Памир-Алай
Appearance
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/7/78/Anzob_mountains.jpg/220px-Anzob_mountains.jpg)
Памир-Алай – Орто Азиянын түштүк чыгышындагы тоо өлкөсү, Фергана өрөөнүнөн түштүк тарапта. Ага Фергана өрөөнү менен Аму-Дарыянын ортосунда жайгашкан Алай, Түркстан, Заравшан, Ысар (Гиссар) кырка тоолору жана алардын уландылары, Памир жана Түштүк Тажикстан чуңкурдугу кирет. Батыштан чыгышты карай 900 кмте созулат; туурасы 400 кмге чейин. Илимге Памир-Алай деген түшүнүктү И. В. Мушкетов киргизген (1886).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9