Кара-Корум тоолору

Википедия дан
Кара-Корум тоолору.

Кара-Корум тоолору – дүйнөдөгү эң ири жана бийик тоо тармактарынын бири. Борбордук Азияда, Индия (Жамму жана Кашмир штаттары) менен Кытайда. Памирдин түштүк-чыгышында, Куньлунь менен Гималайдын аралыгында жайгашкан. Узундугу 500 кмдей (чыгыш уландысы – Чангченмо жана Пангонг кырка тоолорун кошкондо 800 кмдей), жазылыгы 150–240 км. Кара-Корум тоолорунун Борбордук бөлүгү – монолиттүү грабен, андан тоо тармактары (Салторо, Сасир жана башка кырка тоолор) башталат. Деңиз деңгээлинен Орточо бийиктиги 6000 мдей, эң бийик жери 8611 м (Чогори чокусу), дүйнөдөгү Жомолунгмадан кийинки 2-бийик чоку); 8000 мден бийик көтөрүлгөн дагы 4 чокусу бар. Кыры аскалуу, капталдары тик, корум таш-шагылдуу, туурасынан кеткен терең (1500–2000 м) капчыгайлар менен тилмеленген. Түштүк капталы жазы, түндүгү тик. Ашуулары негизинен 4600–5800 м бийиктикте (мисалы, Кара-Корум ашуусу 5575 м бийиктикте). Тектоникалык жактан альп бүктөлүүсүнөн пайда болгон ири антиклинорий. Климаты кескин континенттик, катаал. Түштүк капталына Инди океанынын муссонунун таасири болгондуктан, жаан-чачын арбын жаайт (500–2000 мм), Түндүк капталдарына 100–500 мм түшөт. Кара-Корум тоолорунда жалпы аянты 15,4 миң км2 болгон 2300 мөңгү бар; дендрит тибиндеги ири мөңгүлөрү – Сиачен (узундугу 75 км), Биафо, Балторо, Хиспар, Римо. Кара-Корум тоолору Инд жана Тарим дарыясынын алаптарын бөлүп турат. Кара-Корум тоолорунан башталган ири дарыяларга – Шайок (Инд дарыясынын алабы), Кара-Каш, Жаркенд (Таримдин алабы) кирет. Түндүк капталдарында тоо чөлү жана талаа, түштүгүндө (инди муссонунун таасиринен) 3000–3500 м бийикке чейин кызыл карагай, гималай кедринен турган токой, өрөөндөрүндө тал, терек, андан жогору талаа өсүмдүктөрү, айрым жерлеринде шалбаа өсөт. 4000 м бийиктикке чейин арпа, жүгөрү, тоо этектеринде жүзүм, өрүк, бакча өсүмдүктөрү, 3700 мге чейин жемиш бактары (алма, алмурут) өстүрүлөт. Кара-Корумдагы табияты корголгон эң ири аймагы – Ташикуергань коругу (Кытай).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]