Аму-Дарыя

Википедия дан
Аму-Дарыя
Аму-Дарыя (Өзбекстан)
Аму-Дарыя (Өзбекстан)
Мүнөздөмө
Узундугу 1 415 км
бассейндин аянты 309 000 км²
Суу агымы
Аягы Арал деңизи
Жайгашкан орду
Өлкө Калып:Өлкө желеги/Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан
Аму-Дарыя.

Аму-Дарыя – Орто Азиядагы дарыя; айрым бөлүгү Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан менен Афганстандын чегаралары аркылуу агат. Панж жана Вахш дарыясынын кошулушунан пайда болуп, Арал деңизине куярда дельтаны пайда кылат. Узундугу 1415 км (Панж дарыянын башталышынан 2540 км), алабынын аянты 309 миң км2 (Керки шаарына чейин). Алабы тоолуу, түздүктүү бөлүктөрдөн турат, түздүктөрдө Аму-Дарыя Каракум жана Кызыл-Кум чөлдөрү аркылуу агып, нугун өзгөртүп турат. Негизги куймалары: Сурхаб (сол), Кафирниган, Сурхандарыя (оң). Орт. чыгымы Керки ш. тушта 2000 м3/сек (эң чоң чыгымы 9060 м3/сек, эң азы 420 м3/сек). Жаз-жай айларында суусу кирет. Суусу өтө ылайлуу (3,3 кг/м3). Төмөнкү агымында тоңот (Нукус шаары тушта 4 айга чейин). Сугатка кеңири пайдаланылат, Аму-Дарыяда Төө-Моюн жана Тахиа-Таш гидротүйүндөрү курулган, андан Кара-Кум жана Аму-Бухара каналдары башталат. Төмөнкү агымында балык кармалат. Чаржоу шаарынан тартып такай кеме жүрөт. Боюнда Термез, Керки, Нукус шаары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:River-stub