Арал деңизи

Википедия дан
Арал деңизи (1989-2008).
1960–2014

Арал деңизи, Арал - Каракалпак Республикасы менен Казакстандын аймагында жайгашкан мала туздуу туюк көл-деңиз. Субтропик алкагынын чөл зонасында жайгашкан. Аянты 36,5 миң км2 (1991). Басымдуу тереңдиги 1015 м, эң терең жери 54,5 м. Түндүк жээги тик, батыш жээги жардуу, түштүк жана чыгыш жээктери түзөң. Барса-Келбес, Кайра жаралуу жана башка аралдары бар. Көлгө мурда Амударыя менен Сырдарыя куйган. Суунун бетиндеги температура жайында 26-30°С, кышында 0°С. Кышкысын деңиздин бардык жеринде муз кездешет. Туздуулугу 15,9%ошондой 20-кылымдын 60-жылдарынан баштап, көлгө куйган дарыялардын суусу сугатка кеңири пайдалангандыктан деңиз суусу кескин тартылып, туздуулугу артууда. Азыр Сырдарыя, айрым жылдары Амударыя көлгө куйбай калды. Натыйжада көлгө чектеш аймактарда чөлдөшүү процесси күчөп, социалдык-экономикалык структура өзгөрдү. Арал деңизинин аймагы - «экологиялык алаамат зонасы» деп жарыяланып, аны коргоо чаралары көрүлүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]