Комсомольск-на-Амуре

Википедия дан
Комсомольск-на-Амуре.

Комсомольск-на-АмуреРоссия Федерациясындагы шаар (1932-жылдан). Хабаров крайынын түндүгүндө жайгашкан. Комсомольск районунун административдик борбору. Амур дарыясындагы порт. Калкы 272,3 миң (2008). Жол тоому. Темир жол бекети. Аэропорту бар.

1932-ж. Пермь кыштагынын ордуна комсомолдор курган. 1932–35 -жылдары Ыраакы Чыгыш, 1939-жылдан Хабаров крайларынын административдик борбору болгон. Ыраакы Чыгыштагы жана Забайкальедеги эң ири өнөр-жай борборлорунун бири. Кеме (1933; Ыраакы Чыгыштагы эң ири Амур кеме куруу заводу, дизель менен суу астында жүрүүчү кемелерди ремонттойт, модернизациялайт жана курат), машина куруу (мыкты авиация өндүрүш бирикмеси, Су-27, Су-33, Су-35, көп функциялуу Су-80 жана Бе-103 амфибия-самолётун чыгарат), кара металлургия («Амурметалл» бул аймактагы эң ири болот эритүүчү завод), нефть ажыратуу, «Элком» (ширетүүчү электроддор), жеңил, тамак-аш өнөр-жай ишканалары иштейт. Эки Жогорку окуу жайы театр, край таануу жана сүрөт музейи, А. Н. Островский атындагы китепкана (1934; 16 филиалы менен) бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]