Иран тайпак тоосу

Википедия дан
Иран тайпак тоосу.

Иран тайпак тоосуИран (басымдуу бөлүгү), Ооганстан жана Пакистандын аймагында; четжакалары Ирак менен Түркмөнстандын түштүгүндө. Батышынан Месопотамия ойдуңу, чыгышынан Инд өрөөнү менен чектешет. Узундугу 2500 кмдей, аянты 2,7 млн км2. Альп-Гималай геосинклиналь облусунда альп жана андан илгерки тоо пайда болуу мезгилдеринде калыптанган. Иран тайпак тоосунун кеңири аймакты ээлеген ички бөксө тоолору (бийиктиги 500дөн 2000 мге чейин) түндүгүнөн Эльбурс (бийиктиги 5604 мге чейин, Демавенд жанар тоосу), Түркмөн-Хорасан тоолору, Паропамиз, Гиндукуштун батыш тармактары, түштүгүнөн Загрос, Мекран, Сулайман тоолору менен чектешет. Ички бөксө тоолорун Деште-Кевир, Деште-Лут, Дашти-Марго жана башкалар чөлдөрдү өзүнө камтыган туюк ойдуңдар ээлейт; аларда кум жана шор баскан жерлери, соолуп калуучу көлдөрү арбын кездешет. Чөлдүү ойдуңдарды дөңсөөлөр жана тоолор (Кухруд, Чыгыш Иран жана башкалар) бөлүп турат. Климаты субтропиктик, кургак, жылдык жаан-чачыны ички бөксө тоолордо 100 ммдей, тоолордо 500 ммге чейин. Эльбурс жана Сулайман тоолорунун сырткы капталдарында арбын жаайт (1000-2000 ммге чейин). Дарыялары (Гильменд, Сефидруд, Герируд жана башкалар) сууга өксү, негизинен сугатка пайдаланылат. Жарым чөл жана чөл, айрым жерлерге талаа ландшафты мүнөздүү. Сулайман тоосунун чыгыш капталын саванна, сейрек токой жана жалбырагы күбүлмө токой, Эльбурстун түндүк капталдарын нымдуу жазы жалбырактуу субтропик токою ээлейт. Оазисте дыйканчылык, көчмөн чарбачылык өнүккөн. Нефтиге бай, таш көмүр, темир, жез, графит, күкүрт жана башкалар кендер да бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]