Кара-Кум чөлү
Кара-Кум чөлү, Түркмөн Кара-Куму – Борбордук Азиянын батышындагы кумдуу ири чөл. Негизинен Түркмөнстандын аймагында. Табигый чеги даана эмес; түндүк-батышынан жана түндүгүнөн Сары-Камыш ойдуңу, түндүк-чыгышынан Аму-Дарыянын өрөөнү, түштүгүнөн жана түштүк-чыгышынан Карабиль жана Бадхыз дөңсөөлөрү, түштүгүнөн Копетдагдын этегиндеги түздүктөр, батышынан Батыш Узбойдун кургак нугу, Кичи Балкан тоолору менен чектешет. Аянты 350 миң км2. Рельефинде Уңгуз Кара-Кум чөлү же Уңгуз платосу, Түзөң (Түштүк) же Борбордук жана Түштүк- Чыгыш Кара-Кум (деңиз деңгээлинен бийиктиги 450 мге чейин) чөлдөрү өзгөчөлөнүп турат. Түзөң жана Уңгуз Кара-Кум чөлдөрүнүн ортосунда Уңгуз оёңу жайгашкан. Түштүк-Чыгыш Кара-Кум чөлүндө Келиф Узбоюнун кургак нугу бар. Рельефинде кум жалдары басымдуу; жылаңач бархандар да бар. Унгуз Кара-Кум чөлүнүн айрыкча анын батыш бөлүгүнүн рельефине бийик (75 мге чейин) жана узун (20 кмге чейин) жалдар – кырлар мүнөздүү. Кумдуу, түштүгүндө кум дөбөлүү чөлдөргө өтөт; такыр жерлердин тегерегинде эшилме кумдуу бархандар да кездешет. Кара-Кум чөлү негизинен Аму-Дарыянын алгачкы кумдуу чөгүндүлөрүнөн, түштүгү Тежен жана Мургаб дарыясынын шиленди чөгүндүлөрүнөн түзүлгөн түздүк. Күкүрт (Дарваза), газ (Дарваза-Зеагли, Очок, Байрам-Али), мунай кендери бар.
Климаты кескин континенттик, кургакчыл. Январдын орточо температурасы түндүгүндө –5°C, түштүгүндө 3°С айрым жылдары–30°Сге чейин төмөндөйт; июлдуку 28–34°С. Абанын суткалык амплитудасы 50°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 60–150 мм. Дарыялары (анын ичинде Тежен менен Мургабда) кумга сиңип кетет. Кыртыш сууларына бай. Өсүмдүк өскөн кумдарында бозомук-күрөң топурак, оёң жерлеринде шор баскан жерлер жана такырлар бар. Жазында бархандардан башка жерлерин эфемер жана эфемероид өсүмдүктөрү каптап калат. Кум өлөң чөбү, бадалдардан алтыгана, ак жана кара сөксөөл, кум акациясы, чекенде, төө куйрук, бархандарда кандым, черкез жана башка өсөт. Чөл жайыт катары пайдаланылат. Калк көбүнчө оазистерде жана Аму-Дарыя, Тежен, Мургаб дарыясынын өрөөндөрүндө отурукташкан. Түштүк бөлүгүнөн Кара-Кум каналы өтөт. Табигый ландшафтын коргоо максатында Репетек, Бадхыз коруктары уюшулган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9