Жамна

Википедия дан
Жамна.
Жамна (Агра).

Жамна - Ямуна (санскритче йамуна – эгиз) – Индиядагы дарыя, Гангдын эң узун (оң) куймасы. Узундугу 1384 км, алабынын аянты 351 миң км2. Гималайдын Заскар кырка тоосундагы мөңгүлөрдөн башталып, негизинен Ганг өрөөнү аркылуу агат. Орточо чыгымы 2,5 миң м3/сек. Эң ири куймасы – Чамбал. Дели шаарынан төмөн кеме жүрөт. Сугатка кеңири пайдаланылат. Боюнан Дели, Агра, Аллахабад шаары орун алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1