Гиндукуш

Википедия дан
Гиндукуш.

Гиндукуш - (иранча Хинду Индия жана кух тоо) – Азиядагы тоо системасы. Негизинен Ооганстан менен Пакистандын аймагында. Узундугу 800 кмдей, туурасы 350 кмге чейин. Эң бийик жери 7690 м (Тиричмир чокусу), борбордук жана чыгыш бөлүктөрү башка жерлеринен 4000 мге бийик. Тоолор альп бүктөлүшүнөн пайда болуп, метаморфизмделген байыркы тоо тектерден (сланец, гранит, акиташ ж. б.), ошондой эле мезозой-кайнозойдун чөкмө катмарларынан турат. Тегерек чокулуу орто бийиктеги кырка тоолор чыгышта бийик бөксө тоолорго жана альп тибиндеги рельефтүү, мөңгүлүү (аянты 6,2 миң км2) айрым массивдерге өтөт. Негизги кырка тоолору Баба, Пагман. Гиндкуштун батыш уландысы Паропамиз тоолору. Климаты континенттик, кургак; жылдык жаан-чачыны 300–800 мм (түштүк-чыгышында 1000 ммге чейин). Тикендүү бадал өскөн тоолуу жарым чөл жана кургак талаа, түштүк-чыгыш капталдарында жалбырагы күбүлмө, жазы жана ийне жалбырактуу токой, бийик бөксө тоолордо муздак чөл ландшафттары мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]