Кызыл-Кум чөлү

Википедия дан
Кызыл-Кум чөлү.

Кызыл-Кум чөлүОрто Азиядагы чөл, Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыянын аралыгында, Өзбекстан, Казакстан, бир аз бөлүгү Түркмөнстандын аймагында. Түндүк-батышынан Арал деңизи, түндүкчыгышынан Сыр-Дарыя, чыгышынан Теңир-Тоо жана Памир-Алайдын тармактары, түштүк-батышынан Аму-Дарыя менен чектешет. Аянты 300 миң км2. Деңиз деңгээли 300 м бийикте жаткан түздүктөрдөн (түштүк-чыгышында), айрым туюк ойдуңдардан жана бири-биринен обочолонуп жайгашкан, коктуколоттуу (бийиктиги 922 мге чейин) калдык тоолордон (Букан-Тоо, Тамды-Тоо, Кулжук-Тоо, Султануиздаг жана башка) турат. Кен байлыктары: алтын (Мурын-Тоо), газ (Газли). Түзөң бөлүктөрү чоподон жана кумдан турат, такыр жерлер көп. Аймагынын көп бөлүгүн кум массивдери (жалчалар) ээлейт.

Кызыл-Кум чөлү (Өзбекстан).

Климаты кескин континенттик. Январдын орточо температурасы - 9°Сден 0°Сге чейин, июлдуку 26-29°С. Жылдык жаан-чачыны 200мм. Агын суулары жок, бирок кыртыш сууларынын запасы мол. Топурагы бозомук-күрөң, кумдуу, шор жерлер да кездешет. Чөп өсүмдүктөрүнөн эфемер менен эфемероиддер басымдуу. Кум жалчаларында кум ыраңы, ак сөксөөл, кандым, черкез, таштуу дөңсөөлөрдө шыбак жана шыбакбадал өсүмдүктөрү өсөт. Жайытка пайдаланылат. Кызыл-Кумда Кара-Көл, Кызыл-Кум, Бадай-Тугай, Варданзи коруктары бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]