Хабаров крайы

Википедия дан
Хабаров крайы.

Хабаров крайы - РФтеги субъект. Ыраакы Чыгыштын борбордук бөлүгүндө жайгашкан.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1938-ж. 20-октябрда уюшулган. Түндүгүнөн Магадан обл., Саха (Якутия) Респ. менен, батышынан Амур обл., түштүк-батышынан Еврей автономия обл. жана бир аз жери Кытай менен чектешет.Чыгышынан Охота жана Япон дениздери (Татар кысыгы) менен чулганат. Аянты 788,9 миң км2. Калкы 1,3 млн (2015); негизинен орустар (86,4%) басымдуу. Ошондой эле украиндер, беларустар, татарлар жана нанайлар жашайт. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 1,7 киши. Калкынын көпчүлүгү православныйлар. Протестанттар, католиктер жана иудейлер да бар. Калгандары салт болуп калган жергиликтүү динди да тутат. Адм. борбору - Хабаровск ш. Шаар калкы 80,6%. Ири шаарлары: Комсомольск-на-Амуре, Амурск, Совет Гаваны, Николаевск-на-Амуре. Курамында 17 район, 7 шаар, 24 шаарча бар. Ы. Чыгыш федерация округуна кирет. Мамлекеттик бийликтин органдар системасы 1995-ж. кабыл алынган Хабаров крайынын уставы аркылуу аныкталат.

География[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Хабаров.

Табигый шарты калктын жашоосу үчүн орточо жагымдуу, түштүгүндө жагымдуу. Крайдын экол. абалы негизинен өнөр жайлуу борборлорунда атмосферанын булганышынан курч, түндүгүндө канааттандырарлык. Климаты түндүктөн түштүктү карай өзгөрөт. Кышы узак жана катуу. Кар көп жаайт. Суук мезгили октябрдын аягынан апрелдин аягына чейин 6 ай созулат. Январдын орточо температурасы -22°Стан (түштүгүндө) -40°Ска (түндүгүндө) чейин. Абсолюттук минимуму -50°С. Жайы ысык жана нымдуу. Июлдун орточо температурасы түштүгүндө 20°С, түндүгүндө 15°С. Жылдык жаан-чачыны 600-800 мм. Крайдын аймагы жер, суу, токой ресурстарына бай. Жыгач, балык, териси баалуу айбанаттарды багуу жана түстүү жана баалуу металлдардын запасы боюнча Ы. Чыгышта жана РФте көрүнүктүү орунда. Алтын (Россияда казылып алынган кендин 9,5% и) жана калай (20%) кенин ири запастары бар. Таш жана күрөң көмүр, темир кенташы, нефть, газ (Охота деңизинин шельфинде), алунит, апатит, марганец, хромит, бериллий, цирконий жана фосфорит, курулуш материалдары, асыл таштар (агат, яшма, хальцедон) кездешет. Крайдын аймагынын 68% ин токой ээлейт. РФтеги ийне жалбырактуу карагайдын 85%тен ашык запасы крайга туура келет. Ы. Чыгыштагы дары өсүмдүктөрдөн - мээр чөп, элеутерококк, лимонник, аралия ж. б. кездешет. Ошондой эле бал карагай, жаңгактар, жапайы жемиштер, козу карындар жана папоротниктер өсөт. Жээк сууларында балык көп. Аймагынын 98% и аңчылык кылууга ылайыктуу. Ысык жана минералдуу булактар иштетилет. Край Россияда токой (Ы. Чыгыштагы жыгачтын запасынын 1/4и, Россияныкынын 6%тен ашыгы), нефть ажыратуу, балык белендөө жана кеме куруу өнөр жай боюнча алдыда. Региондук дүң продукциясы 81908,4 млн рубль. Андагы өнөр жайдын үлүшү (% менен) 44,1, айыл чарбаныкы 4,2. Негизги өнөр жай тармактары: Marnıma куруу (авиация, кеме), металл иштетүү («Амурметалл» - болот жана прокат, «Дальдизель», «Амуркабель»), электр-энергетика, токой, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, түстүү металлургия, тамак-аш (ликёр-арак жана балык тармагы өнүккөн) жана отун. Айыл чарбасында соя, дан эгиндери, картөшкө жана жашылча өстүрүлөт. Бодо мал жана чочко асыралат. Түндүгүндө бугу багылат. Автомобиль жолунун уз. (миң км менен) 6,2 (анын 97% и асфальтталган), т. ж-нуку 2,4, дарыя кеме жолунуку 2,9. Край аркылуу Транссибирь жана Байкал - Амур т. ж. магистралдары, «Амур» (Чита - Невер - Свободный - Аркара - Биробижан - Хабаровск), «Уссури» (Хабаровск - Уссурийск - Владивосток), «Восток» (Хабаровск - Находка) федерация автомобиль жол өтөт. Сахалин а. менен паром аркылуу (Ванино - Холмск) байланышат.

Негизги дарыя порттору: Хабаровск жана Комсомольск-на-Амуре; деңиз порттору: Ванино (Ы. Чыгыштагы эң ири), Советский Гавань, Николаевск-на-Амуре. Хабаровск шаарында эң ири авиа түйүндөрү жана аэропорт бар. РИАнын Ы. Чыгыштагы илимий борбору, 17 ЖОЖ (филиалдары менен; а. и. 15и мамлекеттик), жалпы билим берүүчү 534 башталгыч жана орто, 77 окуу жайы бар. Алты театр (а. и. музыка, куурчак), филармония, симфониялык оркестри, цирк, музейлер жана китепканалар иштейт. Суу экологиясы жана этнография (Амур боюндагы жергиликтүү калктарды (нанай, удэге, ульч, нивх, ороч) окуп үйрөнүү) туризми өнүгүүдө. Ачык асман алдында «Сикач-Алан петроглифлери» (неолит дооруна таандык) музейи уюштурулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4