Амур

Wikipedia дан

Амур (тунгус-манжур тилдеринде амар – дарыя чаты; монголчо X а р а – М у р э н – «кара дарыя»; кытайча X э й л у н ц з я н – «кара ажыдаар дарыясы») – Чыгыш Азиядагы дарыя. Шилка жана Аргунь дарыянын кошулушунан пайда болгон. Охот деңизинин Амур лиманына куят. Узундугу 2824 км (Аргундун башатынан 4440 км), алабынын аянты 1855 миң км2, анын көбү Россияда. Жогор жагы негизинен кууш, Зея дарыянын чатынан тартып кенен өрөөн аркылуу агат. Кичи Хинган тоолору аркылуу акканда өрөөнү кууштап, төмөнкү агымында кайтадан кеңейет; мында А. салааларга бөлүнүп агат. Негизги куймалары: Зея, Бурея, Амгунь (сол), Сунгари, Уссури (оң). Орточо чыгымы 10900 м3/сек, эң көп чыгымы Хабаровск ш. тушта 40 000 м3/сек. (жайында кирет), эң аз чыгымы 345 м3/сек. Суунун жазгы киришине кар суулары анча таасир кылбайт (кышкысын кар аз болгондуктан). Жазында ташкындайт. Амурдан 1 суткада 41 миң тонна агынды агып өтөт. Жогорку агымы ноябрдын башталышынан майдын башталышына чейин, төмөн жагы ноябрдын аягынан апрелдин аягына чейин тоңот. Балык (кета, горбуша, калуга жана башка ) кармалат, Амер – Ыраакы Чыгыштын маанилүү суу жолу (бардык жеринде кеме жүрөт). Боюнда Благовещенск, Хабаровск, Амурск, Комсомольск-на-Амуре, Николаевск-на-Амуре (Россия), Айхой (Хэйхэ; Кытай) шаары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]