Копетдаг

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Копетдаг.

КопетдагИран жана Түркмөнстандын аймагындагы тоо тармагы. Түркмөн-Харасан тоолорунун түндүк бөлүгү. Иран тайпак тоосунун түндүк четинде. Узундугу 650 кмдей, туурасы 40 кмдей (түштүк-чыгышында) 200 кмге (түндүк-батышында) чейин. Эң бийик жери 3117 м (Ирандын аймагындагы Хезармесжед чокусу); Түркмөнстандын аймагында 2942 м (Ризе чокусу). Копетдаг Жер ортолук деңиздик геосинклиналь кырчоосунун орто бийик кырка тоолорунун тармагына кирет. Бири-бирине жарыш созулуп жаткан кырка тоолору, жалдары жана платолору узата жана туурасынан кеткен өрөөндөр менен бөлүнгөн. Негизинен чөкмө тектерден (акиташ, мергель, кумдук, конгломерат, чопо) түзүлгөн. Карст процесси өөрчүгөн (Бахарден үңкүрү). Сымап, мышьяк, бариттин кендери бар; минералдуу жылуу булактар көп. Катуу жер титирөөлөр болуп турат (мисалы, 1948жылкы Ашхабад жер титирөөсү). Жер ортолук деңиздик типтеги субтропиктик жана кургакчыл климат өкүм сүрөт. Дарыялары агымынын көп бөлүгүндө соолуп калат. Этегиндеги түздүктөрдү жана тоо этектерин шыбак-эфемерлүү чөл, капталдарынын 500 м бийиктеги бөлүгүн кыйгак чөп-жылгындуу жарым чөл ээлейт. 1500 м бийикке чейин дан өсүмдүктүү субтропик талаасы, андан өйдө ак кылкан-бетегелүү талаа, арча жана мисте өскөн сейрек токой мүнөздүү. Копетдаг, Сюит-Хасардаг коруктары (Түркмөнстан), Тандурек улуттук паркы (Иран) бар.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]