Памир

Википедия дан
Памир (Тажикстан).
Памир.

Памир (байыркы памир тилдеринде «па-имихр» – күндүн этеги) – Орто Азиянын түштүгүндөгү бийик тоо системасы. Негизинен Тажикстандагы Тоолуу Бадакшан автономия облусунун аймагында, чыгыш жана түштүк бөлүктөрү Кытай менен Афганстанда, түндүгү Кыргызстанда. Памир Борбордук Азиянын ири тоо системаларынын (Гиндукуш, Кара-Корум, Кунлунь жана Теңир-Тоо) арасынан орун алып, түндүгүнөн Чоң Алай, чыгышынан Сарыкол кырка тоолору, түштүгүнөн Зор-Көл көлү, Памир дарыясы, Панж дарыясынын жогорку агымы, батышынан Панж өрөөнүнүн меридиан багытында жаткан бөлүгү, түндүк-батышынан Пётр Биринчи жана Дарваз кырка тоолорунун бир бөлүгү менен чектелет. Узундугу 275 кмдей, туурасы 250 кмге жакын. Эң бийик жери – Конур чокусу (бийиктиги 7719 м Кытайда).

Памирге кеңдик (өзгөчө батышында) жана меридиан багытындагы тоолор мүнөздүү. Түндүгүндө кеңдик багытта Чоң Алай кырка тоосу (эн бийик жери 7134 м; Ленин атн. чоку), борбордук бөлүгүндө Музкол (6233 м), Түндүк жана Түштүк Аличур, түштүк четте Вахан кырка тоолору жайгашкан. Батыш бөлүгүндө Пётр Биринчи (Москва чокусу, 6785 м), Дарваз (Арнавад чокусу, 6083 м), Ванч, Язгулем (Революция чокусу, 6974 м), Рушан, Шугнан жана түштүк-батыш четинде Шахдара (Карл Маркс чокусу, 6726 м) кырка тоолору бири-бирине жарыш жатат. Памирдеги меридиан багытында созулган тоолордун эң чоңу – Илимдер Академиясы кырка тоосу. Мында Памирдин батышындагы бийик чокулар – Исмаил Самани (1999-жылга чейин Коммунизм чокусу; бийиктиги 7495 м) жана Е. Корженевская (7105 м) жайгашкан. Андан чыгышта Зулумарт, Тажикстан менен Кытайдын чек арасы боюнча Сарыкол кырка тоосу (6361 м) созулуп жатат. Памир рельефинин тиби боюнча Чыгыш жана Батыш Памирге бөлүнөт, Чыгыш Памирде айрым жерлеринде тайпак жондуу байыркы орто бийик тоо рельефи басымдуу. Абс. бийиктиги 4000-6000 м, салыштырмалуу бийиктиги 1000-1500 мге чейин. Жазы, тайпак тоо массивдеринен, таманы тегиз, борпоң шиленди жана морена тектерге толгон өрөөндөрдөн жана туюк чуңкурдуктардан (дениз деңгээлинен 3700-4200 м бийиктикте) турат. Айрым тоолорунун (Музкол ж. б.) бийик кыр бөлүгүнө альп рельефи мүнөздүү. Батыш Памир кокту-колоттуу, капчыгайлуу, анда бийик тоо рельефи басымдуу. Кар-мөңгүлүү альп тибиндеги кууш кырка тоолору терең тар капчыгайлар жана суусу мол, шар аккан дарыя өрөөндөрү менен тилмеленген. Тоолорунун салыштырма бийиктиги 2000-3500 мге чейин. Жылаңач аскалар жана корум таштар көп. Мөңгүнүн аракетинен пайда болгон рельефтин формалары кеңири тараган. Памир Жер Ортолук деңиз геосинклиналь кырчоосундагы кайнозой бүктөлүү облусунун эпигеосинклиналь, бир аз бөлүгү эпиплатформа тибиндеги тоолорго кирет. Ал кайнозойдогу кыймылдардын натыйжасында бийик тоо аймагына айланган. Азыркы структурасы жана рельефи миоценден тартып түзүлө баштаган. Мында тектон. кыймылдар азыр да байкалып, 8-9 баллга жеткен жер титирөөлөр болуп турат. Антиклинорийлердин огунда байыркы тектер (интрузиялар жиреп чыккан гнейс жана герцин структурасындагы палеозойлук чөкмө катмарлар) чыгып жатат. Төмөн ийилген зоналары мезозойдун (кээде палеозой менен кайнозойдун) чөкмө катмарларынан турат. Кен байлыктары: тоо хрусталы, сейрек металлдар, сымап, бор, флюорит, лазурит, боксит ж. б.

Памирдин климаты катаал, кескин континенттик (айрыкча Чыгыш Памирде). Ал субтропик алкагында жатат, бирок кышында мелүүн алкактын, жайында тропиктин аба массалары басымдуу. Чыгыш Памирде январдын орточо температурасы 3600 м бийиктикте -18°С, абсолюттук минимум -50°С. Жайы кыска жана суук, жайкы температура 20°Сден ашпайт. Июлдун орточо температурасы 14°С. Мургаб, Ак-Суу өрөөндөрүндө, туюк чункурдуктарда (Кара-Көл ж. б. жерлерде) көп жылдык тоң тектер кезигет. Батыш Памирдин өрөөндөрүндө 2100 м бийиктикте январдын орточо температурасы -7°С, июлдуку 22°С. Жылдык жаан-чачыны Батыш Памирде 92- 260 мм, Чыгыш Памирде 60–120 мм. Бийик тоолорунда жана тоо капталдарында жаан-чачын мол (Федченко мөңгүсүнө 1100 мм) жаайт.

Памирде жалпы аянты 7500 км2те жеткен 3000ге жакын мөңгү бар. Кар чеги түндүк-батышында 4000-4400 м, борбордук жана чыгыш бөлүктөрүндө 5000-5200 м бийиктикте. Негизинен альп жана түркстан тибиндеги өрөөн мөңгүлөрү басымдуу, эң ириси – Федченко мөңгусу (узундугу 77 км, аянты 900 км2ден ашык, Илимдер Академиясы кырка тоосунда). Памирдин түндүк-батышындагы ири мөңгүлөр: Грумм-Гржимайло (узундугу 36,7 км), Гармо (27,5 км), Сугран (24 км), Географиялык коом (21,5 км), Фортамбек (20 кж) ж. б. Чон Алай кырка тоосундагы эң ири мөңгү – Чоң Суук- Дара (25 км). Чыгыш Памирде каптал жана төр мөңгүлөрү басымдуу.

Дарыяларынын көбү Аму-Дарыянын алабына кирет. Башкы дарыясы – Панж. Анын куймалары: Гунт (Шахдара менен кошо), Бартанг (жогорку агымында Ак-Суу, орто ченинде Мургаб аталат), Язгулем, Ванч. Памирдин түндүк-батышынан Вахштын алабындагы Обихингоу жана Муксуу дарыясы башталат. Айрым суулары Памирдин ички (Кара-Жылга, Музкол ж. б.) жана Таримдин (Маркан-Суу) алаптарына тиешелүү. Дарыялары мөңгү-кар сууларынан куралат. Ири көлдөрү: Кара-Көл, Раң-Көл, Шор-Көл, Сарез, Зор-Көл, Жашыл-Көл ж. б.

Ландшафты негизинен бийиктик алкактуулукка жана каптал экспозицияларына жараша өзгөрөт. Өсүмдүктөрү өтө суйдаң; ландшафтында жылаңач аскалар жана шагыл, кой таштуу кумдак чополор менен капталган жерлер басымдуу. Ошондой болсо да өсүмдүктүн 1142 түрү кезигет. Чыгыш Памирге бийик тоолуу суук чөл жана таштак бийик тоо ландшафттары мүнөздүү. Дарактар жокко эсе. Өсүмдүктөрү катуу суукка чыдамдуу. Өрөөндөрүндө жана тоонун кургак капталдарында терскен, төө таман, кекек, астрагал, шыбак, танацетум, пияз жана чекилдекжылгындуу талаа өсүмдүктөрү өсөт. Нымдуу чуңкурдуктардын тамандарында ыраңдуу жана шалбалуу саздар кеңири тараган. Батыш Памир чыгышына караганда өсүмдүктөргө бай; өрөөндөрүнүн этектеринде шыбак-сөксөөлдүү чөл өсүмдүктөрү басымдуу. Андан жогору төө таман, тикендүү астра (2600-3200 м) жана ак кылкандуу талаа (3200-3800 м), доңуз сырттуу альп шалбаасы (3800-4300 м), сейрек субниваль өсүмдүктөрү (4500 .иден жогору) менен алмашат. Батыш Памирдеги дарыялардын жээктеринде тал, чычырканак, терек, кайын, ит мурун өсөт. Сугат жерлеринде (тоо этектериндеги шилендилерде, тектирчелерде) жүзүм, шабдалы, алма, алмурут, грек жаңгагы, тыт өстүрүлөт. Жаныбарларынан кенири тарагандары: аркар, кызыл суур, аюу, илбирс, тоо эчки, карышкыр, түлкү, улар, кекилик, чил ж. б. Калкы өрөөндөрүндө отурукташкан. Чыгыш бөлүгүн памирлик кыргыздар мекендейт. Жайыт. Батыш Памирде эл аралык альпинизм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]