шаня // Cоветская археология. Т. IX. 1949. С. 337—384.
  12. Древнейшие тюркские элементы в этногенезе Средней Азии // СЭ. Вып. VI—VII. 1947. С. 148—158.
  13. Труды Семиреченской археологической экспедиции. Чуйская долина // МИА. № 14. 1950.
  14. Древнетюркский документ из Согда // ЭВ, т. V, 1951, С. 65—75.
  15. Историко-археологические очерки Памиро-Алая и Центрального Тянь-Шаня // МИА, № 26. 1952
  16. Новый тип тюргешских монет // Тюркологический сборник. М.—Л., 1951. С. 68—72.
  17. Древнетюркское письмо на р. Лене // ЭВ, т. IV, 1951, стр. 76—86.
  18. Древнетюркские рунические надписи из Ферганы // ЭВ. Т. XI. 1956. С. 54—58.
  19. Древний Отрар // Изв. АН Каз. ССР. Серия «Археология». Вып. 3. 1991. С. 81—97.
  20. Маловицкая Л. Я. Воспоминания о работе с А. Н. Бернштамом в 1944—1945 гг // Изучение древнего и средневекового Кыргызстана. Бишкек, 1998. С. 64-68.
  21. Массон В. М. Александр Натанович Бернштам из плеяды первопроходцев среднеазиатской археологии: (К 90-летию со дня рождения) // АВ[. № 9. 2002. С. 278—281.
  22. Толстов С. П. А. Н. Бернштам // Советская этнография. 1957. № 1
  • Бернштам А.Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана / Составители К.Ташбаева, Л.Ведутова. - Бишкек: Айбек, 1997. - Том 1. 560 с. - 1998. - Т. 2. (Фонд "Сорос-Кыргызстан"). - ISBN 9967-12-000-2.

Ал тууралуу адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз тарыхы: энциклопедия. 2003-ж.
  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)
  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. — 672 с.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]